https://sputnik.kg/20260822/1103138989.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 17:00Көчмөндөрдүн цивилизациялык мурасы: “Династия. Металл. Ат” монографиясынын бет ачары өттүГерманиянын ТИМ башчысы Украинага алдын ала кабарлабай... 22.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-22T17:00+0600
2026-08-22T17:00+0600
2026-08-22T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103138823_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_19f70299d55dea38669c6725a118267d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 17:00Көчмөндөрдүн цивилизациялык мурасы: “Династия. Металл. Ат” монографиясынын бет ачары өттүГерманиянын ТИМ башчысы Украинага алдын ала кабарлабай келди.Кыргызстанда инсультту дарылоонун заманбап ыкмалары кеңейүүдө
Кыргызстанда инсульт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер күчөтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында инсульт борборлорунун ишин уюштуруу, бейтаптарды багыттоо жана дарылоо тартибин жөнгө салган документтер бекитилди. Ошондой эле мамлекеттик медициналык уюмдарда тромболитикалык терапия системалуу түрдө колдонулуп, механикалык тромбэктомия ыкмасын киргизүү уланууда. Бүгүнкү күндө тромболитикалык терапия өлкөдөгү 10 инсульт борборунда жүргүзүлөт.Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде инсульт борборлорунда 227 бейтап катталып, алардын 92%дан ашыгы нейровизуалдык изилдөөдөн өткөн.
Бишкек шаарына акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын коллегиясынын жыйынында маалымдалды. Тартылган каражаттар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны жаңылоого, таштандыларды кайра иштетүүгө, заманбап көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди модернизациялоого багытталууда. "Учурда инвестициялык долбоорлордун арасында таштандыларды кайра иштетүү жана энергия өндүрүү, тазалоочу курулмаларды жаңылоо жана ири көп функционалдуу комплекстерди куруу долбоорлору бар", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде ”Династия. Металл. Ат” аттуу монографиянын биринчи томунун бет ачары өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана тарых илимине кызыккан коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Монографиянын авторлору – белгилүү мамлекеттик ишмер Өмүрбек Текебаев жана экономист Кубан Чоров. Авторлор бет ачар учурунда эмгектин мазмуну, изилдөөнүн жүрүшү жана китепти жазуу тарыхы тууралуу маалымат беришти. Эмгекте Евразиянын көчмөн коомдорунун тарыхына жаңыча көз караш сунушталат. Авторлор көчмөн коомдорду отурукташкан цивилизациялардын четинде жашаган коом катары гана эмес, өз алдынча цивилизациялык өнүгүү тиби катары кароо зарылдыгын белгилешет.
Германиянын тышкы иштер министри Йоханн ВАдефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Ал эми Bild гезити ал Киевде ишемби күнү эртең менен болуп калганын билдирген. ( Дойчландфунк) радиостанциясынын берген маалыматка таянсак, Германиянын ТИМ башчысы эки өлкөнүн техникалык-экономикалык тармактардагы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаган. Ошондой эле пилотсуз учактарды биргелешип иштеп чыгуу маселесин да талкуулайт дешти. Май айында Германиянын коргоо министри Борис ПиСториус Украинага курал-жарак өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн барган. Кийинчерээк Германия менен Украина 1,5 миң чакырымга чейин аралыкка учкан дрондорду биргелешип иштеп чыгып, өндүрө турганын билдирген.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 38 тыйынга юань 13 сом го рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы 23-августка караган түнү өлкөбүздө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жекшемби күнү республикабыздын көпчүлүк аймактарында Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Жалал-Абад, Ош облустарында +30...+35, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын аймагында +10...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +31...+33, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Саат 17:00Көчмөндөрдүн цивилизациялык мурасы: “Династия. Металл. Ат” монографиясынын бет ачары өттүГерманиянын ТИМ башчысы Украинага алдын ала кабарлабай келди.Кыргызстанда инсультту дарылоонун заманбап ыкмалары кеңейүүдө Кыргызстанда инсульт менен жабыркаган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштер күчөтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында инсульт борборлорунун ишин уюштуруу, бейтаптарды багыттоо жана дарылоо тартибин жөнгө салган документтер бекитилди. Ошондой эле мамлекеттик медициналык уюмдарда тромболитикалык терапия системалуу түрдө колдонулуп, механикалык тромбэктомия ыкмасын киргизүү уланууда. Бүгүнкү күндө тромболитикалык терапия өлкөдөгү 10 инсульт борборунда жүргүзүлөт.Ал эми 2026-жылдын биринчи чейрегинде инсульт борборлорунда 227 бейтап катталып, алардын 92%дан ашыгы нейровизуалдык изилдөөдөн өткөн. Бишкек шаарына акыркы эки жылда 1 млрд доллардан ашык инвестиция тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын коллегиясынын жыйынында маалымдалды. Тартылган каражаттар коммуналдык жана социалдык инфраструктураны жаңылоого, таштандыларды кайра иштетүүгө, заманбап көп функционалдуу комплекстерди курууга жана шаардык объектилерди модернизациялоого багытталууда. "Учурда инвестициялык долбоорлордун арасында таштандыларды кайра иштетүү жана энергия өндүрүү, тазалоочу курулмаларды жаңылоо жана ири көп функционалдуу комплекстерди куруу долбоорлору бар", - деп айтылат маалыматта.Бүгүн Бишкек шаарындагы Улуттук тарых музейинде ”Династия. Металл. Ат” аттуу монографиянын биринчи томунун бет ачары өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев баштаган мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар жана тарых илимине кызыккан коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Монографиянын авторлору – белгилүү мамлекеттик ишмер Өмүрбек Текебаев жана экономист Кубан Чоров. Авторлор бет ачар учурунда эмгектин мазмуну, изилдөөнүн жүрүшү жана китепти жазуу тарыхы тууралуу маалымат беришти. Эмгекте Евразиянын көчмөн коомдорунун тарыхына жаңыча көз караш сунушталат. Авторлор көчмөн коомдорду отурукташкан цивилизациялардын четинде жашаган коом катары гана эмес, өз алдынча цивилизациялык өнүгүү тиби катары кароо зарылдыгын белгилешет. Германиянын тышкы иштер министри Йоханн ВАдефуль Украинага алдын ала кабарлабай эле барган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Ал эми Bild гезити ал Киевде ишемби күнү эртең менен болуп калганын билдирген. ( Дойчландфунк) радиостанциясынын берген маалыматка таянсак, Германиянын ТИМ башчысы эки өлкөнүн техникалык-экономикалык тармактардагы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү пландаган. Ошондой эле пилотсуз учактарды биргелешип иштеп чыгуу маселесин да талкуулайт дешти. Май айында Германиянын коргоо министри Борис ПиСториус Украинага курал-жарак өндүрүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн барган. Кийинчерээк Германия менен Украина 1,5 миң чакырымга чейин аралыкка учкан дрондорду биргелешип иштеп чыгып, өндүрө турганын билдирген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 38 тыйынга юань 13 сом го рубль 1 сом 1 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.Аба ырайы 23-августка караган түнү өлкөбүздө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Жекшемби күнү республикабыздын көпчүлүк аймактарында Жалал-Абад, Ош облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Баткен өрөөндөрүндө +29...+34, Жалал-Абад, Ош облустарында +30...+35, Талас чөлкөмүндө +25...+30, Ысык-Көл өрөөнүндө +17...+22, Нарын аймагында +10...+25 градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +31...+33, Ошто +30...+32, ал эми Чолпон-Атада +18...+20 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103138823_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f1bbf142e8cd0987bef2ca251262967f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио