БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп... 15.08.2026, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдалды. Алгач ал Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы "Көчмөн цивилизациясы" борборунун даярдыгы менен таанышкан. Борбордо "Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Учурда анда скульптуралык 16 композиция жана 7 кум скульптурасы музей босогосуна орнотулган. Андан кийин минкаб төрагасы Чолпон-Атадагы "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратынын даярдыгы менен таанышып, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерген. Ошондой эле Nomad этнокомплексинин абалын көрүп чыкты.Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр өтө турган жерлерден да кабар алган. Ага этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.Минкаб башчысы тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку деңгээлде тосуп алууну тапшырды. Мындан тышкары, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында сапаттуу аткаруусун эскерткен.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусундагы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгын текшерди. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдалды.
Соңунда Кырчын жайлоосуна барып этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды
Соңунда Кырчын жайлоосуна барып этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерден кабар алды
Алгач ал Ысык-Көл районунун Өрнөк айылындагы "Көчмөн цивилизациясы" борборунун даярдыгы менен таанышкан. Борбордо "Көчмөн цивилизациялары: мурас, парадигмалар жана келечек" аттуу эл аралык илимий конференция өткөрүлөт. Учурда анда скульптуралык 16 композиция жана 7 кум скульптурасы музей босогосуна орнотулган.
Андан кийин минкаб төрагасы Чолпон-Атадагы "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинин имаратынын даярдыгы менен таанышып, Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерген.
Ошондой эле Nomad этнокомплексинин абалын көрүп чыкты.
Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр өтө турган жерлерден да кабар алган. Ага этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди.
Минкаб башчысы тийиштүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку деңгээлде тосуп алууну тапшырды. Мындан тышкары, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында сапаттуу аткаруусун эскерткен.