https://sputnik.kg/20260824/azyk-tuluk-korkunuchta-1103156963.html
Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калды
Дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугу үч көйгөйдүн айынан коркунуч алдында калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Соодадагы тоскоолдуктар, кымбаттаган энергия жана климаттын кескин өзгөрүшү дүйнөлүк азык-түлүк системасына олуттуу коркунуч... 24.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-24T10:17+0600
2026-08-24T10:17+0600
2026-08-24T10:17+0600
дүйнөдө
азык-түлүк
кризис
баа
кымбат
энергетика
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091199268_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_cdd0054644b94bbb3b680af1e4e3fc6e.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Соодадагы тоскоолдуктар, кымбаттаган энергия жана климаттын кескин өзгөрүшү дүйнөлүк азык-түлүк системасына олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу тармактык адистерге таянып The New York Timesбасылмасы жазды.Гвельф университетинин Азык-түлүк институтунун директору Эван Фрейзердин айтымында, азыркы система үзгүлтүксүз соодага, арзан энергияга жана туруктуу климатка көз каранды. Бүгүнкү күндө бул шарттардын бири да толук аткарылбай калды.Аптаптуу ысык менен кургакчылык буудай өндүргөн ири өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда түшүмдүн азайышына алып келди. Бул дан баасынын кескин өсүшүнө түрткү болот. Натыйжада америкалык буудайды сатып алган кедей өлкөлөр аны бир кыйла кымбат баада алууга мажбур болушу мүмкүн.Дан ташууда да олуттуу кыйынчылыктар жаралууда:БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун улук экономисти Моника Тотова аба ырайынын бузулушу, Кара деңизден экспорттоонун чектелиши жана негизги деңиз каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы бири-бирине кошул-ташыл болуп, көйгөйдү ого бетер күчөтөрүн эскертти.Буга чейин Reuters агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууда көйгөйлөр жаралса, жыл аягынан тарта азык-түлүк баасы дагы тездик менен кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын шартында алгачкы үч айда дүйнөдө буудай жана жүгөрү эгилген аянттар кыскарган, ал эми айрым америкалык дыйкандар жер семирткичти аз талап кылган соя өстүрүүгө өтүшкөн.
https://sputnik.kg/20260813/rf-tim-ukraina-azyk-tuluk-rynok-bashalamandyk-1102959009.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/01/01/1091199268_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_502248d0fb83904bf92886750ec3bca4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, азык-түлүк, кризис, баа, кымбат, энергетика
дүйнөдө, азык-түлүк, кризис, баа, кымбат, энергетика
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Соодадагы тоскоолдуктар, кымбаттаган энергия жана климаттын кескин өзгөрүшү дүйнөлүк азык-түлүк системасына олуттуу коркунуч жаратууда. Бул тууралуу тармактык адистерге таянып The New York Timesбасылмасы жазды.
Гвельф университетинин Азык-түлүк институтунун директору Эван Фрейзердин айтымында, азыркы система үзгүлтүксүз соодага, арзан энергияга жана туруктуу климатка көз каранды. Бүгүнкү күндө бул шарттардын бири да толук аткарылбай калды.
Аптаптуу ысык менен кургакчылык буудай өндүргөн ири өлкөлөрдө, анын ичинде АКШда түшүмдүн азайышына алып келди. Бул дан баасынын кескин өсүшүнө түрткү болот. Натыйжада америкалык буудайды сатып алган кедей өлкөлөр аны бир кыйла кымбат баада алууга мажбур болушу мүмкүн.
Дан ташууда да олуттуу кыйынчылыктар жаралууда:
Буудай соодасындагы эң негизги жолдордун бири болгону менен, Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышуу аймагында калууда;
Хуситтердин кемелерге кол салуусунан улам жүк ташуучу кемелер Африканы айланып өткөн узак жолду тандоого аргасыз болууда;
Эль-Ниньо кубулушунан улам Панама каналында, ал эми кургакчылыктан улам Рейн жана Дунай дарыяларында суунун деңгээли төмөндөп кеткен.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун улук экономисти Моника Тотова аба ырайынын бузулушу, Кара деңизден экспорттоонун чектелиши жана негизги деңиз каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы бири-бирине кошул-ташыл болуп, көйгөйдү ого бетер күчөтөрүн эскертти.
Буга чейин Reuters агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу жүк ташууда көйгөйлөр жаралса, жыл аягынан тарта азык-түлүк баасы дагы тездик менен кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын шартында алгачкы үч айда дүйнөдө буудай жана жүгөрү эгилген аянттар кыскарган, ал эми айрым америкалык дыйкандар жер семирткичти аз талап кылган соя өстүрүүгө өтүшкөн.