https://sputnik.kg/20260820/bars-superkuboktu-zhendi-1103083712.html
Кыргызстандын Суперкубогун "Барс" клубу жеңип алды
Кыргызстандын Суперкубогун "Барс" клубу жеңип алды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Каракол шаарынын "Барс" футбол клубу Кыргызстандын 2026-жылкы Суперкубогун жеңип алды. Финалдык беттеште команда Бишкектин "Дордой"... 20.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-20T10:01+0600
2026-08-20T10:01+0600
2026-08-20T10:01+0600
кыргызстан
футбол
адылбек касымалиев
беттеш
чемпион
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103083453_0:67:1280:787_1920x0_80_0_0_916c2f97123b8dc104556e8b52b4750d.jpg
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Каракол шаарынын "Барс" футбол клубу Кыргызстандын 2026-жылкы Суперкубогун жеңип алды. Финалдык беттеште команда Бишкектин "Дордой" клубу менен кез келген. Турнир Бишкектеги "Алга" спорт комплексинде өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев атаандашын 2:0 менен жеңип алган командага Суперкубоктун баш байгеси 50 миң доллар тапшырды. Белгилей кетсек, "Барс" футболдук клубу өлкөнүн учурдагы чемпиону болсо, ал эми "Дордой" — 2025-жылкы Кыргызстан Кубогунун ээси. Эгер чемпионаттын жана Кубоктун жеңүүчүсү бир команда болсо, Суперкубокто ага чемпионаттын күмүш медалынын ээси атаандаш болот. Суперкубок үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аны рекорддук көрсөткүч менен "Дордой" клубу 6 ирет жеңген.
https://sputnik.kg/20260720/ispaniya-chempion-boldu-1102498427.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/14/1103083453_72:0:1209:853_1920x0_80_0_0_b70754fd24d047714241aec5a3e12fb0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, футбол, адылбек касымалиев, беттеш, чемпион
кыргызстан, футбол, адылбек касымалиев, беттеш, чемпион
Кыргызстандын Суперкубогун "Барс" клубу жеңип алды
БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Каракол шаарынын "Барс" футбол клубу Кыргызстандын 2026-жылкы Суперкубогун жеңип алды. Финалдык беттеште команда Бишкектин "Дордой" клубу менен кез келген.
Турнир Бишкектеги "Алга" спорт комплексинде өттү. Министрлер кабинетинин төрагасы — Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев атаандашын 2:0 менен жеңип алган командага Суперкубоктун баш байгеси 50 миң доллар тапшырды.
Белгилей кетсек, "Барс" футболдук клубу өлкөнүн учурдагы чемпиону болсо, ал эми "Дордой" — 2025-жылкы Кыргызстан Кубогунун ээси.
Эгер чемпионаттын жана Кубоктун жеңүүчүсү бир команда болсо, Суперкубокто ага чемпионаттын күмүш медалынын ээси атаандаш болот.
Суперкубок үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аны рекорддук көрсөткүч менен "Дордой" клубу 6 ирет жеңген.