https://sputnik.kg/20260825/armeniyada-eks-prezident-kocharyandy-uulu-menen-koshup-karmashty-1103186171.html
Арменияда экс-президент Роберт Кочарянды уулу менен кошуп кармашты. Видео
Арменияда экс-президент Роберт Кочарянды уулу менен кошуп кармашты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Арменияда бир нече кылмыш иштерине шектелген мурдагы президент Роберт Кочарянды 45 жаштагы уулу Седрак менен кошуп кармашты. Бул... 25.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-25T13:56+0600
2026-08-25T13:56+0600
2026-08-25T14:16+0600
дүйнөдө
армения
никол пашинян
президент
кылмыш
айыптоо
https://sputnik.kg/img/104039/03/1040390364_0:138:3028:1841_1920x0_80_0_0_8e9044f1525b06973501977513b17347.jpg
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Арменияда бир нече кылмыш иштерине шектелген мурдагы президент Роберт Кочарянды 45 жаштагы уулу Седрак менен кошуп кармашты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Тагыраагы, ага 2004–2009-жылдардагы кыймылсыз мүлк бүтүмдөрү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акчаны адалдоо боюнча айыптар коюлууда. Мындай окуялардан улам Армениянын Коррупцияга каршы комитети РИА Новости агенттигине өлкө аймагында жапырт тинтүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Ал эми мурдагы малекет башчынын жактоочусу тагылып жаткан күнөөнү четке кагып, анын бул иштерге тиешеси жок деп айтууда. Эске салсак, Кочарян Арменияны 1998–2008-жылдары башкарган. Армениянын учурдагы премьер-министри Никол Пашинян буга чейин парламенттин трибунасынан оппозицияга, анын ичинде "Кочаряндын кланына" карата бир нече жолу опузалаган маанайдагы билдирүүлөрдү жасаган. Мурдагы президент буга жооп кылып, бийликти 7-июндагы парламенттик шайлоодо "Гүлдөгөн Армения" оппозициялык партиясынын 60 миң добушун уурдап алган деп жар салган. Оппозициялык депутат Севак Хачатрян азыркы окуяларды саясий куугунтук деп атады. Парламентарийдин айтымында, Пашинян укук коргоо органдарына ишти атайлап уюштуруу боюнча өзү буйрук берген.
https://sputnik.kg/20260824/armeniya-referendumga-dayardyk-bashtady-1103167883.html
армения
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104039/03/1040390364_297:0:3028:2048_1920x0_80_0_0_32811e25d5aceadf5e0d1a7216f5163f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, армения, никол пашинян, президент, кылмыш, айыптоо
дүйнөдө, армения, никол пашинян, президент, кылмыш, айыптоо
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Арменияда бир нече кылмыш иштерине шектелген мурдагы президент Роберт Кочарянды 45 жаштагы уулу Седрак менен кошуп кармашты. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Тагыраагы, ага 2004–2009-жылдардагы кыймылсыз мүлк бүтүмдөрү, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана акчаны адалдоо боюнча айыптар коюлууда.
Мындай окуялардан улам Армениянын Коррупцияга каршы комитети РИА Новости агенттигине өлкө аймагында жапырт тинтүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
"Кылмыш ишинин алкагында ондогон даректер боюнча тинтүү жана башка процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө", — деген комитеттин маалымат катчысы Марина Оганжанян.
Ал эми мурдагы малекет башчынын жактоочусу тагылып жаткан күнөөнү четке кагып, анын бул иштерге тиешеси жок деп айтууда. Эске салсак, Кочарян Арменияны 1998–2008-жылдары башкарган.
Армениянын учурдагы премьер-министри Никол Пашинян буга чейин парламенттин трибунасынан оппозицияга, анын ичинде "Кочаряндын кланына" карата бир нече жолу опузалаган маанайдагы билдирүүлөрдү жасаган. Мурдагы президент буга жооп кылып, бийликти 7-июндагы парламенттик шайлоодо "Гүлдөгөн Армения" оппозициялык партиясынын 60 миң добушун уурдап алган деп жар салган.
Оппозициялык депутат Севак Хачатрян азыркы окуяларды саясий куугунтук деп атады. Парламентарийдин айтымында, Пашинян укук коргоо органдарына ишти атайлап уюштуруу боюнча өзү буйрук берген.