https://sputnik.kg/20260824/general-berzarin-boshotulgan-kishinev-1103174823.html
Генерал Берзариндин жетекчилиги алдында бошотулган Кишинев. Тарыхый видео
Генерал Берзариндин жетекчилиги алдында бошотулган Кишинев. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
1944-жылы 24-августта Молдова ССРинин ордо калаасы — Кишинев фашисттерден бошотулган. @SputnikLive 82 жыл мурун болгон окуянын чоо-жайын эске салды. 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T20:18+0600
2026-08-24T20:18+0600
2026-08-24T20:18+0600
дүйнөдө
ссср
улуу ата мекендик согуш
молдова
кишинев
бошотуу
фашизм
кызыл армия
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103174655_0:219:1000:782_1920x0_80_0_0_a18722987edbbf4ed9c427b7fbd7e73b.jpg
Ясс-Кишинев операциясын иштеп чыгууда Николай Берзариндин эмгеги күч. Мында "Түштүк Украина" армиясынын тобун адаштыруу негизги максат эле. Өзүнүн мемуарларында Советтер Союзунун төрт жолку баатыры маршал Жуков Берзариндин командачылардын өзгөчө түрүнө кирерин белгилеген. Советтик армия операциядагы эң чоң сокку Кишинев багытына туура келе тургандай түр көрсөтө берген: танк, замбирек, миномет, автомашиналдардын 514 макети жана 5 миңдей баш калкалоочу жай даярдалып, баары пландалгандан таптакыр бөлөк жерге коюлган. Немец командачылыгы бул багытка чоң көңүл бурчу, мындан улам негизги күчү да ушул жерде эле. Бирок 20-августта советтик жоокерлер Ясс району менен Бендерден түштүк-чыгышыраак жактагы Кишиневдун кире беришинде жайгашкан каршы тараптын коргонуусун жарып өтөт. Душман кандай оор абалга туш болгонун эки күн өтүп гана түшүнгөн. Бирок кеч болуп калган эле. 5-армиянын аскерлери Кишиневду түндүгүнөн да, чыгыш менен түштүгүнөн да курчап, немецтик горнизонду кысымга алган. Көп өтпөй шаарда баш калкалаган фашисттерге чабуул башталат. Улам бир көчөнү бошотуп отуруп, советтик жоокерлер 24-август таңкы саат 4тө Кишиневду толугу менен ээлешет. Ошол эле күнү Москва радиосу Молдованын борбору бошотулганын жар салып, согушта өзгөчөлөнгөн командачылардын катарында Берзариндин ысымы биринчи болуп аталат.
ссср
молдова
кишинев
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103174655_0:126:1000:876_1920x0_80_0_0_247e66c627531117fb07234028242ff5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, молдова, кишинев, бошотуу, фашизм, кызыл армия, видео, видео
дүйнөдө, ссср, улуу ата мекендик согуш, молдова, кишинев, бошотуу, фашизм, кызыл армия, видео, видео
Генерал Берзариндин жетекчилиги алдында бошотулган Кишинев. Тарыхый видео
1944-жылы 24-августта Молдова ССРинин ордо калаасы — Кишинев фашисттерден бошотулган. @SputnikLive 82 жыл мурун болгон окуянын чоо-жайын эске салды.
Ясс-Кишинев операциясын иштеп чыгууда Николай Берзариндин эмгеги күч. Мында "Түштүк Украина" армиясынын тобун адаштыруу негизги максат эле.
Өзүнүн мемуарларында Советтер Союзунун төрт жолку баатыры маршал Жуков Берзариндин командачылардын өзгөчө түрүнө кирерин белгилеген.
"Ал буйруктарды алды-артын карабай аткара берген киши эмес болчу. Тапшырмага олуттуу карап, аны бөтөнчө кылып аткарууга маш эле", — деп жазат Жуков.
Советтик армия операциядагы эң чоң сокку Кишинев багытына туура келе тургандай түр көрсөтө берген: танк, замбирек, миномет, автомашиналдардын 514 макети жана 5 миңдей баш калкалоочу жай даярдалып, баары пландалгандан таптакыр бөлөк жерге коюлган.
Немец командачылыгы бул багытка чоң көңүл бурчу, мындан улам негизги күчү да ушул жерде эле.
Бирок 20-августта советтик жоокерлер Ясс району менен Бендерден түштүк-чыгышыраак жактагы Кишиневдун кире беришинде жайгашкан каршы тараптын коргонуусун жарып өтөт. Душман кандай оор абалга туш болгонун эки күн өтүп гана түшүнгөн. Бирок кеч болуп калган эле.
5-армиянын аскерлери Кишиневду түндүгүнөн да, чыгыш менен түштүгүнөн да курчап, немецтик горнизонду кысымга алган. Көп өтпөй шаарда баш калкалаган фашисттерге чабуул башталат. Улам бир көчөнү бошотуп отуруп, советтик жоокерлер 24-август таңкы саат 4тө Кишиневду толугу менен ээлешет.
Ошол эле күнү Москва радиосу Молдованын борбору бошотулганын жар салып, согушта өзгөчөлөнгөн командачылардын катарында Берзариндин ысымы биринчи болуп аталат.