Бишкекте эт 680 сомдон сатылган жайлардын даректери белгилүү болду. Тизме

© Sputnik / Константин Михальчевский
/ Жазылуу
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Бишкекте бир нече даректе арзан баада эт саткан фудтрактар иштеп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, "Кыргыз агрохолдинг" ишканасы тарабынан уюштурулган фудтрактарда эттин 1 килограммы 680 сомдон сатылууда.
Сатуу жайлары төмөнкү даректерде жайгашкан:
Аламүдүн-1 конушу, Сагынбай манасчы көчөсү, 7/1 (чыгыш тарабындагы автоунаа токтотуучу жай);
Көк-Жар кичи району, 3/1 (жанындагы автоунаа токтотуучу жай);
7-Апрель көчөсү менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши ("Глобус" гипермаркетинин автоунаа токтотуучу жайы);
Киев менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши ("Берекет универсал" базарынын батыш тарабындагы автоунаа токтотуучу жай);
Туңгуч кичи району ("Глобус" гипермаркетинин автоунаа токтотуучу жайы);
"Орто-Сай" базары ("Оберондогу" автоунаа токтотуучу жай);
Гагарин менен Космос көчөлөрүнүн кесилиши ("Глобус" гипермаркетинин автоунаа токтотуучу жайы);
Ленин көчөсү, 135;
Төмөнкү Жал кичи району, Тыналиев көчөсү ("Глобус" гипермаркетинин автоунаа токтотуучу жайы);
Москва менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши.
