https://sputnik.kg/20260807/23-zhashtagy-viktor-talalikhindin-asmandagy-erdigi-1102860454.html
23 жаштагы Виктор Талалихиндин асмандагы эрдиги. Тарыхый видео
23 жаштагы Виктор Талалихиндин асмандагы эрдиги. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
Улуу Ата Мекендик согуш адеп башталган мезгилде, 1941-жылы 7-августтун түнү 23 жаштагы лейтенант Виктор Талалихин болуп көрбөгөндөй эрдигин көрсөткөн. 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-07T20:23+0600
2026-08-07T20:23+0600
2026-08-07T20:23+0600
улуу ата мекендик согуш
учак
эрдик
немецтер
душман
советтер союзунун баатыры
таран ыкмасы
виктор талалихин
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102860574_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_7dded104bbc1eb848a05ee108b65a32b.jpg
Ок-дарысы түгөнүп калган учкуч 4 500 метр бийиктен түшүп И-16 аба кемеси менен немецтердин Heinkel He 111 бомбалагычына барып урунган. Анын ичинде төрт адамдан турган экипаж болгон. Талалихин кандайдыр бир керемет менен тирүү калат. Кулап бара жатканда учактан секирип, 800 метр ылдый учуп барып, андан соң парашюту ачылган. Абадан таран жасоо аскердик уставда каралган эмес. Командир мындай буйрук бере албайт эле, ал эми аскердик учкучтар өмүрүн тобокелге салчу эмес. Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда советтик учкучтар 600дөн ашуун таран жасашкан. Таран ыкмасын пайдалангандардын арасында Советтер Союзунун Баатыры Ысмайылбек Таранчиев да бар. Ал соңку күндөрүндө Ленинград фронтуна туш келип, күнүнө 30-35 жолу кан күйгөн согуш талаасына учуп чыгып турган. 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына бурган. Ал жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "командир, акырына чейин сени менен болом. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102860574_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_cf49fdacfc357b274caafee9fc5cfa62.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
улуу ата мекендик согуш, учак, эрдик, немецтер, душман, советтер союзунун баатыры, таран ыкмасы, виктор талалихин, видео
улуу ата мекендик согуш, учак, эрдик, немецтер, душман, советтер союзунун баатыры, таран ыкмасы, виктор талалихин, видео
23 жаштагы Виктор Талалихиндин асмандагы эрдиги. Тарыхый видео
Улуу Ата Мекендик согуш адеп башталган мезгилде, 1941-жылы 7-августтун түнү 23 жаштагы лейтенант Виктор Талалихин болуп көрбөгөндөй эрдигин көрсөткөн.
Ок-дарысы түгөнүп калган учкуч 4 500 метр бийиктен түшүп И-16 аба кемеси менен немецтердин Heinkel He 111 бомбалагычына барып урунган. Анын ичинде төрт адамдан турган экипаж болгон.
Талалихин кандайдыр бир керемет менен тирүү калат. Кулап бара жатканда учактан секирип, 800 метр ылдый учуп барып, андан соң парашюту ачылган.
Абадан таран жасоо аскердик уставда каралган эмес. Командир мындай буйрук бере албайт эле, ал эми аскердик учкучтар өмүрүн тобокелге салчу эмес.
Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда советтик учкучтар 600дөн ашуун таран жасашкан.
Таран ыкмасын пайдалангандардын арасында Советтер Союзунун Баатыры
Ысмайылбек Таранчиев да бар. Ал соңку күндөрүндө Ленинград фронтуна туш келип, күнүнө 30-35 жолу кан күйгөн согуш талаасына учуп чыгып турган. 1944-жылдын 18-мартында кезектеги аскердик тапшырманы аткарганы Ил-2 менен асманга көтөрүлгөндө душмандын огу тийген. Жерге аман-эсен коноруна көзү жетпеген Таранчиев учагын май куюу үчүн токтоп турган душмандардын танкаларына бурган. Ал жанындагы Алексейге "Секир!" деп буйрук берген. Бирок "командир, акырына чейин сени менен болом. Чогуу өлөбүз, тирүү колго түшпөйбүз" деген жооп алат. Жардыруунун натыйжасында немецтин алты танкасы жана үч бензин ташыгычы жок кылынган.