00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
Водородная энергетика и автономные села: смелые технологии научных сообществ ШОС
08:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Мониторингден айып пулга чейин: социалдык маанидеги товарлардын баасы кандай жөнгө салынат?
09:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Более 1200 сёл в зоне риска»: МЧС — о климате, ледниках и системе оповещения населения
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Москвада асманга учкан алп мамалак. Тарыхый видео

Жазылуу
Мындан 46 жыл мурда ошол кездеги СССРде достукту, биримдикти даңазалаган чоң спорттук майрам, Олимпиада өткөн. Аны Москвадан сырткары, Советтер Союзунун башка бир нече шаары кабыл алган, тагыраагы, таймаштар болгон.
Олимп оюндары салтанаттуу аяктап, кучак жеткис тумар мамалактын (Мишка) "көз жашы" көптөрдү толкунданткан.
Окурмандарга ал кездеги ирмемдерди тартуулоону эп көрдүк.
1980-жылы 3-августта Москвада жайкы Олимпиада аяктады. Салтанат Ленин атындагы (азыркы Лужники) олимпиада стадионунда болгон. 80 өлкөнүн спортчулары талаага чыкканы да өзгөчө көрүнүш эле.
Олимпиада оту өчүп, адамдардан куралган символ болгон мамалактын көзүнөн "жаш чуурган". Бул өзгөчө чеберчилик менен жасалганын видеодон көрүүгө болот. Андан кийин XXII Олимпиада оюндарынын символу стадионго чыгып, "До свидания, Москва" ырынын коштоосунда колун булгалап.., асманды көздөй көтөрүлгөн.
Бул көптөрдү жашытып, стадиондо отургандар ушул салтанатты өмүр бою эстеп калды.
Айтмакчы, Олимпиаданын уюштурулушу жөнүндөгү бир катар маалыматтарда Олимпиаданын тумары болгон мамалактын асманга көтөрүлүшү ал кездеги КГБ үчүн да күтүүсүз окуя болгон, себеби бул нерсе сценарийде көрсөтүлбөгөнү жазылып жүрөт. Анткени бул процесс татаал болгондуктан, майда-чүйдөсүнө чейин талкууланган эмес.
Сүрөтчү Виктор Чижиков жараткан Олимпиаданын символу бүткүл дүйнөнү дароо өзүнө арбап алган. Лужникидеги салтанаттуу учушуна чейин Мишка "Союз-29" кемесинин бортунда космоско барып келгенин билгендер аз. Арадан ондогон жылдар өткөндөн кийин сүйүктүү каарман кайрадан кызматын өтөйт, тагыраагы, 2026-жылдын январында ал кайрадан Россиянын олимпиадалык курама командасынын расмий тумары болуп бекитилет.
Ошентип, Москвада 1980-жылкы спорт майрамда негизги иш-чаралар борбор шаарда өткөнү менен Олимпиаданы Советтер Союзунун башка шаарлары жана республикалары да кабыл алган. Маселен, парус регатасы Таллинде өтүп (ал жердин Вигри аттуу өзүнүн тюлень тумары бар болчу), ал эми футбол беттештери Ленинград, Минск жана Киев шаарларында уюштурулган. Оюндардын урматына атайын Крылатскоедеги велотректен баштап Шереметьево-2 аэропортуна чейин заманбап 78 объект курулган.
Бойкотко карабай жаралган ийгилик. Совет аскерлеринин Афганстанга киришине байланыштуу АКШ баштаган ондогон өлкөлөр бул Олимпиадага бойкот жарыялаган. Бирок бул достук майрамынын өтүшүнө кедерги боло алган эмес. Батыштын 16 мамлекетинен келген спортчулар өз өкмөттөрүнүн каршылыгына карабай, ачылыш аземинде бейтарап Олимпиада туусу астында басып өтүшөт. Бул Олимпиада тарыхтагы эң жемиштүү оюндардын бири катары калды: атлеттер Олимпиаданын 74 жана дүйнөнүн 36 рекордун жаңылашса, СССРдин курама командасы рекорд жаратып, 195 медалга ээ болгон.
Москва кандай гана саясий пикир келишпестиктер болбосун, спорт адамдарды бириктире аларын далилдеди. Олимпиада-80 тарыхка эң коопсуз, натыйжалуу жана меймандос оюндардын бири катары кирди. Ал эми асманга учуп бараткан Мишканын сентименталдуу элеси миллиондогон адамдар азыркыга чейин өзгөчө сагыныч жана жылуулук менен эскерип келе жаткан бүтүндөй бир доордун символу болуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0