https://sputnik.kg/20260820/kamerunda-ken-urap-107-adam-kaza-boldu-1103092113.html
Камерунда алтын казган кенде жер көчүп, 107 киши каза тапты. Видео
Камерунда алтын казган кенде жер көчүп, 107 киши каза тапты. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Камерундун чыгышындагы алтын кенде жер көчүп, кеминде 107 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып чет элдик... 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T14:53+0600
2026-08-20T14:53+0600
2026-08-20T14:53+0600
дүйнөдө
камерун
кен
алтын
жер көчкү
кырсык
өлүм
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103090773_0:161:3068:1887_1920x0_80_0_0_5f3de634736c4652d9af6a0e65e3e624.jpg
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Камерундун чыгышындагы алтын кенде жер көчүп, кеминде 107 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып чет элдик ЖМКлар жазышты. Кырсык 19-августта Замбойе айылында болгон. Айыл Бабуа шаарынан болжол менен 50 чакырым алыстыкта, Борбордук Африка Республикасы менен чектешкен аймакка жакын жайгашкан. RFI радиосу билдиргендей, кырсык болгон жерден куткаруучулар азырынча 107 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды. Бул аймакта алтынды кол менен чакан масштабда казып алуу кеңири тараган. Мындай иштер менен миңдеген адам алектенип, кен жайлары мамлекеттик көзөмөлгө толук алынган эмес. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, мындай алтын казуучу жайларда жердин көчүшү көп катталат.
https://sputnik.kg/20260811/kolumbiya-zher-titiroo-132-adam-kaza-boldu-1102912335.html
камерун
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103090773_169:0:2900:2048_1920x0_80_0_0_a51579836b5a6935fee33974e3674a27.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, камерун, кен, алтын, жер көчкү, кырсык, өлүм
дүйнөдө, камерун, кен, алтын, жер көчкү, кырсык, өлүм
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Камерундун чыгышындагы алтын кенде жер көчүп, кеминде 107 адам набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү бийликке таянып чет элдик ЖМКлар жазышты.
Кырсык 19-августта Замбойе айылында болгон. Айыл Бабуа шаарынан болжол менен 50 чакырым алыстыкта, Борбордук Африка Республикасы менен чектешкен аймакка жакын жайгашкан.
RFI радиосу билдиргендей, кырсык болгон жерден куткаруучулар азырынча 107 адамдын сөөгүн алып чыгышкан. Издөө-куткаруу иштери уланып жаткандыктан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн экени айтылды.
Бул аймакта алтынды кол менен чакан масштабда казып алуу кеңири тараган. Мындай иштер менен миңдеген адам алектенип, кен жайлары мамлекеттик көзөмөлгө толук алынган эмес.
Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, мындай алтын казуучу жайларда жердин көчүшү көп катталат.