https://sputnik.kg/20260822/germeniya-urkaina-tyshky-ishter-ministr-ish-sapar-sujloshuu-1103134483.html
ЖМК: Германиянын ТИМ башчысы Украинага айтпай-дебей келди. Сапардын максаты
ЖМК: Германиянын ТИМ башчысы Украинага айтпай-дебей келди. Сапардын максаты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги... 22.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-22T15:18+0600
2026-08-22T15:18+0600
2026-08-22T15:18+0600
дүйнөдө
украина
германия
министр
согуш
колдоо
дрон
кызматташуу
талкуу
нааразы
https://sputnik.kg/img/07e8/03/10/1083459072_0:100:3285:1948_1920x0_80_0_0_c46e9cb0ab50cfc469538b7493f285a1.jpg
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Deutschlandfunk радиостанциясынын билдирүүсүнө таянып жазды. Ал эми Bild гезити ал Киевде ишемби күнү эртең менен болуп калганын билдирген. Deutschlandfunk берген маалыматка таянсак, Германиянын ТИМ башчысы эки өлкөнүн техникалык-экономикалык тармактардагы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаган. Ошондой эле пилотсуз учактарды биргелешип иштеп чыгуу маселесин да талкуулайт дешти. Май айында Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага курал-жарак өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн барган. Кийинчерээк Германия менен Украина 1,5 миң чакырымга чейин аралыкка учкан дрондорду биргелешип иштеп чыгып, өндүрө турганын билдирген. Анткен менен буга чейин "Германия үчүн альтернатива" оппозициялык партиясынан шайланган депутат Маркус Фронмайер өлкө бийлигин Украинаны колдоонун чегин белгилөөнү талап кылган. Депутат Германия ушу кезге чейин эки тараптуу макулдашуунун алкагында Украинага 100 миллиард евро которгонун, Евробиримдик берген жардамда Берлиндин үлүшү 216 миллиард еврого жеткенин эске салган. Фронмайер Украинага кеткен чыгымдын масштабын ачыктап, дайыны жок каржылоону токтотууну эскерткен.
https://sputnik.kg/20260812/ukraina-kyshyneda-kyjnalat-1102935395.html
украина
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/03/10/1083459072_278:0:3009:2048_1920x0_80_0_0_64cf54b8cd55c707b2c14cfa2a870017.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, германия, министр, согуш, колдоо, дрон, кызматташуу, талкуу, нааразы
дүйнөдө, украина, германия, министр, согуш, колдоо, дрон, кызматташуу, талкуу, нааразы
БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу
РИА Новости агенттиги Deutschlandfunk радиостанциясынын билдирүүсүнө таянып жазды.
Ал эми Bild гезити ал Киевде ишемби күнү эртең менен болуп калганын билдирген.
Deutschlandfunk берген маалыматка таянсак, Германиянын ТИМ башчысы эки өлкөнүн техникалык-экономикалык тармактардагы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаган. Ошондой эле пилотсуз учактарды биргелешип иштеп чыгуу маселесин да талкуулайт дешти.
Май айында Германиянын коргоо министри Борис Писториус Украинага курал-жарак өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн барган. Кийинчерээк Германия менен Украина 1,5 миң чакырымга чейин аралыкка учкан дрондорду биргелешип иштеп чыгып, өндүрө турганын билдирген.
Анткен менен буга чейин "Германия үчүн альтернатива" оппозициялык партиясынан шайланган депутат Маркус Фронмайер өлкө бийлигин Украинаны
колдоонун чегин белгилөөнү талап кылган. Депутат Германия ушу кезге чейин эки тараптуу макулдашуунун алкагында Украинага 100 миллиард евро которгонун, Евробиримдик берген жардамда Берлиндин үлүшү 216 миллиард еврого жеткенин эске салган. Фронмайер Украинага кеткен чыгымдын масштабын ачыктап, дайыны жок каржылоону токтотууну эскерткен.