00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Эл артисти Сманбеков: “Атанын тагдырындагы” Акылбектин ролун алганда чочуладым
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Стоп-кадр
"Сапар" тасмасы Анкарадагы фестивалда сыйлык алды
17:06
33 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган алтын тыйын чыгарды

© Фото / Национальный банк КРЗолотая коллекционная монета
Золотая коллекционная монета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Улуттук банк бүгүндөн тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды.
Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана.
© Фото / Национальный банк КРЗолотая коллекционная монета
Золотая коллекционная монета - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2026
Золотая коллекционная монета
Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет.
Анын арткы бетиндеги "35" санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – "2026", алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн.
Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат.
Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 460 сомдон сатылат.
Улуттук банктын алтын запасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2026
"Элиталык клубга кирдик". Кыргызстандын эл аралык резерви 10 млрд. доллардан ашты
Жаңылыктар түрмөгү
0