https://sputnik.kg/20260803/ukraina-uchun-tuzulgon-koalitsiyanyn-kunu-akyryndap-butup-baratat-1102770410.html
Украина үчүн түзүлгөн коалициянын күнү акырындап бүтүп баратканы айтылууда
Украина үчүн түзүлгөн коалициянын күнү акырындап бүтүп баратканы айтылууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Башына турган адамдын жоктугунан Украина боюнча курулган союздаштардын катары суюлуп бара жатат. Бул туурасында Telegraph басылмасы... 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T19:41+0600
2026-08-03T19:41+0600
2026-08-03T19:41+0600
дүйнөдө
батыш
европа
украина
германия
коалиция
геосаясат
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098438723_0:230:3072:1958_1920x0_80_0_0_adec2439196e677b451766ba3415e396.jpg
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Башына турган адамдын жоктугунан Украина боюнча курулган союздаштардын катары суюлуп бара жатат. Бул туурасында Telegraph басылмасы жазды.Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин ордуна келген Энди Бернем азыр өлкөнүн ички маселелерине баш-оту менен кирип кетип, биримдик көңүл сыртында калганы айтылууда. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2027-жылдагы шайлоого кайра катыша албайт. Автор Германиянын канцлери Фридрих Мерц жакшы лидер болгонго дарамети бардыгын, бирок Германиянын ички саясий абалы барган сайын олку-солку тартып баратканын белгилеген. Бул коалиция алгач Британия менен Франциянын демилгеси аркылуу түптөлгөн. Топко кирген өлкөлөр Украинанын куралдуу күчтөрүн каржылап, зарыл болсо өз аскерлерин Украинадагы мүмкүн болгон "тынчтык орнотуу миссиясына" жөнөтүүнү карап келишкен. Франциядагы келерки жылдагы шайлоодон кийин Макрондун ордуна оңчул "Улуттук биригүү" партиясынын лидери Марин Ле Пен болушу мүмкүн деп жатышат. Эгер ал бийликке келсе, Францияны НАТОдон чыгарып, Россияга каршы салынган санкцияларды алып салууну убада кылган. Улуу Британия өкмөтүндөгү ишенимдүү маалымат булак Telegraph басылмасына билдиргенине караганда, Лондон азыртадан эле Ле Пендин жеңиши британ-француз мамилелерине жана аталган союздаштар тобуна кандай таасир этерин талдап жатат. Негизи бул коалицияны Германиянын канцлери Мерц жетектеп кетиши мүмкүн эле, бирок автор Германиянын ички саясий абалы барган сайын туруксуздашып баратканын белгилейт. Муну менен катар эле Берлин Украинага аскер жөнөтө турган бул топтун курамына кошулуудан баш тарткан. Аскердик контингентке катышуудан Польша да баш тартты. Макалада автор коалицияны Улуу Британиянын премьер-министри Бернем өзүнө лидерлик жоопкерчиликти алган учурда гана сактап калууга мүмкүн деп жазылган.
https://sputnik.kg/20260714/mertstin-ukraina-boyuncha-aytkany-1102399245.html
батыш
европа
украина
германия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098438723_80:0:2812:2048_1920x0_80_0_0_71f995ec1f9b1051e11e7633209a523f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, батыш, европа, украина, германия, коалиция, геосаясат
дүйнөдө, батыш, европа, украина, германия, коалиция, геосаясат
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Башына турган адамдын жоктугунан Украина боюнча курулган союздаштардын катары суюлуп бара жатат. Бул туурасында
Telegraph басылмасы жазды.
Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармердин ордуна келген Энди Бернем азыр өлкөнүн ички маселелерине баш-оту менен кирип кетип, биримдик көңүл сыртында калганы айтылууда. Ал эми Франциянын президенти Эммануэль Макрон 2027-жылдагы шайлоого кайра катыша албайт.
"Ушул себептерден улам Европаны баштай турган лидер калбай, континенттин келечеги белгисиз болуп калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар", — деп жазат басылма.
Автор Германиянын канцлери Фридрих Мерц жакшы лидер болгонго дарамети бардыгын, бирок Германиянын ички саясий абалы барган сайын олку-солку тартып баратканын белгилеген.
Бул коалиция алгач Британия менен Франциянын демилгеси аркылуу түптөлгөн. Топко кирген өлкөлөр Украинанын куралдуу күчтөрүн каржылап, зарыл болсо өз аскерлерин Украинадагы мүмкүн болгон "тынчтык орнотуу миссиясына" жөнөтүүнү карап келишкен.
Франциядагы келерки жылдагы шайлоодон кийин Макрондун ордуна оңчул "Улуттук биригүү" партиясынын лидери Марин Ле Пен болушу мүмкүн деп жатышат. Эгер ал бийликке келсе, Францияны НАТОдон чыгарып, Россияга каршы салынган санкцияларды алып салууну убада кылган. Улуу Британия өкмөтүндөгү ишенимдүү маалымат булак Telegraph басылмасына билдиргенине караганда, Лондон азыртадан эле Ле Пендин жеңиши британ-француз мамилелерине жана аталган союздаштар тобуна кандай таасир этерин талдап жатат.
Негизи бул коалицияны Германиянын канцлери Мерц жетектеп кетиши мүмкүн эле, бирок автор Германиянын ички саясий абалы барган сайын туруксуздашып баратканын белгилейт. Муну менен катар эле Берлин Украинага аскер жөнөтө турган бул топтун курамына кошулуудан баш тарткан. Аскердик контингентке катышуудан Польша да баш тартты.
Макалада автор коалицияны Улуу Британиянын премьер-министри Бернем өзүнө лидерлик жоопкерчиликти алган учурда гана сактап калууга мүмкүн деп жазылган.