https://sputnik.kg/20260804/kyrgyzstan-kuyuuchu-may-baa-osot-1102786460.html
Касымалиев: дизель майы 140, бензин 120 сомго чейин кымбатташы мүмкүн
Касымалиев: дизель майы 140, бензин 120 сомго чейин кымбатташы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер... 04.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-04T16:36+0600
2026-08-04T16:36+0600
2026-08-04T16:39+0600
кыргызстан
күйүүчү май
баа
кымбат
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049807199_0:0:3430:1930_1920x0_80_0_0_79767aa7ac4f9157f192fa5bbdc4698a.jpg
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда мамлекет күйүүчү майдын баасын 90 сомдун тегерегинде кармап турат, бирок баа бара-бара баары бир өсөт. Минкаб башчысы белгилегендей, сырьё катары мунайдын өзү да, аны ташуу (логистика) да кымбаттаган.
https://sputnik.kg/20260731/kyrgyzstan-rossiyadan-ay-sayyn-100-000-t-kuyuuchu-may-alyp-turat-1102709730.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0a/02/1049807199_350:0:3081:2048_1920x0_80_0_0_f34d31904c7a2e68386e319d77488b31.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, күйүүчү май, баа, кымбат
кыргызстан, күйүүчү май, баа, кымбат
Касымалиев: дизель майы 140, бензин 120 сомго чейин кымбатташы мүмкүн
16:36 04.08.2026 (Жаңыртылды: 16:39 04.08.2026) БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Кыргызстанда дизель майынын баасы 130–140 сомго, ал эми бензин 110–120 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар" улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда мамлекет күйүүчү майдын баасын 90 сомдун тегерегинде кармап турат, бирок баа бара-бара баары бир өсөт.
"Өлкөдө таңсыктык болбойт — бул биздин башкы милдетибиз. Дизель, Аи-92 үлгүсүндөгү бензин, газ жана авиакеросин жетиштүү болот. Эл негизинен 92-бензинди куят. Бүгүнкү күндө күйүүчү майды Беларустан алып жатабыз, Кытайдан бензин жүктөлгөн беш оор жүк ташуучу унаа келди, эми ал жактан темир жол аркылуу да жеткирүүнү пландап жатабыз. Азербайжан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Өзбек тараптын мунай кайра иштетүүчү заводунда биздин мунайды айына 20 миң тоннага чейин кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдарды Түркиядан жана Европадан да алып келип жатабыз", — деди Касымалиев.
Минкаб башчысы белгилегендей, сырьё катары мунайдын өзү да, аны ташуу (логистика) да кымбаттаган.
"Ошондой болсо да Өзбекстан менен Тажикстанга салыштырмалуу бизде Аи-92 бензини 20–25 сомго арзан, бул айырма республикалык бюджеттен жабылууда. Субсидияларга миллиарддаган сом кетет, бирок баалардын өсүшүнөн качуу мүмкүн эмес. Дүйнөлүк кырдаал өзгөрсө гана баалар мурунку калыбына келиши мүмкүн", — деп түшүндүрдү ал.