https://sputnik.kg/20260824/zelenskiy-tramp-zha-yluu-moyunga-aldy-1103155865.html
Зеленский Starlink аркылуу сокку уруу маселесинде Трампты жаңылыштырганын моюнга алды
Зеленский Starlink аркылуу сокку уруу маселесинде Трампты жаңылыштырганын моюнга алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трампка Starlink системасын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T09:37+0600
2026-08-24T09:37+0600
2026-08-24T09:37+0600
дүйнөдө
дональд трамп
владимир зеленский
илон маск
жаңылуу
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1d/1098897038_0:0:2131:1199_1920x0_80_0_0_f512f7a1c330b29eb357c38bb57acf56.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трампка Starlink системасын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча туура эмес маалымат берип алганын моюнга алды. Бул тууралуу “РБК-Украина” кабарлады.Зеленскийдин айтымында, украин аскерлери ага Илон Маск Starlink байланышын Россиянын аймагында колдонууга Украинанын Куралдуу күчтөрүнө макулдук берди деген маалыматты жеткиришкен. Андан соң ал бул тууралуу Трампка айтып берген.Буга чейин маалымат каражаттары Киев Россиянын аймагына чабуул коюучу учкучсуз аппараттарга (дрондорго) Starlink системасын орнотууга уруксат алууга аракет кылганын жазып чыгышкан. Atlantic басылмасынын маалыматы боюнча, Маск согуштун курчуп кетишинен чочулап, мындай мүмкүнчүлүктү берүүдөн баш тарткан. Ал эми Financial Times басылмасы Трамп дагы Киевдин бул өтүнүчүн колдобогонун билдирген.Россия буга чейин Батыштын Украинага курал-жарак берип жатканы жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө түздөн-түз аралаштырып жатат деп билдирип келген.
https://sputnik.kg/20260821/zelenskiy-sogushtu-ulantuuga-karazhat-zhetishpey-zhatkandygyn-aytty-1103103365.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/1d/1098897038_87:0:1980:1420_1920x0_80_0_0_60659ae3c00604a19e631ec0fcbb9736.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, дональд трамп, владимир зеленский, илон маск, жаңылуу
дүйнөдө, дональд трамп, владимир зеленский, илон маск, жаңылуу
Зеленский Starlink аркылуу сокку уруу маселесинде Трампты жаңылыштырганын моюнга алды
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Владимир Зеленский АКШнын президенти Дональд Трампка Starlink системасын Россиянын аймагына сокку уруу үчүн колдонуу мүмкүнчүлүгү боюнча туура эмес маалымат берип алганын моюнга алды. Бул тууралуу “РБК-Украина” кабарлады.
Зеленскийдин айтымында, украин аскерлери ага Илон Маск Starlink байланышын Россиянын аймагында колдонууга Украинанын Куралдуу күчтөрүнө макулдук берди деген маалыматты жеткиришкен. Андан соң ал бул тууралуу Трампка айтып берген.
“Андан кийин Трампка кайра жолуктум. Ал мага "сен мени алдап койгон окшойсуң, Маск Starlinkбайланышын Россияда иштеткенге көнбөптүр го", деди. Мен өзүбүздүн министрликке келип "бул эмнеси?" — десем, алар ошондой эле болуп калды окшойт дешти”, — деди Зеленский.
Буга чейин маалымат каражаттары Киев Россиянын аймагына чабуул коюучу учкучсуз аппараттарга (дрондорго) Starlink системасын орнотууга уруксат алууга аракет кылганын жазып чыгышкан. Atlantic басылмасынын маалыматы боюнча, Маск согуштун курчуп кетишинен чочулап, мындай мүмкүнчүлүктү берүүдөн баш тарткан. Ал эми Financial Times басылмасы Трамп дагы Киевдин бул өтүнүчүн колдобогонун билдирген.
Россия буга чейин Батыштын Украинага курал-жарак берип жатканы жаңжалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, НАТО өлкөлөрүн тирешүүгө түздөн-түз аралаштырып жатат деп билдирип келген.