https://sputnik.kg/20260827/afganstandan-amerikalyk-askerlerdin-chygarylyshy-1103230354.html
Тарыхтагы кара так. Рубио Афганстандан АКШ аскерлеринин чыгарылышы тууралуу
Тарыхтагы кара так. Рубио Афганстандан АКШ аскерлеринин чыгарылышы тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жо Байден администрациясынын 2021-жылы Афганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу чечими — АКШнын тарыхындагы кара так. Мындай... 27.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-27T12:06+0600
2026-08-27T12:06+0600
2026-08-27T12:06+0600
дүйнөдө
акш
афганстан
согуш
"талибан" кыймылы
марко рубио
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_f3a685c9b0133a35b89faaf765420f9e.jpg
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жо Байден администрациясынын 2021-жылы Афганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу чечими — АКШнын тарыхындагы кара так. Мындай билдирүүнү мамлекеттик катчы Марко Рубио жасаганын РИА Новости жазды. Саясатчы америкалык аскерлер чыгарылып жатканда Кабулдун аэропортунда болгон терактынын беш жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн. Рубио болгон окуяны "жүрөк үшүн алган чабуул" деп атап, жан кечтинин жардыруусу 13 америкалык аскер менен 180ден ашуун афгандык жарандын өмүрүн алганын эске салды. Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда талибдер Афганстандын өкмөттүк аскер күчүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган да, кийинки күнү согуш соңуна чыкканын жар салышкан. Ошол кездеги президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетип, 20 жылдык тирешүүгө чекит коюлган. Пентагон 2025-жылдын майында америкалык жоокерлердин чыгып кетиши боюнча жаңы иликтөө баштаган. Шаршемби күнү ведомствонун расмий өкүлү Шон Парнелл ишке байланыштуу жашыруун документтер табылганын кабарлап, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.
https://sputnik.kg/20260107/kyzyl-chyrym-koomu-afganstanga-gumanitardyk-zhardam-1099036892.html
акш
афганстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/10/1096541090_114:0:2845:2048_1920x0_80_0_0_0ded01780ef58cc5ddede202865b3eea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, афганстан, согуш, "талибан" кыймылы, марко рубио
дүйнөдө, акш, афганстан, согуш, "талибан" кыймылы, марко рубио
БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Жо Байден администрациясынын 2021-жылы Афганстандан америкалык аскерлерди чыгаруу чечими — АКШнын тарыхындагы кара так. Мындай билдирүүнү мамлекеттик катчы Марко Рубио жасаганын
РИА Новости жазды.
Саясатчы америкалык аскерлер чыгарылып жатканда Кабулдун аэропортунда болгон терактынын беш жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн.
Рубио болгон окуяны "жүрөк үшүн алган чабуул" деп атап, жан кечтинин жардыруусу 13 америкалык аскер менен 180ден ашуун афгандык жарандын өмүрүн алганын эске салды.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын августунда талибдер Афганстандын өкмөттүк аскер күчүнө чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип барган да, кийинки күнү согуш соңуна чыкканын жар салышкан. Ошол кездеги президент Ашраф Гани өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабул аэропортунан чыгып кетип, 20 жылдык тирешүүгө чекит коюлган.
Пентагон 2025-жылдын майында америкалык жоокерлердин чыгып кетиши боюнча жаңы иликтөө баштаган. Шаршемби күнү ведомствонун расмий өкүлү Шон Парнелл ишке байланыштуу жашыруун документтер табылганын кабарлап, бирок чоо-жайын ачыктаган эмес.