https://sputnik.kg/20260805/1102811238.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө учурда 1500дөн ашык пенсионер 50 миң сомдон жогору пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында... 05.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-05T18:59+0600
2026-08-05T18:59+0600
2026-08-05T19:26+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102811072_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7abc1bdcdfb537f8dd20e9dcc268c679.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө учурда 1500дөн ашык пенсионер 50 миң сомдон жогору пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиялар кайра эсептелип, камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулайт. Натыйжада минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомду түзөт. Соцфонд жетекчиси ошондой эле октябрь айында Кыргызстанда пенсионерлердин саны 803 миң адам болорун белгиледи.
Бүгүн финансы министри Руслан Сүйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү – атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим ЕрмолОвич менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү, тиешелүү укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар ошондой эле ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен ишти улантууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик сатып алуулардын жалпы рыногун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.
2015-2025-жылдары Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жалпы суммасы 1 млрд 28 млн долларды түзгөн 3 696 долбоорду каржылады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 163 ири инвестициялык долбоорго 735 млн доллар, ал эми 3 533 чакан жана орто бизнес долбооруна 293 млн доллар багытталган. Министрликтин маалыматына караганда, фонддун колдоосу менен каржыланган ишканалар 2025-жылы 173 млрд сом киреше таап, 343 млн долларлык продукция экспорттогон. "Ошондой эле бюджетке 10 млрд сом салык төлөнүп, 34 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн
Украина эч качан Түндүк атлантикалык альянска мүчө болбойт деди Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы кол башчысы жана Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный Киевдеги элчилердин жалпы кеңешмесинде. 2022-жылдын сентябрь айынын аягында Владимир Зеленский Украинанын блоктон орун алышы үчүн ылдамдатылган тартипте арыз берилгенин кабарлаган. Ошол эле учурда НАТОнун ал кездеги баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу маалында өлкөнүн альянска толук кандуу мүчө болушу мүмкүн эместигин баса белгилеген. Февралдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон кездешүүдө Киевде НАТОго мүчөлүк болбой турганын айткан. Буга чейин да ал Украина мындай келечекти унутса болот деген.
Өлкөдө учурда 1500дөн ашык пенсионер 50 миң сомдон жогору пенсия алат. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди. Анын айтымында, 1-октябрдан тарта пенсиялар кайра эсептелип, камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга жогорулайт. Натыйжада минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомду түзөт. Соцфонд жетекчиси ошондой эле октябрь айында Кыргызстанда пенсионерлердин саны 803 миң адам болорун белгиледи. Бүгүн финансы министри Руслан Сүйналиев Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын мүчөсү – атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим ЕрмолОвич менен жолугушуу өткөрдү. Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы өз ара кызматташтыкты кеңейтүү, тиешелүү укуктук механизмдерди өркүндөтүү, санариптик чечимдерди киргизүү жана электрондук санариптик кол тамганы өз ара таануу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Тараптар ошондой эле ЕАЭБ алкагында мамлекеттик сатып алууларды жөнгө салуучу ченемдик базаны өркүндөтүү, электрондук аукцион механизмин колдонуу тартибин тактоо, ошондой эле дары-дармек каражаттарын эл аралык адистештирилген уюмдар аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө, биргелешкен ишти улантууга жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында мамлекеттик сатып алуулардын жалпы рыногун өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.2015-2025-жылдары Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жалпы суммасы 1 млрд 28 млн долларды түзгөн 3 696 долбоорду каржылады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 163 ири инвестициялык долбоорго 735 млн доллар, ал эми 3 533 чакан жана орто бизнес долбооруна 293 млн доллар багытталган. Министрликтин маалыматына караганда, фонддун колдоосу менен каржыланган ишканалар 2025-жылы 173 млрд сом киреше таап, 343 млн долларлык продукция экспорттогон. "Ошондой эле бюджетке 10 млрд сом салык төлөнүп, 34 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн Украина эч качан Түндүк атлантикалык альянска мүчө болбойт деди Украина Куралдуу күчтөрүнүн мурдагы башкы кол башчысы жана Улуу Британиядагы элчиси Валерий Залужный Киевдеги элчилердин жалпы кеңешмесинде. 2022-жылдын сентябрь айынын аягында Владимир Зеленский Украинанын блоктон орун алышы үчүн ылдамдатылган тартипте арыз берилгенин кабарлаган. Ошол эле учурда НАТОнун ал кездеги баш катчысы Йенс Столтенберг куралдуу кагылышуу маалында өлкөнүн альянска толук кандуу мүчө болушу мүмкүн эместигин баса белгилеген. Февралдын аягында АКШ президенти Дональд Трамп Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен болгон кездешүүдө Киевде НАТОго мүчөлүк болбой турганын айткан. Буга чейин да ал Украина мындай келечекти унутса болот деген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102811072_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_96b7b874686f9be80566dd6803c2bee2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио