https://sputnik.kg/20260810/pentagon-patriot-ala-albaj-zhatat-1102892105.html
Пентагон кымбатчылыктан улам Patriot ракеталарын каалаган көлөмдө ала албай калды
Пентагон кымбатчылыктан улам Patriot ракеталарын каалаган көлөмдө ала албай калды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын кургактагы аскер күчү кымбатчылыктан улам 2027-жылы Patriot системасы үчүн абадан коргонуу ракеталарын тийиштүү көлөмдөн... 10.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-10T09:22+0600
2026-08-10T09:22+0600
2026-08-10T09:40+0600
дүйнөдө
акш
ракета
зрк patriot
кымбатчылык
украина
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071168063_621:899:2664:2048_1920x0_80_0_0_b8eb2940521d48f5cd08bbaf25e61933.jpg
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын кургактагы аскер күчү кымбатчылыктан улам 2027-жылы Patriot системасы үчүн абадан коргонуу ракеталарын тийиштүү көлөмдөн азыраак алат. Бул тууралуу расмий документтерге таянуу менен РИА Новости жазды. Маалыматта Patriot PAC-3 MSE ракетасы 30 пайыздан ашырыгаак кымбаттаганы айтылган. Эгер 2023-жылы 3,825 миллион доллар турса, 2027-жылы бир ракетанын наркы 4,988 миллион деп болжолдонууда. Баанын өсүшү 2025-жылкы буйрутманын наркына таасир эткен. Бөлүнгөн 885,7 миллион долларга алгач 230 техника алуу пландалса, баасын карап чыккандан кийин 194кө чейин кыскарган. Бул партия 2027-жылдын күзүндө гана жеткиликтүү болот. Деген менен Вашингтондо мындай ракеталарга суроо-талап кескин жогорулады. 2025-жылдын апрелинен тарта муктаждык төрт эсеге көбөйгөн. Өткөн шейшемби күнү CNN Америка Иранга каршы операциясында колундагы системанын теңин пайдаланып салганын жазган. Мындан тышкары, Пентагон ушу кезге чейин, 2022-жылдан бери Украинага жөнөтүлгөн техниканын ордун толтуруп келет. Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин ракетадан коргонуу системаларын берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып, Patriot системасынын ок-дарысы Вашингтондун өзүнө керек экенин айткан.
https://sputnik.kg/20260807/tramp-zelenskijdin-suranychyna-zhoop-berdi-1102840826.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/10/1071168063_857:709:2642:2048_1920x0_80_0_0_b1250250c69e58558aa181cb95bdc2fa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, ракета, зрк patriot, кымбатчылык, украина
дүйнөдө, акш, ракета, зрк patriot, кымбатчылык, украина
БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. АКШнын кургактагы аскер күчү кымбатчылыктан улам 2027-жылы Patriot системасы үчүн абадан коргонуу ракеталарын тийиштүү көлөмдөн азыраак алат. Бул тууралуу расмий документтерге таянуу менен
РИА Новости жазды.
Маалыматта Patriot PAC-3 MSE ракетасы 30 пайыздан ашырыгаак кымбаттаганы айтылган. Эгер 2023-жылы 3,825 миллион доллар турса, 2027-жылы бир ракетанын наркы 4,988 миллион деп болжолдонууда.
Баанын өсүшү 2025-жылкы буйрутманын наркына таасир эткен. Бөлүнгөн 885,7 миллион долларга алгач 230 техника алуу пландалса, баасын карап чыккандан кийин 194кө чейин кыскарган. Бул партия 2027-жылдын күзүндө гана жеткиликтүү болот.
Деген менен Вашингтондо мындай ракеталарга суроо-талап кескин жогорулады. 2025-жылдын апрелинен тарта муктаждык төрт эсеге көбөйгөн.
Өткөн шейшемби күнү CNN Америка Иранга каршы операциясында колундагы системанын теңин пайдаланып салганын жазган. Мындан тышкары, Пентагон ушу кезге чейин, 2022-жылдан бери Украинага жөнөтүлгөн техниканын ордун толтуруп келет. Өткөн жумада АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленскийдин ракетадан коргонуу системаларын берүү өтүнүчүнө жооп берип жатып, Patriot системасынын ок-дарысы Вашингтондун өзүнө керек экенин
айткан.