https://sputnik.kg/20260824/bishkek-ak-keme-achyldy-1103156146.html
“Ак-Кеме” мейманканасы ачылып, Жапаров соттук талаш кантип чечилгенин айтты
“Ак-Кеме” мейманканасы ачылып, Жапаров соттук талаш кантип чечилгенин айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда түрк ишкерлери тарабынан курулуп, кийин мыйзамсыз тартып алынган имарат боюнча... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T09:50+0600
2026-08-24T09:50+0600
2026-08-24T09:50+0600
кыргызстан
бишкек
"ак-кеме" мейманканасы
садыр жапаров
сот
чечим
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103155284_0:165:2560:1605_1920x0_80_0_0_bbce450e9fe691163ef212178c5112d0.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда түрк ишкерлери тарабынан курулуп, кийин мыйзамсыз тартып алынган имарат боюнча соттук териштирүүнү тынчтык келишими менен аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.Мамлекет башчынын айтымында, имаратты тарттырып жиберген түрк инвесторлору Нью-Йорктун сотуна кайрылып, жеңип алышкан. Анын негизинде Кыргызстан 16,5 миллион доллар төлөп бериши же имаратты кайтарышы керек болгон.Президент 2021-жылдан баштап эки жыл бою инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи.
https://sputnik.kg/20220609/ak-keme-meymankanasyn-bankrot-kylyp-zhatyshat-1065072173.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/18/1103155284_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_a537fec01ed59c19652037f34b8f5cf2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, "ак-кеме" мейманканасы, садыр жапаров, сот, чечим
кыргызстан, бишкек, "ак-кеме" мейманканасы, садыр жапаров, сот, чечим
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Кыргызстан мурдагы президент Аскар Акаевдин тушунда түрк ишкерлери тарабынан курулуп, кийин мыйзамсыз тартып алынган имарат боюнча соттук териштирүүнү тынчтык келишими менен аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Мамлекет башчынын айтымында, имаратты тарттырып жиберген түрк инвесторлору Нью-Йорктун сотуна кайрылып, жеңип алышкан. Анын негизинде Кыргызстан 16,5 миллион доллар төлөп бериши же имаратты кайтарышы керек болгон.
“Чечим өз убагында аткарылбагандыктан, Нью-Йорк соту кечиктирилген ар бир күн үчүн 15 миң доллардан туум эсептеп, 2020-жылы биз бийликке келгенге чейин карыздын суммасы 30 миллион долларга чейин өсүп кеткен”, — деди Жапаров.
Президент 2021-жылдан баштап эки жыл бою инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн белгиледи.
“Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында сумманы 6,5 миллион долларга чейин түшүрүп, акчасын төлөп бердик. 2023-жылы тынчтык келишимине келип, алар соттогу доо арызын кайтарып алышты. Ошентип, имаратты соттук талаштардан толук куткарып чыктык”, — деп кошумчалады өлкө башчы.