https://sputnik.kg/20260822/1103132444.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
саат 13:00 Улан Маматканов Эмгек министрлигинин коллегиясына катыштыФранциядагы президенттик шайлоо НАТО үчүн көйгөй жаратышы мүмкүнКараколдо жаңыланган музей... 22.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-22T13:00+0600
2026-08-22T13:00+0600
2026-08-22T13:36+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103132278_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_96732543549d90bbfbde07f7ec735d01.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
саат 13:00 Улан Маматканов Эмгек министрлигинин коллегиясына катыштыФранциядагы президенттик шайлоо НАТО үчүн көйгөй жаратышы мүмкүнКараколдо жаңыланган музей менен заманбап парк ачылып, ага Касымалиев катышты
Каракол шаарында тарыхый музей менен эс алуу жайы оңдолуп-түздөлүп бүтүп, салтанат менен ачылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн маалымдашты.Ал жерде заман талабына жооп берген жашыл аймактары бар, балдар аянтчалары жана ыңгайлуу инфраструктура менен жабдылган сейил бакты ишке киргизүүгө 450 миллион сом жумшалган.Александр Пушкин атындагы эс алуу жайынын ачылыш аземинде Касымалиев президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү саясаты ишке ашырылып жатканын белгиледи. Буга мисал катары Каракол шаарында да жолдор жаңыланып, турак жайлар курулуп, туристтик жана транспорттук инфраструктура жаңы деңгээлге чыгып жатканын билдирди.Мындан тышкары, премьер шаардагы Тарых-аймак таануу музейинин реконструкциядан кийинки ачылышына катышкан. Объектини комплекстүү жаңыртуу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 159 миллион сом каралган. Музейде баш-аягы 14 миңге жакын экспонат сакталып, аймактын турмушун жана калктын салт-санаасын баяндайт. Имарат 19 кылымдын аягына мүнөздүү архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган тарыхый курулуштарынын бир бөлүгү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты. Жыйында министрликтин отчеттук мезгил ичиндеги негизги иш-аракеттеринин натыйжалары, ошондой эле эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жаатында мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу милдеттер каралды. Коллегиянын жүрүшүндө калкты социалдык колдоо боюнча мамлекеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруу, жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жарандардын эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жарандардын социалдык корголушун камсыз кылуу, эмгек менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Россиялык журналисттер таанышуу сапары менен Кыргызстанга келдиПресс-турдун алкагында журналисттер Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттин маалымат саясаты менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн маданий, жаратылыш жана туристтик жайларын кыдырышат. Иш-чараны президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов уюштурган. Делегациянын курамында “Первый канал”, “Россия 1”, НТВ, RT, “Известия” МИЦ, МТРК “МИР”, ТАСС, “Россия сегодня”, “Интерфакс”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда” жана URA.RU басылмаларынын өкүлдөрү бар. Буга чейин мындай сапарлар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын журналисттери үчүн уюштурулган.
2027-жылы Францияда президенттик шайлоо өтөт. Politico басылмасы бул шайлоонун жыйынтыгы НАТОнун баш оорусу болушу мүмкүн экенин жазды. Себеби Франциядагы айрым таасирдүү саясатчылар НАТОго сын көз карашта. Акыркы сурамжылоолор боюнча, франциялыктардын дээрлик жарымы НАТОго карата сынчыл позициядагы талапкерлерди колдошу мүмкүн. Эгер алардын бири президент болуп калса, Франциянын НАТО менен кызматташтыгы солгундашы ыктымал. Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи туру 2027-жылдын 18-апрелинде, ал эми зарыл болсо экинчи туру 2-майда өтөт.
саат 13:00 Улан Маматканов Эмгек министрлигинин коллегиясына катыштыФранциядагы президенттик шайлоо НАТО үчүн көйгөй жаратышы мүмкүнКараколдо жаңыланган музей менен заманбап парк ачылып, ага Касымалиев катышты Каракол шаарында тарыхый музей менен эс алуу жайы оңдолуп-түздөлүп бүтүп, салтанат менен ачылды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышканын өкмөттөн маалымдашты.Ал жерде заман талабына жооп берген жашыл аймактары бар, балдар аянтчалары жана ыңгайлуу инфраструктура менен жабдылган сейил бакты ишке киргизүүгө 450 миллион сом жумшалган.Александр Пушкин атындагы эс алуу жайынын ачылыш аземинде Касымалиев президент Садыр Жапаровдун аймактарды өнүктүрүү саясаты ишке ашырылып жатканын белгиледи. Буга мисал катары Каракол шаарында да жолдор жаңыланып, турак жайлар курулуп, туристтик жана транспорттук инфраструктура жаңы деңгээлге чыгып жатканын билдирди.Мындан тышкары, премьер шаардагы Тарых-аймак таануу музейинин реконструкциядан кийинки ачылышына катышкан. Объектини комплекстүү жаңыртуу үчүн республикалык бюджеттин эсебинен 159 миллион сом каралган. Музейде баш-аягы 14 миңге жакын экспонат сакталып, аймактын турмушун жана калктын салт-санаасын баяндайт. Имарат 19 кылымдын аягына мүнөздүү архитектуралык өзгөчөлүктөрүн сактап калган тарыхый курулуштарынын бир бөлүгү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты. Жыйында министрликтин отчеттук мезгил ичиндеги негизги иш-аракеттеринин натыйжалары, ошондой эле эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо жаатында мамлекеттик саясатты андан ары өркүндөтүү боюнча артыкчылыктуу милдеттер каралды. Коллегиянын жүрүшүндө калкты социалдык колдоо боюнча мамлекеттик программаларды жана чараларды ишке ашыруу, жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү, жарандардын эмгек укуктарын коргоо, ошондой эле миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов жарандардын социалдык корголушун камсыз кылуу, эмгек менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча системалуу иш жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.Россиялык журналисттер таанышуу сапары менен Кыргызстанга келдиПресс-турдун алкагында журналисттер Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттин маалымат саясаты менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн маданий, жаратылыш жана туристтик жайларын кыдырышат. Иш-чараны президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов уюштурган. Делегациянын курамында “Первый канал”, “Россия 1”, НТВ, RT, “Известия” МИЦ, МТРК “МИР”, ТАСС, “Россия сегодня”, “Интерфакс”, “Московский комсомолец”, “Комсомольская правда” жана URA.RU басылмаларынын өкүлдөрү бар. Буга чейин мындай сапарлар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Азербайжандын журналисттери үчүн уюштурулган. 2027-жылы Францияда президенттик шайлоо өтөт. Politico басылмасы бул шайлоонун жыйынтыгы НАТОнун баш оорусу болушу мүмкүн экенин жазды. Себеби Франциядагы айрым таасирдүү саясатчылар НАТОго сын көз карашта. Акыркы сурамжылоолор боюнча, франциялыктардын дээрлик жарымы НАТОго карата сынчыл позициядагы талапкерлерди колдошу мүмкүн. Эгер алардын бири президент болуп калса, Франциянын НАТО менен кызматташтыгы солгундашы ыктымал. Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи туру 2027-жылдын 18-апрелинде, ал эми зарыл болсо экинчи туру 2-майда өтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103132278_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b10e18e968a238ea9959eea3ba36ab65.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио