https://sputnik.kg/20260822/1103130505.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 11:00 Көчмөндөр оюнунун иш-чараларына билет баасы такталдыЗеленский согушту улантууга күч, каражат жетишпей жатканын айттыБажы – бюджеттин башкы тиреги 30... 22.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-22T11:00+0600
2026-08-22T11:00+0600
2026-08-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103130339_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3fcdc160218bc6340cc65b39c5d6c96b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Саат 11:00 Көчмөндөр оюнунун иш-чараларына билет баасы такталдыЗеленский согушту улантууга күч, каражат жетишпей жатканын айттыБажы – бюджеттин башкы тиреги 30 жылдык кирешени 5 жылда чогултту
Кыргызстандын кирешесинин өсүшү өлкөдөгү мамлекеттик башкаруунун сапаты өзгөргөнүнүн башкы көрсөткүчү. Бул жолу Мамлекеттик бажы кызматы ийгиликтери менен бөлүштү. Эксперттер, саясат таануучулар 30 жылдык бажы төлөмдөрү менен акыркы беш жылдык бажы төлөмдөрү арасындагы айырманын себептерин талкуулап жатышат. Алар кирешелер натыйжалуу топтолуп, көмүскө агымдар кыскарып, мамлекеттик институттардын иштөө жөндөмдүүлүгү жогорулаганын белгилешүүдө. Мамлекеттик бюджеттин тең жарымын камсыздап, өлкө казынасынын эки негизги тирегинин бирине айланган Бажы кызматы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй кирешеге чыкты. Кирешени кеңири масштабда карап көрсөк айырмачылык даана байкалат. 1991-жылдан бери 30 жыл ичинде жыйналган жалпы каражатты азыркы бажы тутуму болгону 5 жарым жылдын ичинде эселеп басып өтүп, тарыхый рекордду жаңылады
Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда оюндардын маданий жана спорттук иш-чаралары 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө бир нече локацияда өтөт. "Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болот. "Рух Ордо", "Дордой Номад" амфитеатрында жана Чолпон-Атадагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билет баасы 500 сом", — деп айтылат маалыматта. Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша баада сатылатБелгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта жаңы салынган "Бишкек арена" стадионунда өтөт. Ага билеттин баасы 5000 сом болору айтылган.
Кыргызстанда өткөрүлгөн экоакцияларда бардык уюштуруу иштери тийиштүү деңгээлде жүрүп, ыктыярчылар жатакана жана тамак-аш менен толук камсыздалган. Бирок, “Формула-1” боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор федерациясынын техникалык көзөмөл боюнча адиси Элдияр Манап билдирди. Анын айтымында, иш-чарадагы ыктыярчылардын тамак-ашын подрядчылар камсыз кылган жана федерация бул процессти көзөмөлдөөгө жетише алган жок.Элдияр Манап белгилегендей, уюштуруучулар сын-пикирлерди көзөмөлдөп, ар бир комментарийге, айрыкча экологиялык маселелер боюнча жооп берүүгө аракет кылышкан. Иш-чараларды чагылдыруу үчүн, журналисттерден тышкары, блогерлер да чакырылган.
Владимир Зеленский согушту улантуу үчүн Украинада каражат, күч тартыш болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал согушка оңбогондой каражат кетип жатканын, бул олуттуу көйгөй болуп турганын мойнуна алган. Зеленский бул тууралуу Украинанын жаңы коргонуу министри Евгений Хмараны тааныштыруу учурунда аскер кызматкерлеринин, депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн алдында айткан. Жаңы дайындалган министрден Батыштагы өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышы боюнча аудитти күтөрүн белгиледи. Буга чейин, 22-июнда Зеленский өлкөнүн 2026-жылга каралган бюджетиндеги аскердик чыгымдарды көбөйтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ал эми май айынын соңунда Украинанын Финансы министрлиги Жогорку Рада коргонуу чыгымдарын 1,56 триллион гривнага көбөйтүүнү биринчи окууда колдогонун маалымдаган.
Саат 11:00 Көчмөндөр оюнунун иш-чараларына билет баасы такталдыЗеленский согушту улантууга күч, каражат жетишпей жатканын айттыБажы – бюджеттин башкы тиреги 30 жылдык кирешени 5 жылда чогулттуКыргызстандын кирешесинин өсүшү өлкөдөгү мамлекеттик башкаруунун сапаты өзгөргөнүнүн башкы көрсөткүчү. Бул жолу Мамлекеттик бажы кызматы ийгиликтери менен бөлүштү. Эксперттер, саясат таануучулар 30 жылдык бажы төлөмдөрү менен акыркы беш жылдык бажы төлөмдөрү арасындагы айырманын себептерин талкуулап жатышат. Алар кирешелер натыйжалуу топтолуп, көмүскө агымдар кыскарып, мамлекеттик институттардын иштөө жөндөмдүүлүгү жогорулаганын белгилешүүдө. Мамлекеттик бюджеттин тең жарымын камсыздап, өлкө казынасынын эки негизги тирегинин бирине айланган Бажы кызматы акыркы жылдары болуп көрбөгөндөй кирешеге чыкты. Кирешени кеңири масштабда карап көрсөк айырмачылык даана байкалат. 1991-жылдан бери 30 жыл ичинде жыйналган жалпы каражатты азыркы бажы тутуму болгону 5 жарым жылдын ичинде эселеп басып өтүп, тарыхый рекордду жаңылады Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда оюндардын маданий жана спорттук иш-чаралары 1-6-сентябрь күндөрү Ысык-Көлдө бир нече локацияда өтөт. "Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз болот. "Рух Ордо", "Дордой Номад" амфитеатрында жана Чолпон-Атадагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билет баасы 500 сом", — деп айтылат маалыматта. Ал эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша баада сатылатБелгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи 31-августта жаңы салынган "Бишкек арена" стадионунда өтөт. Ага билеттин баасы 5000 сом болору айтылган. Кыргызстанда өткөрүлгөн экоакцияларда бардык уюштуруу иштери тийиштүү деңгээлде жүрүп, ыктыярчылар жатакана жана тамак-аш менен толук камсыздалган. Бирок, “Формула-1” боюнча дүйнөлүк чемпионат учурунда мүчүлүштүктөр болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Суу-мотор федерациясынын техникалык көзөмөл боюнча адиси Элдияр Манап билдирди. Анын айтымында, иш-чарадагы ыктыярчылардын тамак-ашын подрядчылар камсыз кылган жана федерация бул процессти көзөмөлдөөгө жетише алган жок.Элдияр Манап белгилегендей, уюштуруучулар сын-пикирлерди көзөмөлдөп, ар бир комментарийге, айрыкча экологиялык маселелер боюнча жооп берүүгө аракет кылышкан. Иш-чараларды чагылдыруу үчүн, журналисттерден тышкары, блогерлер да чакырылган. Владимир Зеленский согушту улантуу үчүн Украинада каражат, күч тартыш болуп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал согушка оңбогондой каражат кетип жатканын, бул олуттуу көйгөй болуп турганын мойнуна алган. Зеленский бул тууралуу Украинанын жаңы коргонуу министри Евгений Хмараны тааныштыруу учурунда аскер кызматкерлеринин, депутаттардын жана өкмөт мүчөлөрүнүн алдында айткан. Жаңы дайындалган министрден Батыштагы өнөктөштөрү менен түзүлгөн келишимдердин аткарылышы боюнча аудитти күтөрүн белгиледи. Буга чейин, 22-июнда Зеленский өлкөнүн 2026-жылга каралган бюджетиндеги аскердик чыгымдарды көбөйтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Ал эми май айынын соңунда Украинанын Финансы министрлиги Жогорку Рада коргонуу чыгымдарын 1,56 триллион гривнага көбөйтүүнү биринчи окууда колдогонун маалымдаган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/16/1103130339_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aac89912e32fda009a04ff3bf87714f0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио