https://sputnik.kg/20260805/1102800185.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө ири Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды.5–7-август күндөрү Ысык-Көлдө “Кыргызстан 2030: КР менен РФнын аймактарынын өнөктөштүгү – өсүштүн... 05.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-05T15:00+0600
2026-08-05T15:00+0600
2026-08-05T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102800019_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0f6329384d26f34cc31cc71516ce53f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө ири Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды.5–7-август күндөрү Ысык-Көлдө “Кыргызстан 2030: КР менен РФнын аймактарынын өнөктөштүгү – өсүштүн кыймылдаткычы” аталышындагы VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөт. Аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган негизги аянтча болуп саналат. Форумга Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган Россия Федерациясынын делегациясы катышат. Кыргыз тараптын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектейт. Иш-чаранын программасы боюнча пленардык жана тармактык сессиялар, аймактардын жана бизнестин көргөзмө-жарманкеси, ошондой эле практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү форматтары пландалган. Мындан сырткары, эртең 6-августта Евразия экономикалык комиссиясынын “ЕАЭБдеги экономикалык интеграция: ички потенциалга басым” аттуу адистештирилген сессиясы өтөт.
“Мурда балыктын чоңу кичинесин жесе, азыр шамдагайы кашаңын жеңип жатат”. Мындай пикирин минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда айтты. Жапаров Кыргызстан үчүн ылдамдык жөн гана башкаруу стили эмес, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги шартына айланганын белгилеген. Мурдагы аткаминер ишке ашып жаткан долбоорлор катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу баштаган объектилерди атаган.Ошондой эле Жапаров дүйнөдөгү туруксуздук Борбор Азия үчүн мүмкүнчүлүк түзүп жатканын айтты Мурдагы премьер-министр Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагындагы “Примаков окууларында” глобалдык туруксуздук аймак үчүн тарыхта сейрек кездешчү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.
Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар кызматынын инфраструктурасын жаңылоо максатында ӨКМдин 17 жаңы бөлүмүнүн имараты курулууда. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Анда куткаруучулар үчүн окуу, эс алуу, машыгуу бөлмөлөрү жана атайын окуу мунарасы каралган. Ошондой эле Ысык-Көл районунун Ананьево айылында №33 бөлүктүн жаңы имараты курулууда. Жаңы объектилер ӨКМ кызматкерлеринин иш шартын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы күйүүчү-майлоочу майдын учурдагы баасын ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен салыштырды. Бишкектеги күйүүчү майдын орточо баасы АИ-92 — 86 сом 90 тыйын, АИ-95 — 109 сом 90 тыйын, дизель майы — 99,9 сом, суюлтулган газ — 48,8 сомго бааланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, учурда АИ-92нин баасы Казакстанда 46,1 сом, Россияда 76,2 сом, Беларуста 77,7 сом. Ал эми Өзбекстанда 94,9 сом, Тажикстанда 122,9 сом жана Арменияда 127,2 сом. Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстанда күйүүчү май Казакстан, Россия жана Беларуска караганда кымбатыраак. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияга салыштырмалуу арзаныраак бойдон калууда.
Ысык-Көлдө ири Кыргыз-Россия экономикалык форуму башталды.5–7-август күндөрү Ысык-Көлдө “Кыргызстан 2030: КР менен РФнын аймактарынын өнөктөштүгү – өсүштүн кыймылдаткычы” аталышындагы VIII Кыргыз-Россия экономикалык форуму өтөт. Аталган иш-чара эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө багытталган негизги аянтча болуп саналат. Форумга Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук баштаган Россия Федерациясынын делегациясы катышат. Кыргыз тараптын делегациясын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектейт. Иш-чаранын программасы боюнча пленардык жана тармактык сессиялар, аймактардын жана бизнестин көргөзмө-жарманкеси, ошондой эле практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү форматтары пландалган. Мындан сырткары, эртең 6-августта Евразия экономикалык комиссиясынын “ЕАЭБдеги экономикалык интеграция: ички потенциалга басым” аттуу адистештирилген сессиясы өтөт. “Мурда балыктын чоңу кичинесин жесе, азыр шамдагайы кашаңын жеңип жатат”. Мындай пикирин минкабдын мурдагы төрагасы Акылбек Жапаров Көлдө өтүп жаткан Кыргызстан-Россия экономикалык форумунда айтты. Жапаров Кыргызстан үчүн ылдамдык жөн гана башкаруу стили эмес, өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизги шартына айланганын белгилеген. Мурдагы аткаминер ишке ашып жаткан долбоорлор катары Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу баштаган объектилерди атаган.Ошондой эле Жапаров дүйнөдөгү туруксуздук Борбор Азия үчүн мүмкүнчүлүк түзүп жатканын айтты Мурдагы премьер-министр Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагындагы “Примаков окууларында” глобалдык туруксуздук аймак үчүн тарыхта сейрек кездешчү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи.Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар кызматынын инфраструктурасын жаңылоо максатында ӨКМдин 17 жаңы бөлүмүнүн имараты курулууда. ӨКМдин маалыматына ылайык, учурда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы №39 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн жаңы имаратынын курулушу аяктап, пайдаланууга берүү алдында турат. Анда куткаруучулар үчүн окуу, эс алуу, машыгуу бөлмөлөрү жана атайын окуу мунарасы каралган. Ошондой эле Ысык-Көл районунун Ананьево айылында №33 бөлүктүн жаңы имараты курулууда. Жаңы объектилер ӨКМ кызматкерлеринин иш шартын жакшыртып, өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек шаарындагы күйүүчү-майлоочу майдын учурдагы баасын ЕАЭБ жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен салыштырды. Бишкектеги күйүүчү майдын орточо баасы АИ-92 — 86 сом 90 тыйын, АИ-95 — 109 сом 90 тыйын, дизель майы — 99,9 сом, суюлтулган газ — 48,8 сомго бааланды. Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдиргендей, учурда АИ-92нин баасы Казакстанда 46,1 сом, Россияда 76,2 сом, Беларуста 77,7 сом. Ал эми Өзбекстанда 94,9 сом, Тажикстанда 122,9 сом жана Арменияда 127,2 сом. Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстанда күйүүчү май Казакстан, Россия жана Беларуска караганда кымбатыраак. Ал эми Өзбекстан, Тажикстан жана Арменияга салыштырмалуу арзаныраак бойдон калууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/05/1102800019_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c5bc7bfbc2f15459b83037fca42e29c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио