https://sputnik.kg/20260821/kyrgyzstan-suudagy-formula-1-zharyshyna-2-mln-chukul-akcha-zhumshady-1103109185.html
Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышына 2 млн. долларга чукул акча жумшады
Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышына 2 млн. долларга чукул акча жумшады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм... 21.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-21T13:42+0600
2026-08-21T13:42+0600
2026-08-21T13:42+0600
кыргызстан
ысык-көл
uim f1h2o grand prix of kyrgyzstan
суу
мелдеш
https://sputnik.kg/img/07ea/08/02/1102752749_0:84:1600:984_1920x0_80_0_0_93841bf132841ca2fd4e7e7ec3e6d1db.jpg
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, иш-чаранын экономикалык пайдасы 12,5 миллион долларга жакын болгонун билдирди. Эске салсак, UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы 1-августта Бает айылынын аймагындагы сууда (Ысык-Көлдө) башталып, үч күнгө созулду. Анын ачылышына бир нече чет мамлекеттин президенттери жана мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. https://sputnik.kg/20260801/zhaparov-ysyk-kol-formula-1-zharysh-suudagy-meldesh-1102738094.html Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдык менен жүрүүчү жана саатына 100 чакырымга чейинки ылдамдыкты 3 секунддан аз убакта топтоого жөндөмдүү жогорку технологиялуу жарыш катамарандарында күч сынашты. Суудагы "Формула-1" мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стремой ээледи.
https://sputnik.kg/20260801/ysyk-kol-formula-1-suu-zharysh-meldesh-1102740507.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/02/1102752749_89:0:1512:1067_1920x0_80_0_0_eb9ce31cfb028c44f2cfa0564b7bdf63.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, uim f1h2o grand prix of kyrgyzstan , суу, мелдеш
кыргызстан, ысык-көл, uim f1h2o grand prix of kyrgyzstan , суу, мелдеш
Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышына 2 млн. долларга чукул акча жумшады
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстан суудагы "Формула-1" жарышын даярдоого жана өткөрүүгө эки миллион доллардан ашык акча жумшады. Бул туурасында Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Эдуард Кубатов "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында айтты.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, иш-чаранын экономикалык пайдасы 12,5 миллион долларга жакын болгонун билдирди.
"Үч күндүн ичинде иш-чарага 14 миң 600 адам келди. Ошол күндөрү Бает айылындагы мейманканалардын номерлери 70 доллардан 400 долларга чейин кымбаттады. Мелдеш эл аралык 44 платформадан берилди, адатта аларды 300 миллиондон 800 миллионго чейин адам көрөт. Социалдык тармактардан көргөндөрдүн саны 200 миллиондон ашты", — деди ал.
Эске салсак, UIM F1H2O дүйнө чемпионатынын Grand Prix of Kyrgyzstan этабы 1-августта Бает айылынын аймагындагы сууда (Ысык-Көлдө) башталып, үч күнгө созулду. Анын ачылышына бир нече чет мамлекеттин президенттери жана мамлекет башчы Садыр Жапаров катышты. https://sputnik.kg/20260801/zhaparov-ysyk-kol-formula-1-zharysh-suudagy-meldesh-1102738094.html
Мелдешке 13 өлкөдөн 8 эл аралык команда жана 18 пилот катышты. Чемпионаттын этабы деңиз деңгээлинен 1 607 метр бийиктикте өткөндүктөн Кыргызстандагы F1H2O мелдешинин тарыхындагы эң бийик тоолуу этап болуп калды. Спортчулар саатына 250 чакырымга чейин ылдамдык менен жүрүүчү жана саатына 100 чакырымга чейинки ылдамдыкты 3 секунддан аз убакта топтоого жөндөмдүү жогорку технологиялуу жарыш катамарандарында күч сынашты.
Суудагы "Формула-1" мелдешинин баш байгесин азыркы дүйнө чемпиону Шон Торренте утуп алды. Victory Team командасынын америкалык пилоту жеңүүчү болсо, экинчини швециялык Эрик Старк, ал эми үчүнчү орунду норвегиялык Марит Стремой ээледи.