00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Эхо дня
Как появился светофор и почему его день рождения отмечают 5 августа
18:54
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стимул
Музыка менен тарбияланган балдар гений болобу? Кыргыздын жашоосунда музыканын орду
19:11
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы композиторлор: бүгүнкү абалы, көйгөйлөрү жана жаңы мүмкүнчүлүктөр
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсияларды индексациялоо жана жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Анын айтымында, жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, өлкөдөгү минималдуу пенсиянын өлчөмү 8 800 сомдон кем эмес деп белгиленет. Пенсияларды жогорулатуунун негизги эрежелери жана көрсөткүчтөрү: жалпы пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 20 пайызга көтөрүлөт. Натыйжада эгер пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 10 000 сом болсо, ага 2 000 сом кошулат. 15 000 сомго 3 000 сом, ал эми 20 000ге 4 000 сом кошулат; 1-октябрга карата өлкө боюнча пенсионерлердин жалпы саны 803 миң адамга жетет; Кыргызстанда 50 000 сомдон жогору пенсия алгандардын саны 1,5 миңден ашат. Пенсияны жогорулатуу үчүн Социалдык фонд тарабынан IV кварталга (жыл аягына чейин) кошумча 4 миллиард 400 миллион сом каралат. Ал эми кийинки жылга аталган максаттарга 17 миллиард 600 миллион сом талап кылынат. Жалпысынан Социалдык фонд пенсияларды жогорулатууга кошумча 22 миллиард сом бөлөт.
Жабылган медициналык окуу жайлардын студенттери башка ЖОЖго которулуу үчүн документтерин 10-августка чейин тапшырышы керек Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, документтерди кабыл алган окуу жай арызды карап чыгып, студентти которуу боюнча чечим кабыл алат. Ведомство которуу мамлекеттик процедуранын алкагында акысыз жүргүзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле Саламаттык сактоо министрлиги которулууга мүмкүн болгон медициналык окуу жайлардын тизмесин жарыялады. Буга чейин Минкаб бир катар медициналык ЖОЖдордун иши токтотулгандан кийин студенттерди борборлоштурулган тартипте которуу жол-жобосун бекиткен.
Министрлер кабинетинин мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтык 100 жылдан кийин да бекем бойдон калышы керек экенин билдирди. Анын айтымында, эки өлкө өз ара ишенимди сактап, маданий жана билим берүү тармагындагы байланыштарды өнүктүрүп, экономикалык кызматташтыкты дагы тереңдетүүгө тийиш. "Мындан 200 жыл мурда кыргыздар Россия менен алака түзүп, туура багытты тандаган. Россия бизге заманбап тогуз мектеп куруп берет. Ошондой эле Кыргыз-Россия Славян университетинин жаңы кампусу жана башка көптөгөн долбоорлор ишке ашууда", — деди Жапаров Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда. Ал сөзүнүн соңунда мындай кызматташтык келечекте да улана турганына ишеним билдирди.
Евразия континентинин келечеги бүгүн негизинен дал Борбор Азияда калыптанууда. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов Ысык-Көлдө өтүп жаткан Кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагындагы “Примаков окуулары” сессиясында билдирди. Дипломаттын айтымында, Кыргызстан бул процесстердин жигердүү катышуучусу болуп саналат. Андыктан аймактын келечегин талкуулоо Россия менен Кыргызстандын саясатчыларынын, окумуштууларынын, мамлекеттик ишмерлеринин, ишкерлеринин жана эксперттик коомчулугунун катышуусунда дал ушул жерде өтүп жатканы өзгөчө маанилүү. Вакунов ошондой эле орус-кыргыз стратегиялык өнөктөштүгүнүн жогорку деңгээлин белгилеп, экономикалык байланыштардын туруктуу өнүгүшү, биргелешкен инвестициялык долбоорлор жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу институттардын иши эки өлкөнүн кызматташтыгын андан ары бекемдөөгө бекем пайдубал түзөрүн баса белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0