https://sputnik.kg/20260824/zhaparov-yrys-ordo-kongress-borborun-achty-1103176440.html
Садыр Жапаров "Ырыс ордо" конгресс-борборун ачты. Видео
Садыр Жапаров "Ырыс ордо" конгресс-борборун ачты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы салынган "Ырыс ордо" конгресс-борбору салтанаттуу ачылды. 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T20:04+0600
2026-08-24T20:04+0600
2026-08-24T20:20+0600
кыргызстан
"ырыс ордо" конгресс-борбору
садыр жапаров
ынтымак
ачылыш
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103176273_18:0:1261:699_1920x0_80_0_0_07f2793406a78ae3ae8ddb3d33296aff.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы салынган "Ырыс ордо" конгресс-борбору салтанаттуу ачылды. Аземге президент Садыр Жапаров катышып, элге кайрылуу жасады. Бул тарыхый күн экенин белгилеген өлкө башчысы ар бир элдин, ар бир мамлекеттин, ар бир борбор шаардын тарыхында анын эл аралык айдыңдагы ордун аныктай турган, сырттан келген меймандарга өлкөнүн даражасын көтөрө турган өзгөчө бир имараты, жайлары болорун белгиледи. Жапаров "Ырыс ордону" жаңы Кыргызстанды куруу жолунда мамлекеттин дараметин жана келечекке болгон умтулуусун айгинелеген заманбап өнүгүүнүн жаңы символу деп атады. Өлкө башчы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнү башкарууга катышкан саясатчылар "Ырыс ордонун" ачылышына чогулганын айтты. Жапаров жаштарды мурдагы муундун терс көрүнүштөрүнөн үлгү албоого чакырды. Анын айтымында, жаңы муун ынтымактуу болуп, мамлекет үчүн маанилүү учурларда саясий көз карашына карабай бир позицияда туруп, күчтүү Кыргызстанды курууну улантышы керек. Ал Кыргызстан бир адамга же бир бийликке эмес, жалпы элге таандык экенин билдирди Ал өлкө үчүн маанилүү иштерде саясий көз караштарды жана жеке амбицияларды четке кагып, биргеликте аракеттенүүгө чакырды. Муну менен бирге "Ырыс ордо" конгресс-борбору коммерциялык негизде да ижарага берилерин билдирди. Жапаровдун айтымында, расмий делегациялар үчүн курулган сегиз конок үйүн да акы төлөп пайдаланууга болот. Жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашкан борбор бир убакта 2 миңден көп кишини кабыл алат. Анда 1 238 орундуу "Курултай" конгресс-залы, 1 000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө арналган бөлмөлөр бар. Комплекс дээрлик 15 гектар аянтты ээлейт. Бул жерде борбордук имарат, расмий делегациялардын жетекчилери үчүн 8 конок үйү, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана ири иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын жайлар бар.
https://sputnik.kg/20260824/cholpon-atadagy-at-maydan-zhanyrtyldy-1103169680.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103176273_174:0:1106:699_1920x0_80_0_0_ab9bb519d223958fcc75405f75985c67.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, "ырыс ордо" конгресс-борбору, садыр жапаров, ынтымак, ачылыш
кыргызстан, "ырыс ордо" конгресс-борбору, садыр жапаров, ынтымак, ачылыш
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында жаңы салынган "Ырыс ордо" конгресс-борбору салтанаттуу ачылды.
Аземге президент Садыр Жапаров катышып, элге кайрылуу жасады. Бул тарыхый күн экенин белгилеген өлкө башчысы ар бир элдин, ар бир мамлекеттин, ар бир борбор шаардын тарыхында анын эл аралык айдыңдагы ордун аныктай турган, сырттан келген меймандарга өлкөнүн даражасын көтөрө турган өзгөчө бир имараты, жайлары болорун белгиледи. Жапаров "Ырыс ордону" жаңы Кыргызстанды куруу жолунда мамлекеттин дараметин жана келечекке болгон умтулуусун айгинелеген заманбап өнүгүүнүн жаңы символу деп атады.
Өлкө башчы эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнү башкарууга катышкан саясатчылар "Ырыс ордонун" ачылышына чогулганын айтты.
"Эгемендүүлүктү алган 35 жылда биз бири-бирибиз менен акарат айтышып, болор-болбос маселелерде демагог болуп, бири-бирибизге жалган жалаа жабыштырып, түндүк-түштүк болуп бөлүнүп келдик. Бирок мамлекетибиз жарытылуу жакшы бир ийгиликке жетишкен жок", — деди ал.
Жапаров жаштарды мурдагы муундун терс көрүнүштөрүнөн үлгү албоого чакырды. Анын айтымында, жаңы муун ынтымактуу болуп, мамлекет үчүн маанилүү учурларда саясий көз карашына карабай бир позицияда туруп, күчтүү Кыргызстанды курууну улантышы керек.
Ал Кыргызстан бир адамга же бир бийликке эмес, жалпы элге таандык экенин билдирди
Ал өлкө үчүн маанилүү иштерде саясий көз караштарды жана жеке амбицияларды четке кагып, биргеликте аракеттенүүгө чакырды.
"Саясий көз караштар ар түрдүү болушу мүмкүн, бирок өлкөбүз бирөө эле, Кыргызстан деген мекенибиз бирөө. Демек, анын келечеги дагы бир", — деди мамлекет башчысы.
Муну менен бирге "Ырыс ордо" конгресс-борбору коммерциялык негизде да ижарага берилерин билдирди. Жапаровдун айтымында, расмий делегациялар үчүн курулган сегиз конок үйүн да акы төлөп пайдаланууга болот.
Жалпы аянты 39 миң чарчы метрден ашкан борбор бир убакта 2 миңден көп кишини кабыл алат. Анда 1 238 орундуу "Курултай" конгресс-залы, 1 000 орундуу банкеттик зал, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөргө арналган бөлмөлөр бар.
Комплекс дээрлик 15 гектар аянтты ээлейт. Бул жерде борбордук имарат, расмий делегациялардын жетекчилери үчүн 8 конок үйү, ошондой эле сүйлөшүүлөрдү жана ири иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын жайлар бар.