00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Если разобраться...
Большие перемены и маленькие вопросы: что на самом деле меняется для кыргызстанца?
12:05
120 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Эркек мугалимдердин жетишсиздиги окуучулардын тарбиясына жана билим алуусуна кандай таасир этет?
15:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Всемирный фестиваль молодёжи в Екатеринбурге: чем живёт современное поколение
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Зачем Бишкеку децентрализация отопления?
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандыктар Кытайга 10 күнгө, Хайнанга 30 күнгө визасыз кире алышат

© Фото / Асель МинбаеваХайнань аралы. Архив
Хайнань аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2026
Жазылуу
Хайнанга 30 күнгө визасыз кирүүгө мүмкүнчүлүк жаралды.
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Кытай 20-августтан тарта Кыргызстандын жарандарына 240 саатка (10 сутка) чейинки визасыз транзитке жана Хайнань аралына 30 күнгө чейин визасыз кирүүгө уруксат берди. Бул тууралуу Кытайдын Улуттук иммиграция башкармалыгы (NIA) билдирди.
Маалымдалгандай, кыргызстандыктар Кытай аркылуу башка өлкөгө бара жатканын тастыктаган билети, так маршруту болсо 240 саатка чейин (10 сутка) визасыз жүрө алышат. Бул режим Кытайдагы 65 өткөрмө пункт аркылуу, анын ичинде Пекин жана Шанхайдагы пунктулар аркылуу кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошондой эле Хайнань провинциясынын ачык порттору аркылуу кирип, анын аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрүүгө жол ачылды.
Визасыз режимдин алкагында туризмге, бизнеске, жеке сапарларга жана туугандарга баруу сыяктуу кыска мөөнөттүү иштерге уруксат берилет. Ал эми жумушка орношуу, окуу же журналисттик иш сыяктуу алдын ала уруксат талап кылган иштер үчүн Кытайга барардан мурда тиешелүү виза алуу зарыл.
Деген менен Кыргызстанга коңшу Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна бул эреже жайылтылбайт. Башкача айтканда, жеңилдик мамлекет бекиткен 65 пунктунун бири аркылуу киргенде гана иштейт. Тилекке каршы, Синьцзян аталган тизмеге кирген эмес. Андыктан Үрүмчүгө баруу үчүн баары бир виза керек болот.
NIA маалымдагандай, Кыргызстандын жана Вьетнамдын жарандарына жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн берилиши менен Кытайдагы 240 сааттык визасыз транзит режимин пайдалана алган өлкөлөрдүн саны 57ге, ал эми Хайнанга 30 күнгө визасыз кирүү укугу бар өлкөлөрдүн саны 61ге жетти.
Кытай тарап бул кадамды коңшу өлкөлөр менен байланышты, туризмди, сооданы жана инвестицияларды өнүктүрүүгө багытталган чара катары баалады.
Министр Жээнбек Кулубаев Сейшел Аралдары Республикасынын тышкы иштер жана диаспора министри Барри Фор менен жолукту - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2026
Кыргызстан менен Сейшел Аралдары өз ара визасыз режим киргизүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0