Жапаров Көчмөндөр оюндары өтө турган "Бишкек Аренага" барып, даярдыкты текшерди
Жапаров Көчмөндөр оюндары өтө турган "Бишкек Аренага" барып, даярдыкты текшерди
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү... 22.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-22T23:13+0600
2026-08-22T23:13+0600
2026-08-28T14:19+0600
кыргызстан
садыр жапаров
адылбек касымалиев
vi дүйнөлүк көчмөндөр оюндары
бишкек арена
текшерүү
дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — 2026. соңку маалыматтар
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп, текшерди. Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жүрдү. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы президент стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди көрүп чыкканын кабарлады. Жапаров стадиондун ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборуна да кирген. Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү", — деп кабарлашты маалымат кызматынан. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн "Бишкек Арена" стадионунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине даярдык көрүү иштеринин жүрүшүн көрүп, текшерди. Аны менен кошо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да жүрдү.
Садыр Жапаров менен Адылбек Касымалиев "Бишкек Арена" стадионуна барды
Мамлекет башчысынын маалымат кызматы президент стадиондун инфраструктурасы менен таанышып, анын аймагында жайгашкан негизги объектилерди көрүп чыкканын кабарлады.
Жапаров стадиондун ичинде комплекстин негизги коомдук зоналарынын бири болгон соода борборуна да кирген.
"Даярдык иштеринин жүрүшүндө ачылыш аземин уюштурууга жана алдыдагы иш-чаранын катышуучулары менен коноктору үчүн зарыл шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Оюндардын ачылышына даярдыктын алкагында мамлекет башчысына алдыдагы ачылыш аземдин айрым бөлүктөрү да көрсөтүлдү", — деп кабарлашты маалымат кызматынан.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.