https://sputnik.kg/20260826/ukraina-batysh-zhardam-miroshnik--1103199651.html
Мирошник Батыштын жардамы жок Украина канча убакыт кармана аларын билдирди
Мирошник Батыштын жардамы жок Украина канча убакыт кармана аларын билдирди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Батыш каржы жана курал-жарак жагынан жардам бербей койсо, Украина бул жаңжалда эң көп дегенде төрт ай гана туруштук бере алат... 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T10:12+0600
2026-08-26T10:12+0600
2026-08-26T10:12+0600
дүйнөдө
украина
батыш
аскердик жардам
курал
https://sputnik.kg/img/07ea/02/05/1099539570_0:159:3077:1890_1920x0_80_0_0_795f355083e41514a2e3ec8fd526000a.jpg
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Батыш каржы жана курал-жарак жагынан жардам бербей койсо, Украина бул жаңжалда эң көп дегенде төрт ай гана туруштук бере алат. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге айтты. "Өзүндө болгон куралы, акчасы жана күчү менен Украина ашып кетсе 3–4 ай гана туруштук бере алат. Эгер Европа колдоо көрсөтүүнү токтотуп, жардамын биротоло үзсө, согуш бат эле басылат", — деди Мирошник. Москванын айтымында, Киевге курал ташуу согушту токтотууга жолтоо болуп, НАТО өлкөлөрүн чырдын ичине түз сүйрөйт жана бул "от менен ойногонго" барабар. Кремль Украинаны Батыштын куралына көөмп салуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч жардам бербей турганын, анын кесепети оор болорун далай жолу эскерткен.
https://sputnik.kg/20260825/kiyev-adam-ukuk-zhalgan-aytuuda-1103196430.html
украина
батыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/05/1099539570_174:0:2905:2048_1920x0_80_0_0_c5c6d93345041bf2cfef9d6264571234.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, батыш, аскердик жардам, курал
дүйнөдө, украина, батыш, аскердик жардам, курал
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Батыш каржы жана курал-жарак жагынан жардам бербей койсо, Украина бул жаңжалда эң көп дегенде төрт ай гана туруштук бере алат. Мындай пикирин Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошник РИА Новостиге айтты.
"Өзүндө болгон куралы, акчасы жана күчү менен Украина ашып кетсе 3–4 ай гана туруштук бере алат. Эгер Европа колдоо көрсөтүүнү токтотуп, жардамын биротоло үзсө, согуш бат эле басылат", — деди Мирошник.
Москванын айтымында, Киевге курал ташуу согушту токтотууга жолтоо болуп, НАТО өлкөлөрүн чырдын ичине түз сүйрөйт жана бул "от менен ойногонго" барабар. Кремль Украинаны Батыштын куралына көөмп салуу тынчтык сүйлөшүүлөрүнө эч жардам бербей турганын, анын кесепети оор болорун далай жолу эскерткен.