https://sputnik.kg/20260807/1102861410.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизми көбүнчө ЕАЭБдин экономикасы бай өлкөлөрүнө багытталган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 07.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-07T17:00+0600
2026-08-07T17:00+0600
2026-08-07T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102861244_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9025d0bd74db190087c55932154692d9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизми көбүнчө ЕАЭБдин экономикасы бай өлкөлөрүнө багытталган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Минкаб төрагасы экономикасы чакан өлкөлөр үчүн аталган механизмди пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү бойдон калып жатканын белгиледи. "Комплекстүү мамиле, ойлонулган соода стратегиясы, түзүлүп жаткан макулдашуулардын кесепеттерине объективдүү баа берүү жана өнөр жай кооперациясын колдоонун натыйжалуу ички механизмдери ЕАЭБди өнүктүрөт деп ишенебиз", — деди Касымалиев. Ал ЕАЭБ тышкы өнөктөштөр үчүн рынокторун канчалык активдүү ачса, мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ички механизмдер ошончолук күчтүү болушу керектигин кошумчалады.
Кыргызстан россиялык өнөктөштөргө чийки зат базасын, инвестициялык аянтчаларды, керектүү инфраструктураны жана мамлекеттик колдоону сунуштоого даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясында билдирди. Министрдин айтымында, өнөр жай, энергетика, туризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана логистика тармактары кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Сыдыков Кыргызстан россиялык бизнес үчүн ачык экенин белгилеп, узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле ал Россиянын аймактары менен кызматташууну кеңейтүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, чакан жана орто бизнести аймактар аралык долбоорлорго активдүү тартууга чакырды.
Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички керектөөнү толук камсыздап жатат, бирок азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да чыңдоо зарыл. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ЕАЭБ дан, канаттуунун эти, сүт, кант, өсүмдүк майы жана жумуртка боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Ошол эле учурда бул багыттардын тизмесин кеңейтүү маанилүү. "Бул үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн керектүү үрөн жана натыйжалуу жер семирткич менен, ал эми мал чарбасын өнүктүрүү үчүн өзүбүздө өндүрүлгөн коопсуз тоют кошумчалары жана заманбап ветеринардык препараттар менен камсыздоо керек. Бул чет өлкөлүк жеткирүүчүлөрдөн көз карандылыкты азайтат", — деди Мишустин.
Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. ЖККУнун Канттагы авиабазасынын маалыматына ылайык, анда издөө-чабуул топторунун аракеттери, тоолуу аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Аскер кызматкерлери жана атайын техникалар Кыргызстанга аскердик-транспорттук авиациянын Ил-76 учактары менен жеткирлиди. Алардын арасында мотоциклдер, "Урал", УАЗ, КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар жана "Улан-2" атайын техникасы бар. Жакынкы күндөрү аскер кызматкерлери Балыкчы шаарында курал-жарак менен аскердик техниканы машыгууга даярдоого киришет. 201-аскер базасынын өздүк курамы аскердик автоинспекциянын коштоосунда Балыкчыга жөнөп кетери маалымдалды.
Кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизми көбүнчө ЕАЭБдин экономикасы бай өлкөлөрүнө багытталган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Минкаб төрагасы экономикасы чакан өлкөлөр үчүн аталган механизмди пайдалануу мүмкүнчүлүгү чектелүү бойдон калып жатканын белгиледи. "Комплекстүү мамиле, ойлонулган соода стратегиясы, түзүлүп жаткан макулдашуулардын кесепеттерине объективдүү баа берүү жана өнөр жай кооперациясын колдоонун натыйжалуу ички механизмдери ЕАЭБди өнүктүрөт деп ишенебиз", — деди Касымалиев. Ал ЕАЭБ тышкы өнөктөштөр үчүн рынокторун канчалык активдүү ачса, мүчө мамлекеттердин экономикаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуучу ички механизмдер ошончолук күчтүү болушу керектигин кошумчалады.Кыргызстан россиялык өнөктөштөргө чийки зат базасын, инвестициялык аянтчаларды, керектүү инфраструктураны жана мамлекеттик колдоону сунуштоого даяр. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстан-Россия аймактар аралык конференциясында билдирди. Министрдин айтымында, өнөр жай, энергетика, туризм, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана логистика тармактары кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. Сыдыков Кыргызстан россиялык бизнес үчүн ачык экенин белгилеп, узак мөөнөттүү инвестициялык кызматташууга кызыкдар экенин айтты. Ошондой эле ал Россиянын аймактары менен кызматташууну кеңейтүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, чакан жана орто бизнести аймактар аралык долбоорлорго активдүү тартууга чакырды. Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) азык-түлүктүн негизги түрлөрү боюнча ички керектөөнү толук камсыздап жатат, бирок азык-түлүк коопсуздугун мындан ары да чыңдоо зарыл. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, учурда ЕАЭБ дан, канаттуунун эти, сүт, кант, өсүмдүк майы жана жумуртка боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен камсыздайт. Ошол эле учурда бул багыттардын тизмесин кеңейтүү маанилүү. "Бул үчүн айыл чарба өндүрүүчүлөрүн керектүү үрөн жана натыйжалуу жер семирткич менен, ал эми мал чарбасын өнүктүрүү үчүн өзүбүздө өндүрүлгөн коопсуз тоют кошумчалары жана заманбап ветеринардык препараттар менен камсыздоо керек. Бул чет өлкөлүк жеткирүүчүлөрдөн көз карандылыкты азайтат", — деди Мишустин. Россиянын Борбордук аскер округуна караштуу 201-аскер базасынын жоокерлери Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Борбор Азия аймагындагы Ыкчам жайгаштырылуучу жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келишти. ЖККУнун Канттагы авиабазасынын маалыматына ылайык, анда издөө-чабуул топторунун аракеттери, тоолуу аймактардагы күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуулар өткөрүлөт. Аскер кызматкерлери жана атайын техникалар Кыргызстанга аскердик-транспорттук авиациянын Ил-76 учактары менен жеткирлиди. Алардын арасында мотоциклдер, "Урал", УАЗ, КамАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар жана "Улан-2" атайын техникасы бар. Жакынкы күндөрү аскер кызматкерлери Балыкчы шаарында курал-жарак менен аскердик техниканы машыгууга даярдоого киришет. 201-аскер базасынын өздүк курамы аскердик автоинспекциянын коштоосунда Балыкчыга жөнөп кетери маалымдалды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/07/1102861244_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7bad797815a5fed8623d73a1d4def2c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио