https://sputnik.kg/20260803/koruktardyn-ayantyn-kyskartuuga-moratoriy-sunushtaldy-1102757181.html
Коруктардын аянтын кыскартууга 20 жылдык тыюу салуу сунушталды
Коруктардын аянтын кыскартууга 20 жылдык тыюу салуу сунушталды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга жана алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий... 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T10:20+0600
2026-08-03T10:20+0600
2026-08-03T10:27+0600
кыргызстан
корук
улуттук парк
мораторий
жаратылыш
экология
жарлык
долбоор
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095773699_0:0:3640:2048_1920x0_80_0_0_896ead1fe785f82f8e8454dc9b5134da.jpg
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга жана алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Президенттин жарлыгынын долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, мораторий мамлекеттик жаратылыш коруктарына, улуттук парктарга жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына тиешелүү болот. Эгер жарлык кабыл алынса, бул аймактардын чек арасын кыскартууга жана алардын коргоо категориясын төмөндөтүүгө 20 жыл бою жол берилбейт. Жарлыктын долбоорунда мындай чечим өлкөнүн жаратылыш мурастарын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы белгиленген. Ошондой эле бул демилге экологиялык коопсуздукту чыңдоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталганы айтылат. Негиздеме-маалыматта акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, пайдалуу кендерди өздөштүрүү жана башка чарбалык иштерге байланыштуу өзгөчө корголуучу аймактардын чек арасын өзгөртүү же аянтын кыскартуу боюнча сунуштар көбөйгөнү белгиленет. Документтин авторлору мындай өзгөрүүлөр жаратылыш экосистемаларына жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сакталышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет. Ошол эле учурда мораторий бардык учурларга жайылтылбайт. Ал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кеңейтүү боюнча чечимдерге, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерге жана мамлекеттик коопсуздук менен коргонуу муктаждыктарына байланыштуу министрлер кабинетинин өзүнчө чечими кабыл алынган өзгөчө учурларга тиешелүү болбойт.
https://sputnik.kg/20260728/brakonerlerge-zhaza-kataaldady-1102653042.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/08/1095773699_374:0:3105:2048_1920x0_80_0_0_df7e3cfb72bbaac3a973296e20b80b80.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, корук, улуттук парк, мораторий, жаратылыш, экология, жарлык, долбоор
кыргызстан, корук, улуттук парк, мораторий, жаратылыш, экология, жарлык, долбоор
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Кыргызстанда өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кыскартууга жана алардын коргоо макамын төмөндөтүүгө 20 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Президенттин жарлыгынын долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, мораторий мамлекеттик жаратылыш коруктарына, улуттук парктарга жана башка өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына тиешелүү болот. Эгер жарлык кабыл алынса, бул аймактардын чек арасын кыскартууга жана алардын коргоо категориясын төмөндөтүүгө 20 жыл бою жол берилбейт.
Жарлыктын долбоорунда мындай чечим өлкөнүн жаратылыш мурастарын сактоо, биологиялык ар түрдүүлүктү коргоо жана экосистемалардын туруктуулугун камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы белгиленген. Ошондой эле бул демилге экологиялык коопсуздукту чыңдоого жана климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин азайтууга багытталганы айтылат.
Негиздеме-маалыматта акыркы жылдары инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, пайдалуу кендерди өздөштүрүү жана башка чарбалык иштерге байланыштуу өзгөчө корголуучу аймактардын чек арасын өзгөртүү же аянтын кыскартуу боюнча сунуштар көбөйгөнү белгиленет. Документтин авторлору мындай өзгөрүүлөр жаратылыш экосистемаларына жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн сакталышына терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептешет.
Ошол эле учурда мораторий бардык учурларга жайылтылбайт. Ал өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын аянтын кеңейтүү боюнча чечимдерге, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюуга байланыштуу иштерге жана мамлекеттик коопсуздук менен коргонуу муктаждыктарына байланыштуу министрлер кабинетинин өзүнчө чечими кабыл алынган өзгөчө учурларга тиешелүү болбойт.