00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өлкөдө 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине гидроэлектр станцияларды даярдоо иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирет. “Электр станциялар” ААКын объекттеринде, анын ичинде Токтогул ГЭСтер каскадында гидроагрегаттарды, генераторлорду, трансформаторлорду, ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн жабдууларын, релелик коргоо жана автоматика системаларын учурдагы жана капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле өндүрүштүк имараттарды, инженердик коммуникацияларды, жылытуу системаларын, байланыш каражаттарын, автотранспорттук техникаларды кышкы шартта пайдаланууга даярдоо жана түтүк өткөргүчтөрдү жылуулоо боюнча комплекстүү иштер аткарылууда.
Армения Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) же Евробиримдикке мүчөлүк маселеси боюнча азырынча референдум өткөрбөйт. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, өлкө жетекчилиги ЕАЭБ менен Евробиримдикке бир убакта мүчө болуу мүмкүн эместигин түшүнөт. Пашинян өткөн жылы Арменияда Евробиримдикке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам кабыл алынганын эске салды. Бирок бул документ өлкө автоматтык түрдө Евробиримдикке мүчө болуп калат дегенди билдирбей турганын белгиледи. Премьер-министр бул баскычтардан өтпөй туруп референдум өткөрүүнүн мааниси жок экенин кошумчалады.
Музыкант Лео Рохас IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий амбассадору болду. Бул тууралуу Көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгачкы ноталардан эле үнү таанылган, эквадорлук музыканттын пан-флейтадагы өзгөчө аткаруусу дүйнө жүзү боюнча миллиондогон угармандарды өзүнө тартып турат. Анын музыкасы тоолордун күчүн, шамалдын эркиндигин жана адамзат менен жаратылыштын ортосундагы терең байланышты эске салат. "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын элчиси болуу менен Лео Рохас дүйнө жүзүндөгү элдердин маданиятын, каада-салттарын жана рухун бириктирген долбоорго кошулат", - деп айтылат маалыматта.
АКШ бийлиги өлкөгө "төрөт туризмин" максат кылган чет элдиктердин киришине тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын жарлыгында айтылат. Демилгени ишке ашыруу үчүн АКШнын мамлекеттик катчысы жана ички коопсуздук министри тиешелүү чараларды көрүп, эрежелер менен процедураларды өзгөртүшү керек. Документте мындай чаралардын катарында визаны же кирүүгө берилген уруксатты жокко чыгаруу, ушундай схемалар менен АКШга келген же келүүгө аракет кылган чет элдиктерге өлкөгө кирүүгө мөөнөтсүз тыюу салуу белгиленген. Буга чейин АКШнын Жогорку соту Трамптын өлкө аймагында төрөлгөн балдарга автоматтык түрдө жарандык берүү укугун жоюу демилгесин бөгөттөгөн болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0