https://sputnik.kg/20260819/putin-chabuul-kesepet-tuuraluu-1103079358.html
Путин: чабуулдар зыян келтирет, бирок кесепети олуттуу эмес
Путин: чабуулдар зыян келтирет, бирок кесепети олуттуу эмес
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россиянын инфраструктурасына жасалган чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президенти... 19.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-19T19:00+0600
2026-08-19T19:00+0600
2026-08-20T09:25+0600
дүйнөдө
россия
владимир путин
чабуул
кесепет
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103079006_0:151:3106:1898_1920x0_80_0_0_b936f608176c441d428885003939059d.jpg
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россиянын инфраструктурасына жасалган чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.Ал россиялык экономиканын өсүү темпине бир катар факторлор, анын ичинде тышкы басым менен өнөр жай жана инфраструктура объектилерине жасалган чабуулдар таасир этип жатканын белгиледи.Бул билдирүү Кремлде өткөн Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Жыйын россиялык экономикадагы 2030-жылга чейинки түзүмдүк өзгөртүүлөр планын ишке ашырууга арналган.Буга чейин Путин тышкы басымга карабастан Россиянын экономикасы туруктуулугун сактап жатканын белгилеген. Тактап айтканда, ал Россияга каршы жаңы чектөө чаралары экономикага олуттуу таасирин тийгизе албастыгын билдирген болчу.
https://sputnik.kg/20260819/lavrov-britaniyanyn-rossiyaga-zhasalgan-chabuulga-katyshkany-tuuraluu-1103063506.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/13/1103079006_188:0:2919:2048_1920x0_80_0_0_18960486aa2d4ad264cb903a2a348acd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, владимир путин, чабуул, кесепет
дүйнөдө, россия, владимир путин, чабуул, кесепет
Путин: чабуулдар зыян келтирет, бирок кесепети олуттуу эмес
19:00 19.08.2026 (Жаңыртылды: 09:25 20.08.2026) БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россиянын инфраструктурасына жасалган чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок жана болушу да мүмкүн эмес. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин билдирди.
Ал россиялык экономиканын өсүү темпине бир катар факторлор, анын ичинде тышкы басым менен өнөр жай жана инфраструктура объектилерине жасалган чабуулдар таасир этип жатканын белгиледи.
"Экономикалык темпке бир катар факторлор, анын ичинде тышкы басым менен өнөр жай, инфраструктура объектилерине жасалган террордук чабуулдар таасирин тийгизип жатканы түшүнүктүү. Албетте, мындай чабуулдардан олуттуу кесепеттер жок, болгон да эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Бирок алар бизге зыян келтирип жатканы анык. Биз муну түшүнүп, көрүп жана билип турабыз", — деди Путин.
Бул билдирүү Кремлде өткөн Стратегиялык өнүгүү жана улуттук долбоорлор боюнча кеңештин жыйынында айтылды. Жыйын россиялык экономикадагы 2030-жылга чейинки түзүмдүк өзгөртүүлөр планын ишке ашырууга арналган.
Буга чейин Путин тышкы басымга карабастан Россиянын экономикасы туруктуулугун сактап жатканын белгилеген. Тактап айтканда, ал Россияга каршы жаңы чектөө чаралары экономикага олуттуу таасирин тийгизе албастыгын билдирген болчу.