https://sputnik.kg/20260826/iran-akshnyn-chalgynyn-bir-top-alsyratyp-koydu-1103205428.html
ЖМК: Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгынын бир топ алсыратып койду
ЖМК: Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгынын бир топ алсыратып койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ирандын ракета жана дрондон койгон чабуулдары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгын объектилерин болуп көрбөгөндөй зыянга кептеди. Бул... 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T12:46+0600
2026-08-26T12:46+0600
2026-08-26T12:46+0600
дүйнөдө
акш
иран
жакынкы чыгыш
кармаш
чалгын кызматы
зыян
талкалоо
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103203447_0:0:1280:720_1920x0_80_0_0_826e32cd4270d360cc138a9120e97fd9.jpg
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ирандын ракета жана дрондон койгон чабуулдары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгын объектилерин болуп көрбөгөндөй зыянга кептеди. Бул туурасында NBC телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди. Анда Ирандын соккуларынан улам америкалык атайын кызматтын тарыхында аларга оңбогондой эле зыян келтирилип, байкоо жүргүзүүчү жана чалгындоо посттору иштен чыккан. Телеканалдын билдиришинче, бул объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттар миллиарддаган доллар сарптоого мажбур болот. Ал эми буга чейинки маалыматтарда Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий базалары менен техникаларына келтирилген жалпы зыян 13 миллиард долларды чапчыганы айтылган. Буга чейин, июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ача турган меморандумга кол койгон болчу. Бирок бир айга жетпей абал кайрадан курчуп кеткен. Акыркы жумаларда тараптар ортомчулардын жардамы менен жаңы келишимдин шарттарын макулдашууга кадам таштаган. Ал эми 20-августта АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы "эң кыйраткыч экономикалык операция" башталганын жарыялап, өнөктөштөрүн Вашингтонду колдоого чакырган. Ак үйдүн кожоюнунун бул кадамына Тегеран үн каткан. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын бул кадамдарын алардын жеңилгенин моюнга алганы деп атаган. Анын айтымында, Вашингтондун экономикалык кысымы өз өлкөсүнүн ичиндеги кризистен элди алагды кылгысы келген аракети экенине токтолуп, бир бул Америка бийлигин жеңилүүгө алып барарын белгилеген.
https://sputnik.kg/20260825/akshdan-iranga-koyulgan-chektoolordu-sanap-berishti-1103180468.html
акш
иран
жакынкы чыгыш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103203447_161:0:1121:720_1920x0_80_0_0_afaf64889676802ca0182af654807617.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, иран, жакынкы чыгыш, кармаш, чалгын кызматы, зыян, талкалоо
дүйнөдө, акш, иран, жакынкы чыгыш, кармаш, чалгын кызматы, зыян, талкалоо
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ирандын ракета жана дрондон койгон чабуулдары АКШнын Жакынкы Чыгыштагы чалгын объектилерин болуп көрбөгөндөй зыянга кептеди. Бул туурасында
NBC телеканалы өзүнүн маалымат булактарына таянып билдирди.
Анда Ирандын соккуларынан улам америкалык атайын кызматтын тарыхында аларга оңбогондой эле зыян келтирилип, байкоо жүргүзүүчү жана чалгындоо посттору иштен чыккан. Телеканалдын билдиришинче, бул объектилерди кайра калыбына келтирүү үчүн Кошмо Штаттар миллиарддаган доллар сарптоого мажбур болот. Ал эми буга чейинки маалыматтарда Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскерий базалары менен техникаларына келтирилген жалпы зыян 13 миллиард долларды чапчыганы айтылган.
Буга чейин, июнь айынын ортосунда Вашингтон менен Тегеран тынчтык келишимине жол ача турган меморандумга кол койгон болчу. Бирок бир айга жетпей абал кайрадан курчуп кеткен. Акыркы жумаларда тараптар ортомчулардын жардамы менен жаңы келишимдин шарттарын макулдашууга кадам таштаган. Ал эми 20-августта АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы "эң кыйраткыч экономикалык операция" башталганын жарыялап, өнөктөштөрүн Вашингтонду колдоого чакырган.
Ак үйдүн кожоюнунун бул кадамына Тегеран үн каткан. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын бул кадамдарын алардын жеңилгенин моюнга алганы деп атаган. Анын айтымында, Вашингтондун экономикалык кысымы өз өлкөсүнүн ичиндеги кризистен элди алагды кылгысы келген аракети экенине токтолуп, бир бул Америка бийлигин жеңилүүгө алып барарын белгилеген.