https://sputnik.kg/20260825/ayaldardy-askerge-chakyruu-ukraina-1103183376.html
Аялдарды аскерге чакыруу боюнча АКШнын айтканына Украинадан үн катышты
Аялдарды аскерге чакыруу боюнча АКШнын айтканына Украинадан үн катышты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын орун басары Ирина Верещук АКШ президентинин экс-чабарманы Кит Келлогдун Украинада... 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T12:14+0600
2026-08-25T12:14+0600
2026-08-25T12:14+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
украина
акш
мобилизация
аялдар
атайын операция
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092914047_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_33388657f4366a85ecfc3fd69272425f.jpg
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын орун басары Ирина Верещук АКШ президентинин экс-чабарманы Кит Келлогдун Украинада кыз-келиндерди да аскерге чакыруу керек дегенин сындады. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кечээ АКШ президентинин Украина боюнча мурдагы атайын чабарманы Келлог Украина Куралдуу күчтөрүнө аялдарды да мобилизациялоону сунуштаган. Генерал бул демилгени жеке өзүнүн тажрыйбасынан улам айткан. Маалыматта кызы Афганстандагы согушта, ал эми жубайы Гренадада десантчы болгондуктан, ал кыз-келиндердин аскерге барышынан эч кандай өөн нерсени көрбөстүгүн айтканы жазылган. Айдын башында Украина өкмөтүнүн сайтында баласыз аялдарды аскерге алуу боюнча петиция жарыяланган. Бул демилгенин тарапташтары "Мекенди коргоо — ар бир жарандын милдети" деген конституциялык принципти жүзөгө ашыруу үчүн ушундай кадамга баруу керектигин жүйө келтиришкен. Украинанын армиясы соңку учурлары аскердин жетишсиздигине тушукту. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр жана нааразылык менен коштолуп келет. Кызмат өтөө курагындагы жарандардын кандай жол менен болсо да мобилизациядан качууга жасаган аракети боюнча видеолор интернет айдыңында абдан көп. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен, аскердик комиссариаттарды өрттөгөн, көчөгө чыкпай үйдө жашынып жаткан учурлар арбын кездешет.
https://sputnik.kg/20260205/ukrainalyk-deputat-kuchtop-alyp-ketken-mobilizatsiya-tuuraluu-1099541292.html
украина
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/03/1b/1092914047_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_a3d18a92099d0814d4ac7b9ab3e60a04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, акш, мобилизация, аялдар, атайын операция
дүйнөдө, украина, акш, мобилизация, аялдар, атайын операция
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын орун басары Ирина Верещук АКШ президентинин экс-чабарманы Кит Келлогдун Украинада кыз-келиндерди да аскерге чакыруу керек дегенин сындады. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
"Мобилизация кыла тургандарды (аялдарды) тааптыр. Албетте, түшүнүп турам, бирок ракета көбүрөөк болсо дейм. Аялдарды аскерге чакыргыла деп кеңеш бербестен, АКШ өзүнүн эркин көрсөтсө (аскердик жардам — ред.) деген тилек бар", — деген Верещук.
Кечээ АКШ президентинин Украина боюнча мурдагы атайын чабарманы Келлог Украина Куралдуу күчтөрүнө аялдарды да мобилизациялоону сунуштаган. Генерал бул демилгени жеке өзүнүн тажрыйбасынан улам айткан. Маалыматта кызы Афганстандагы согушта, ал эми жубайы Гренадада десантчы болгондуктан, ал кыз-келиндердин аскерге барышынан эч кандай өөн нерсени көрбөстүгүн айтканы жазылган.
Айдын башында Украина өкмөтүнүн сайтында баласыз аялдарды аскерге алуу боюнча петиция жарыяланган. Бул демилгенин тарапташтары "Мекенди коргоо — ар бир жарандын милдети" деген конституциялык принципти жүзөгө ашыруу үчүн ушундай кадамга баруу керектигин жүйө келтиришкен.
Украинанын армиясы соңку учурлары аскердин жетишсиздигине тушукту. Күч менен согушка алып кетүү ар дайым чыр жана нааразылык менен коштолуп келет. Кызмат өтөө курагындагы жарандардын кандай жол менен болсо да мобилизациядан качууга жасаган аракети боюнча видеолор интернет айдыңында абдан көп. Өлкөдөн мыйзамсыз чыгып кеткен, аскердик комиссариаттарды өрттөгөн, көчөгө чыкпай үйдө жашынып жаткан учурлар арбын кездешет.