https://sputnik.kg/20260807/bishkektegi-bazardan-tundo-ort-chykty-1102840133.html
Түндө Бишкектеги базардан чыккан өрт өчүрүлдү. Видео
Түндө Бишкектеги базардан чыккан өрт өчүрүлдү. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түндө Бишкектин түндүк тарабында, тагыраагы, Орозбеков көчөсүндө курулуш материалдарын саткан "Көк-Сай" базарында чыккан өрттү алты... 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-07T09:26+0600
2026-08-07T09:26+0600
2026-08-07T09:40+0600
кыргызстан
бишкек
курулуш материалдары
өрт
бригада
түн
кырсык
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100208824_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_ddb47062c5536b3ff5794130506e789e.jpg
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түндө Бишкектин түндүк тарабында, тагыраагы, Орозбеков көчөсүндө курулуш материалдарын саткан "Көк-Сай" базарында чыккан өрттү алты бригада саат 9:06да өчүрдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти. Жалын саат 01:23тө чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланып жатканы айтылды. Өрт 500 чарчы метрлик аянттагы пластик эшик-терезе жасалуучу цехтен чыгып, сырье, ламинат, рейка, балка, эшик-терезе даярдоочу станоктор күйгөн. Өрттү өчүрүүгө алты бригада менен катар эле Бишкек шаардык башкармалыгынан 46, милициядан 25 кызматкер чыккан. Андан сырткары, мэрияга караштуу ишканалардын суу ташуучу жети автоунаасы да пайдаланылган. Министрлик кырсык эмнеден чыкканын тактап жатат.
https://sputnik.kg/20260806/suzakta-eki-unaa-kuyup-ketti-1102827224.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/0d/1100208824_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_8d84147d5cd191a20f5c08befa41d8f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, курулуш материалдары, өрт, бригада, түн, кырсык
кыргызстан, бишкек, курулуш материалдары, өрт, бригада, түн, кырсык
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Түндө Бишкектин түндүк тарабында, тагыраагы, Орозбеков көчөсүндө курулуш материалдарын саткан "Көк-Сай" базарында чыккан өрттү алты бригада саат 9:06да өчүрдү. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.
Жалын саат 01:23тө чектөөгө алынып, толугу менен өчүрүү иштери уланып жатканы айтылды.
Өрт 500 чарчы метрлик аянттагы пластик эшик-терезе жасалуучу цехтен чыгып, сырье, ламинат, рейка, балка, эшик-терезе даярдоочу станоктор күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө алты бригада менен катар эле Бишкек шаардык башкармалыгынан 46, милициядан 25 кызматкер чыккан. Андан сырткары, мэрияга караштуу ишканалардын суу ташуучу жети автоунаасы да пайдаланылган.
Министрлик кырсык эмнеден чыкканын тактап жатат.