https://sputnik.kg/20260805/rossiya-onoktosh-olkolor-sanktsiyala-1102808340.html
Войтоловский: РФтин өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып кетишти
Войтоловский: РФтин өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып кетишти
Sputnik Кыргызстан
БОСТЕРИ, 5-авг. — Sputnik. Россиянын бардык өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып, Москва менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүдө. Бул тууралуу... 05.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-05T17:25+0600
2026-08-05T17:25+0600
2026-08-05T17:25+0600
кыргызстан
ысык-көл
бостери
кыргыз
экономика
форум
антироссиялык санкция
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0a/1087753379_0:0:3001:1688_1920x0_80_0_0_eb59367643f6bf5d02720e787e9901fe.jpg
БОСТЕРИ, 5-авг. — Sputnik. Россиянын бардык өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып, Москва менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда РФ Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору, Коопсуздук кеңешинин алдындагы Илим кеңешинин мүчөсү Фёдор Войтоловский билдирди. Анын айтымында, Россияга жана ага өнөктөш мамлекеттерге каршы экономикалык жана санкциялык басым 2014-жылы эле башталган. Ал өлкөлөр өз ара кызматташуунун позитивдүү күн тартибин калыптандырып жатканын баса белгиледи. Өнөктөштүктүн чыныгы көрсөткүчтөрү катары түз чет өлкөлүк инвестициялардын динамикасын, өз ара соода жүгүртүүнү, жарандардын ары-бери эркин өтүүсүн жана бирдиктүү эмгек рыногун атады. Борбор Азиянын жакынкы 10–15 жылга карата келечеги тууралуу айтып жатып, Войтоловский аймактагы өлкөлөрдүн табигый ресурстар, өнөр жай, инфраструктура жана адам капиталы тармагында олуттуу дарамети бар экенин белгиледи. Анын пикиринде, Россия менен Батыштын ортосундагы тирешүү Борбор Азиянын өнүгүүсүнө тоскоол болбошу керек.
https://sputnik.kg/20260805/kyrgyzstan-rossiya-kyzmattashtyk-1102805019.html
ысык-көл
бостери
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/08/0a/1087753379_290:0:3021:2048_1920x0_80_0_0_060ab89d709fa2afac36c8078aeda0e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, бостери, кыргыз, экономика, форум, антироссиялык санкция
кыргызстан, ысык-көл, бостери, кыргыз, экономика, форум, антироссиялык санкция
БОСТЕРИ, 5-авг. — Sputnik. Россиянын бардык өнөктөш өлкөлөрү санкциялык басымга ыңгайлашып, Москва менен өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүүдө. Бул тууралуу Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда РФ Илимдер академиясынын Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелер институтунун директору, Коопсуздук кеңешинин алдындагы Илим кеңешинин мүчөсү Фёдор Войтоловский билдирди.
Анын айтымында, Россияга жана ага өнөктөш мамлекеттерге каршы экономикалык жана санкциялык басым 2014-жылы эле башталган.
"Менимче, Россиянын бардык өнөктөштөрү бул басымга эң сонун ыңгайлашып, ага көмөктөшүп жатышат. Эгерде биз санкцияларга, башка тоскоолдуктарга жана үчүнчү өлкөлөрдүн бут тосуу аракеттерине көңүл бура берсек, бөтөн күн тартибине алаксып гана калабыз", — деди Войтоловский.
Ал өлкөлөр өз ара кызматташуунун позитивдүү күн тартибин калыптандырып жатканын баса белгиледи. Өнөктөштүктүн чыныгы көрсөткүчтөрү катары түз чет өлкөлүк инвестициялардын динамикасын, өз ара соода жүгүртүүнү, жарандардын ары-бери эркин өтүүсүн жана бирдиктүү эмгек рыногун атады.
"Бул жерде эч кандай санкция тоскоол боло алган жок жана боло албайт", — деди эксперт.
Борбор Азиянын жакынкы 10–15 жылга карата келечеги тууралуу айтып жатып, Войтоловский аймактагы өлкөлөрдүн табигый ресурстар, өнөр жай, инфраструктура жана адам капиталы тармагында олуттуу дарамети бар экенин белгиледи. Анын пикиринде, Россия менен Батыштын ортосундагы тирешүү Борбор Азиянын өнүгүүсүнө тоскоол болбошу керек.
"Сырткы негативдүү факторлор дайыма эле терс натыйжага алып келе бербестигин түшүнөбүз. Айрым учурларда алар ким чыныгы дос жана өнөктөш экенин жакшыраак түшүнүүгө жардам берет. Жакынкы жылдары АКШ менен Кытайдын ортосунда олуттуу атаандаштык күчөй турганын көрүп жатабыз. АКШ Кытайга экономикалык, технологиялык жана аскердик-саясий чөйрөлөрдө да басымды күчөтөт. Бул эки ири державанын тирешүүсү Борбор Азияны каптап кетпей, региондун өнүгүүсүнө жана сырткы базарларга чыгууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү бериши маанилүү. Россия буга көмөктөшүүгө даяр", — деп жыйынтыктады Войтоловский.