00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Сколько государство тратит на бензин зачем запретили дроны и почему министра наказали за чужое
12:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
9 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы. Кайсы иш-чара кайда жана канчада өтөт?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевРабочий визит президента КР Садыра Жапарова в Астану
Рабочий визит президента КР Садыра Жапарова в Астану - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2026
Жазылуу
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи Бишкекте, калган иш-чаралар Ысык-Көл облусунда уюштурулат.

Аянтчалар жана кирүү шарттары

Аянтча

Жайгашкан жери

Кирүү

"Бишкек Арена"

Бишкек

Ачылыш аземи: аты-жөнү көрсөтүлгөн билет 5000 сомдон, Face ID жана QR-код

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору

Чоң-Сары-Ой

Маданий программага кирүү акысыз; конференцияга кирүү атайын тизме менен

"Евразия" мейманканасы

Кара-Ой

Кирүү акысыз

Ч. Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борбору

Чолпон-Ата

Бир күндүк билет — 500 сом

"Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси

Бактуу-Долоноту, Кыргыз көчөсү, 2б

Кирүү акысыз

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы

Бактуу-Долоноту, Кыргыз көчөсү, 2а

Ат чабыштарга кирүү акысыз; "Көчмөндөр жаңырыгы" фестивалына бир күндүк билет — 500 сом; жабылыш аземине — 500–4000 сом

Көк бөрү аренасы

Чолпон-Ата, ат майданынан төмөн

2–5-сентябрда кирүү акысыз; 6-сентябрдагы финалдарга билет — 1000 сом

"Дордой-Номад" маданий-этнографиялык комплекси

Булан-Сөгөттү

Бир күндүк билет — 500 сом

"Көчмөндөр ааламы" этномаданий шаарчасы

Кырчын жайлоосу

Кирүү акысыз

Билеттер NEBS аркылуу, ачылыш аземине билеттер Ticket.gov.kg сайтында сатылат.

31-август

"Бишкек Арена"

17:00 — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи. Курактык чектөө — 7+. Сатып алган билет ошол адамга гана таандык болот, башка бирөөгө өткөрүп берилбейт. Кирүүдө Face ID жана QR-код текшерилет.

1-сентябрь

Көчмөндөр цивилизациясы борбору

10:00–22:00 — "Улуу тоолор баяны" көргөзмөсү, таш жана кум скульптураларынын аллеялары, экскурсиялар.
10:00–11:00 — живопись, графика, скульптура жана керамика боюнча мастер-класстар.
11:00–12:00 — "Элегия" квартетинин концерти.
12:00–14:00 — көргөзмөнүн расмий ачылышы жана экскурсия.
14:00–15:00 — "Башат" программасы: байыркы кыргыз жоокерлеринин курал-жарагы.
14:00–18:00 — пленэр, портрет жана шарж, "Ак илбирс" скульптурасы, "Мезгил кумурасы" керамикасы.
18:00–22:00 — "Хан-Теңиринин сыры" раку от шоу-программасы.

Спорттук аянтчалар

"Евразия" мейманканасы, 14:30–19:00 — тогуз коргоол боюнча мелдеш.
"Газпром" комплекси, 14:00–18:00 — гореш, А килеми; кураш, В килеми; монгол бөх, С килеми.
Кырчын, 14:00–17:30 — ордо боюнча мелдеш.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан

20:00–22:20 — "Көчмөндөр жаңырыгы" эл аралык этникалык ыр фестивалынын ачылышы: Улуу көчмөндөр жүрүшү жана концерт.

Кырчын — Этнобазар

08:00–18:00 — Этнобазарды ачуу иш-чарасы, көчө өнөрпоздорунун программасы, усталардын жана уз-чеберлердин, улуттук даам жана күл азык боюнча мастер-класстар; 18:00–20:00 — "Шамал-фест".

2-сентябрь

Көчмөндөр цивилизациясы борбору

10:00–22:00 — көргөзмө жана парктын скульптуралар аллеясы;
10:00–18:00 — пленэр, портрет, скетчинг, этникалык натюрморт, керамика жана скульптура.

"Евразия" мейманканасы

09:30–09:40, 10:00–10:40 — овари боюнча мелдеш;
11:00–11:40, 12:00–12:40 — мангала боюнча мелдеш;
14:30–16:30, 17:00–19:00 — тогуз коргоол боюнча мелдеш.

"Рух-Ордо": Дастан күнү

Ч. Айтматов залы, 16:00–19:00 — "Ой комузчу", "Нарк өнөр" мектеби, окумуштуулар менен жолугушуу, "Көчмөн шаңы" концерти.
Борбордук сахна, 17:00–18:00 жана 19:30–22:00 — театралдаштырылган пролог жана салттуу музыка концерти.
"Билим казынасы", 16:00–19:00 — чет элдик музыкаларды аткаруу, консерваториянын студенттери жана "Ытыс ымыыта" ансамбли.
"Өнөр ордосу", 17:00–22:00 — акындардын айтышы жана айтуучулук багыты боюнча сынак.
"Комуз" пирси, 16:00–19:00 — комуз күүсү, фотозона жана концерт;
"Мурас" студиясы, 16:00–19:00 — үн жаздыруу жана подкаст.

Спорттук аянтчалар

"Газпром" комплекси, 09:00–18:00 — алыш.
Көк бөрү аренасы: 09:00–11:00 — көкпар; 11:00–14:00 — эр эңиш; 14:00–18:00 — көк бөрү.
Ат майдан, 18:00–23:00 — "Этнохит күнү": DJ-сеттер, шоу, театралдаштырылган, сынактык жана концерттик программалар.

"Дордой-Номад"

10:00–19:00 — этнокөргөзмө, жарманке, зергерчилик, кийиз жана ART LAB; 12:00 — Nomad Fest жөнүндө тегерек стол.
Пирс, 10:00–15:00 — ЭТНОМОДА, Кыл_Арт.KG, "АРАЛАШ" жана "УстатШакирт" топторунун тыныгуулар менен өтүүчү программасы.
Амфитеатр, 10:00–18:00 — "УстатШакирт", ЭТНОБИЙ, "АУРА", "АРАЛАШ", "Көчмөн жылдыздары", ЭТНОМОДА жана "Dell Arte" театры.
Чоң сахна, 19:00–22:30 — "НОМАД ФЕСТ" эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалынын ачылышы.

Кырчын — "Кут Ордо" негизги сахнасы

10:30–12:00 — "БИРИМДИК КЕРБЕНИ", "ДҮЙНӨ-ӨМҮР" театралдык көрсөтүүсү жана этномаданий шаарчанын ачылышы.
12:00–13:00 — чет өлкөлүк аткаруучулардын концерти.
13:00–14:40 — боз үй тигүү жана чечүү боюнча "Шамдагайлар" сынагынын тандоо туру.
14:40–16:10 — "Жашоо жарыш" сынак-эстафетасы.
16:20–17:00 — "Башат" чыгармачыл программасы.
17:00–19:30 — кыргыз-казак "Ырчылардын ыр эрөөлү" айтыш сынагынын жарым финалы.

Кырчын — маданият, ашкана жана спорт

"Көчмөндөр айылы", 13:30–20:00 — "Көчмөндөр даамы", "Мыкты кыргыз боз үйү", "Уз-уста" жана "Каада-салттар" сынактары, Бишкек, Ош шаарларынын жана Баткен облусунун ордолорундагы интерактивдүү программалар.
Этнобазар, 08:00–22:00 — кол өнөрчүлүк, улуттук даамдар, жарманкенин ачылышы, Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын концерттери, "Шамал-фест", космос жөнүндө лекциялар жана жылдыздуу асманды телескоптор аркылуу байкоо.
Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы: 11:00–12:00 — ачылыш аземинин урматына торт кесүү; 14:00–15:30, 16:00–17:30 жана 18:00–19:30 — беш өлкөдөн үч тандоо мелдеши; ортосунда "Этнобар", тамак тартуу жана даам ооз тийүү; 20:00–20:30 — күндүн жыйынтыгы.
"Кичи көчмөн", 11:00–12:00 жана 16:00–16:30 — балдар үчүн "Баатырларды даярдоо" интерактивдүү оюну.
"Кийиз Дүйнө", 10:00–19:00 — түндүк көтөрүү, элечектин 20 түрү, ала кийиз, Ак өргөө боз үйү, тогуз коргоол, жыгаччылык, терме жана керме сайма, айтыш, ыр жана күү.
"Мекендештер" — кийиз басуу, тумар жасоо жана жыгачтан комуз чабуу; 11:00–12:30 — тогуз коргоол жана аркан тартыш; 14:00–15:30 — концерт; 16:00–17:00 — чүкө, көчмөндөрдүн музыкасы, улуттук баш кийимдер жана бийлер.
"Достук", 10:00–19:00 — этнозонанын ачылышы, этноашкана, концерт, кол күрөш, суу ташымай жана "Достук чайы" чай аземи.
"Жер Эне", 10:00–19:00 — манас айтуу, санжыра баяны, улуттук тамак-аш фестивалы, тарыхый көргөзмө, акындар айтышы жана этноконцерт.
"Ала-Тоо айымдары", 09:00–17:15 — кол өнөрчүлүк, "Кыргыз айымы — улуттун күзгүсү" форуму, улуттук тамак-аш, "Эне мектеби" жана этномода.
Спорт: 08:00–18:00 — таяк тартыш; 09:00–17:00 — омуртка сөөктү сындыруу; 09:00–18:00 — стронгмэн; 10:00–15:00 — алыскы аралыкка ат марафону; 10:00–17:30 — ордо жана бүркүт салуу; 10:00–18:00 — аркан тартыш; 10:00–13:00 жана 14:00–18:00 — кыргыз стилинде жаа атуу; 14:00–18:00 — сумо күрөшү; 09:00–12:00 — улуттук классикалык күрөш; 14:00–16:00 — кулатуу.

3-сентябрь

Көчмөндөр цивилизациясы борбору

09:00–18:00 — "Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги" эл аралык илимий конференциясы; кирүү атайын тизме менен.
10:00–22:00 — көргөзмө жана экскурсиялар;
10:00–18:00 — керамика, живопись, графика, каллиграфия, пленэр жана скульптура.
Кырчын, "Мейман Ордо", 10:00–20:00 — "Улуу тоолор баяны" көчмө көргөзмөсү жана пленэр.

"Евразия", "Рух-Ордо" жана "Газпром"

"Евразия": 09:30–10:40 — овари; 11:00–12:40 — мангала; 14:30–16:30 жана 17:00–19:00 — тогуз коргоол.
"Рух-Ордо", Ч. Айтматов залы, 10:00–19:00 — саат сайын элечек ороо жана улуттук баш кийимдер, ийик ийирүү жана сайма саюу, шуру токумдары жана чий согуу, салттуу жөрөлгөлөр, ыр-бий, курак куроо, театралдык коюлум, чебер-класстар жана концерт.
"Рух-Ордо", башка зоналар: 10:00–19:00 — чет элдик музыка жана подкасттар; 11:00–18:00 — аспапчылык боюнча сынак; 18:00–19:00 — он оюн жөнүндө тасмалар, пролог жана концерт.
"Газпром" комплекси: 09:00–15:00 — Кыргыз күрөшү; 15:00–18:00 — Самбо.

Ат майдан жана Көк бөрү аренасы

Ат майдан, 18:00–23:00 — "Дүйнөлүк хит күнү": сынак, DJ-сет жана концерт.
Көк бөрү аренасы: 09:00–11:00 — көкпар; 11:00–14:00 — эр эңиш; 14:00–18:00 — көк бөрү.

"Дордой-Номад"

10:00–19:00 — жарманке жана чебер-класстар; пирсте — ЭТНОМОДА, "УстатШакирт", Кыл_Арт.KG жана "АРАЛАШ"; 10:00–18:00 — амфитеатрдагы программа; 19:00–22:30 — ЭТНОБИЙ, ЭТНОМОДА жана "Көчмөн жылдыздары" сынактары.

Кырчын

Негизги сахна, 10:00–18:10 — "БИРИМДИК КЕРБЕНИ"; "Көчмөн кайрык" этноыр, "Бий ыргак" этноархаикалык бий жана "Саркеч" салттуу кийимдер сынактары; "Шамдагайлар"; "Кыз-жигит сармердени"; айтыш сынагынын жарым финалы; "Башат".
"Көчмөндөр айылы", 11:00–19:30 — "Көчмөндөр даамы", боз үй жана кол өнөрчүлүк сынактары, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Чүй жана Ош облустарынын каада-салттары жана интерактивдүү программалары.
Этнобазар: 08:00–17:00 — кол өнөрчүлүк жана улуттук даамдар; 11:00–12:30 — этникалык кыргыздардын концерти; 13:00–15:30 — Нарын, Жалал-Абад жана Ош облустарынын концерттери; 18:00–20:00 — "Шамал-фест"; 20:00–22:00 — "Алтын Казык", лекциялар жана телескоптор.
Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы: 11:00–12:00, 12:30–14:30 жана 15:00–17:00 — беш өлкөдөн үч мелдеш; аралыгында "Этнобар" жана тамак тартуу; 17:30–18:00 — жарым финалдын жыйынтыгы.
"Кичи көчмөн", 11:00–12:00 жана 16:00–16:30 — балдар үчүн интерактивдүү оюндар.
"Кийиз Дүйнө", 10:00–19:00 — калпак көргөзмөсү, илмедос саймасы, "Жанданган мурас" долбоору, салттуу кийимдин калыбы, "Кыз узатуу", элечек ороо, манас айтуу жана элдик оюндар.
"Мекендештер" — чебер-класстар, тогуз коргоол, аркан тартыш, концерт, музыка жана бийлер.
"Достук", 10:00–19:00 — концерт, кол өнөрчүлүк чебер-класстары, үйлөнүү ырымдары, "Көчмөндөрдүн казынасы" этноквести жана бий-баттл.
"Жер Эне", 10:00–19:00 — улуттук көрсөтмө оюндар, жаа атуу, жамбы атуу, салбуурун, улуттук кийимдер, сайма саюу жана шырдак шыруу.
"Ала-Тоо айымдары", 09:00–18:00 — лекция, "Бешикке салуу", "Кыз узатуу", ыр-күүлөр, бийлер, манасчы, төкмө акындар, улуттук оюндар жана элдик салттар.
Спорт: 07:00–19:00 — алыскы аралыкка ат марафону; 08:00–18:00 — таяк тартыш; 09:00–14:00 — ссирым күрөшү; 09:00–17:00 — омуртка сөөктү сындыруу; 09:00–18:00 — стронгмэн; 10:00–17:30 — ордо жана бүркүт салуу; 10:00–18:00 — аркан тартыш, далба, куш салуу, түрк стилинде жаа атуу жана армрестлинг; 10:00–13:00 жана 14:00–18:00 — кыргыз стилинде жаа атуу; 10:00–11:00 — лянги; 11:00–13:00 — Lucta Italica.

4-сентябрь

Көчмөндөр цивилизациясы борбору жана "Рух-Ордо"

Борбор, 10:00–22:00 — көргөзмө; 10:00–18:00 — керамика, живопись, графика, каллиграфия, пленэр жана скульптура.
"Рух-Ордо", Ч. Айтматов залы, 10:00–19:00 — "Көчмөн уулу", сүрөт жана зергер искусствосу, камчы өрүү жана ээр токуу, аркан эшүү жана аркан тартыш, чүкө оюндары, кол күрөш, интерактив жана концерт.
"Рух-Ордо", башка зоналар: 10:00–19:00 — чет элдик музыка, аспапчылык боюнча сынак, подкасттар жана пирстеги аткаруулар; 19:30–22:00 — пролог жана салттуу музыка концерти.

"Газпром" комплекси

09:00–14:00 — казак күрөсү; 14:00–18:00 — көрәш, А килеми; пахлавани, В килеми; хапсагай, С килеми.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан

10:00–11:00 — 1600 метр аралыктагы жарыш; 11:00–11:30 — бышты жорго.
11:50–12:30 — 2400 метр аралыктагы жарыш; 12:40–13:10 — кунан чабыш.
13:20–15:00 — жорго салыш;
15:15–16:00 — 3200 метр аралыктагы жарыш.
16:30–17:30 — аламан чабыш.
16:00–20:00 — көчмө көргөзмө, пленэр жана керамика.
18:00–22:15 — "Көчмөндөр жаңырыгы" фестивалынын финалы, сыйлоо аземи жана концерт.

Көк бөрү аренасы жана "Дордой-Номад"

Көк бөрү аренасы: 09:00–11:00 — көкпар; 11:00–14:00 — тыйын эңмей (теңге ілу); 14:00–18:00 — көк бөрү.
"Дордой-Номад": 10:00–19:00 — пирс, жарманке жана чебер-класстар; 10:00–18:00 — амфитеатр; 19:00–22:30 — сынактык программа.

Кырчын

Негизги сахна, 09:00–17:20 — "БИРИМДИК КЕРБЕНИ"; этно-ыр, этно-архаикалык бий жана салттуу кийим сынактары; "Жашоо жарыш"; айтыштын жана "Шамдагайлар" сынагынын финалдары; "Кыз-жигит сармерден".
"Көчмөндөр айылы", 11:00–19:00 — Ысык-Көл облусунун сынактары, "Жентек той — бешикке салуу" салты, аймактардын концерттери жана көргөзмөлөр.
Этнобазар: 08:00–17:00 — кол өнөрчүлүк жана улуттук даамдар; 13:00–15:30 — Баткен облусунун, Ош жана Бишкек шаарларынын концерттери; 18:00–20:00 — "Шамал-фест"; 20:00–22:00 — астрономиялык лекциялар жана телескоптор.
Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы: 11:00–12:00, 12:30–14:30 жана 15:00–17:00 — үч өлкөдөн үч жарым финалдык мелдеш; аралыгында "Этнобар" жана тамак тартуу; 17:30–18:00 — финалисттерди жарыялоо.
"Кичи көчмөн", 11:00–12:00 жана 16:00–16:30 — балдар үчүн интерактивдүү оюндар.
"Кийиз Дүйнө", 11:00–19:00 — кыздын чачын өрүү жөрөлгөсү, жаргылчак тартуу, кошкон май жасоо, ийик ийрүү, шири буюмдар, зергерчилик жана темир устачылык, белдемчи, ала кийиз жана элдик оюндар.
"Мекендештер" — чебер-класстар, оюндар, концерт, музыка жана бийлер.
"Достук", 10:00–19:00 — "Шашуу" ырымы, чебер-класстар, этнодефиле, концерт, панно кооздоо жана "Тил тоосу" оюну.
"Жер Эне", 10:00–19:00 — комузчулар жана бий топтору, маданият жана иденттүүлүк жөнүндө лекциялар, "Шайыр апалар" концерти жана "Кыз-жигит" сынагы.
"Ала-Тоо айымдары", 09:00–18:00 — лекция, үй-бүлөлүк салттар, ыр-күүлөр, бийлер, манасчы, акындар жана улуттук оюндар.
Спорт: 07:00–19:00 — алыскы аралыкка ат марафону; 09:00–14:00 — омуртка сөөктү сындыруу; 09:00–18:00 — стронгмэн; 10:00–17:30 — ордо жана бүркүт салуу; 10:00–18:00 — аркан тартыш; 10:00–13:00 — кыргыз стилинде жаа атуу; 14:00–18:00 — түрк стилинде жаа атуу; 10:00–11:00 — лянги; 11:00–13:00 — чидаоба; 14:00–16:00 — Haft Sang (жети таш).

5-сентябрь

Борбор, "Рух-Ордо" жана "Евразия"

Борбор, 10:00–22:00 — көргөзмө; 10:00–18:00 — керамика, живопись, графика, пленэр жана скульптура.
"Рух-Ордо", Ч. Айтматов залы, 10:00–18:00 — "Көчмөн шаңы", дастанчылар, улуттук баш кийимдер, этномода жана элечек, улуттук кийимдер, зергер буюмдары, шуру токумдары, чач өрүү жана интерактив.
"Рух-Ордо", башка зоналар: 10:00–19:00 — чет элдик музыка, подкасттар жана пирстеги аткаруулар; 10:00–20:00 — көчмө көргөзмө; 19:30–22:00 — "Көчмөндөр санаты" фестивалынын жабылышы жана гала-концерт.
"Евразия": 09:30–10:40 — овари; 11:00–12:40 — мангала; 14:30–16:30 жана 17:00–19:00 — тогуз коргоол.

Спорттук аянтчалар

"Газпром" комплекси, 09:00–14:00 — гюлеш, А килеми; гуштини милли камарбанди, В килеми; 15:00–18:00 — "Көчмөндөрдүн улуу күрөшү", В килеми.
Көк бөрү аренасы: 09:00–11:00 — көкпар; 11:00–14:00 — тыйын эңмей (теңге ілу); 14:00–18:00 — көк бөрү.
Кырчын: 07:00–14:00 — алыскы аралыкка ат марафону; 09:00–18:00 — стронгмэн; 10:00–17:30 — ордо жана бүркүт салуу; 10:00–18:00 — ат үстүндө мажарлар стилинде жаа атуу; көрсөтмө мелдештер — лянги 10:00–11:00, пенчак силат 09:00–12:00, Naga Wrestling 11:00–13:00.

"Дордой-Номад" жана Кырчын

"Дордой-Номад": 10:00–19:00 — пирс, жарманке жана чебер-класстар; 10:00–18:00 — амфитеатр; 19:00–22:30 — сынактык программа.
Кырчын, негизги сахна, 10:30–15:00 — катышуучулардын парады, маданий программанын жабылышы, концерт жана сыйлоо; "Көчмөндөр айылы", 15:30–17:00 — маданий иш-чаралардын салтанаттуу жабылыш аземи жана концерт.
Этнобазар, 08:00–18:00 — чебер-класстар, концерттик программа, чет өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөргө сертификаттарды тапшыруу жана жабылуу иш-чарасы.
Дүйнөлүк көчмөндөр ашканасы: 10:00–10:30 — финалдын ачылышы; 10:30–16:30 — бир койдун этинен бир гранд этнотамак даярдоо; 11:30–12:00 жана 13:00–14:00 — "Этнобар"; 16:30–18:00 — даам ооз тийүү жана тамак тартуу; 18:00–19:00 — сыйлоо аземи.
"Кичи көчмөн", 11:00–12:00 жана 16:00–16:30 — балдар үчүн интерактивдүү оюндар.
"Кийиз Дүйнө", 11:00–18:00 — тогуз коргоолду үйрөтүү жана кичи мелдеш, беш таш, чүкө атуу, кан таламай жана "Комуз күүсү — элдин үнү" мастер-классы.
"Мекендештер" — мастер-класстар, оюндар, концерт, музыка жана бийлер.
"Достук", 10:00–14:30 — Кыргызстан элдеринин бийлери, "Көчмөн микрофон", жабылыш аземи жана сыйлыктарды тапшыруу.
"Жер Эне", 10:00–19:00 — комузчулар жана бий топтору, лекциялар, "Шайыр апалар" концерти жана "Кыз-жигит" сынагы.
"Ала-Тоо айымдары", 09:00–18:00 — лекция, үй-бүлөлүк салттар, музыка, манасчы, акындар жана улуттук оюндар.

6-сентябрь

Спорттук программа

"Евразия" мейманканасы: 09:30–11:00 — тогуз коргоол; 11:20–12:00 — овари; 12:20–13:00 — мангала.
Көк бөрү аренасы: 11:00–13:00 — көкпар боюнча финалдык мелдеш; 14:00–16:00 — көк бөрү боюнча финалдык мелдеш.

Көчмөндөр цивилизациясы борбору

15:00 — көргөзмөнүн жабылышы жана сүрөттөр менен скульптураларды борборго өткөрүп берүү.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдан

18:00–00:00 — VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылыш аземи: концерт, VII Оюндарды өткөрүү укугун кийинки өлкөгө тапшыруу жана фейерверк. Иш-чара 7-сентябрда түнкү саат 00:00дө аяктайт.

Транспорт, унаа токтотуучу жайлар жана трансляциялар

Ачылыш аземине көрүүчүлөрдү Бишкектеги 21 пунктудан акысыз шаттлдар ташыйт. Аземден кийин автобустар ошол пунктуларга кайра жеткирет. Жеке автоунаалар жана таксилер аренага түз кире албайт.
Кырчынга Бает — Кырчын, ат майдан — Кырчын жана Жаркынбаев — Кырчын багыттары боюнча акысыз каттамдар уюштурулат. Алар үчүн 300 кичи автобус жана 15 резервдик унаа бөлүнгөн. Калган аянтчалардын унаа токтотуучу жайларынын жалпы расмий схемасы жарыялана элек.
Ачылыш аземин Бишкектеги 12 фан-зонадан көрүүгө болот, башкысы — "Ала-Тоо" аянтында жайгашат. Мелдештердин бирдиктүү теле жана онлайн-трансляциялар тармагы азырынча жарыялана элек. Программа жаңыланса, Оюндун расмий сайтына жарыяланат.
Программа жана практикалык маалымат 2026-жылдын 26-августунда текшерилди.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы тууралуу маалымат Оюндардын расмий сайтынан алынды.
Жаңылыктар түрмөгү
0