https://sputnik.kg/20260803/rossiya-kyrgyzstanga-en-kop-investitsiya-saldy-1102764709.html
Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду
Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T15:52+0600
2026-08-03T15:52+0600
2026-08-03T15:52+0600
кыргызстан
россия
инвестициялар
экономика
өнөктөштүк
улуттук статистика комитети
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097772082_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_1cd957e49fe79faba328f420d181aea9.jpg
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп. Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп. Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген.
https://sputnik.kg/20260417/kyrgyzstan-tovar-eaeb-eksport-1100835135.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/0b/1097772082_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_0347a5a770a136a6c2b8d6d6e9034b09.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, инвестициялар, экономика, өнөктөштүк, улуттук статистика комитети
кыргызстан, россия, инвестициялар, экономика, өнөктөштүк, улуттук статистика комитети
Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп.
Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп.
Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген.