00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Спички и Транспортир
18:06
48 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Особый акцент
Как не потерять наследство из за пропущенного срока - советы юриста
20:05
46 мин
Ачык кеп
ЕАЭБде электрондук сооданын жаңы эрежелери: санариптик сооданын келечеги жана Кыргызстан үчүн мүмкүнчүлүктөр
21:04
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдарын расмий кабыл алуу боюнча уюштуруу жана техникалык иштер башталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, иштер Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын демаркациялоо боюнча жетишилген макулдашуулардын алкагында жүргүзүлүүдө. Бүгүн эки өлкөнүн биргелешкен жумушчу тобу айыл тургундары менен жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Мамлекеттик чек араны демаркациялоонун жыйынтыгында мурда Өзбекстандын Фергана облусуна караган Чоң-Гара жана Таш-Төбө айылдары Кыргызстанга өткөрүлгөн. Бул айылдарда негизинен этникалык кыргыздар жашайт. Алдын ала маалымат боюнча, эки айылда жалпысынан 2,5 миңге жакын адам бар. Учурда айылдарда жашоочуларды каттоо иштери жүрүп жатат. Андан кийинки этапта аларга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча мыйзамда каралган жол-жоболор ишке ашырылмакчы. Өз кезегинде Кыргызстан эки айылдын ордуна Өзбекстанга мамлекеттик чек ара тилкесинен теңме-тең жер аянтын өткөрүп берүүнү макулдашкан.
Прокуратура Камчыбек Ташиев, Курманкул Зулушев, Тургунбек Нурланбек уулу жана дагы беш фигурантка карата чыгарылган сот өкүмү боюнча апелляциялык арыз берди. Июлдун башында Биринчи май райондук соту Ташиевди, Зулушевди жана Тургунбек уулун бийликти басып алууга аракет кылууга күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыраткан. Бирок аларга үч жылдык пробациялык көзөмөл колдонулган. Буга чейин мурдагы УКМК төрагасынын адвокаты да өкүмгө каршы Бишкек шаардык сотуна аппеляция берген.
Токтогул ГЭСи келтирген зыян үчүн жылдык компенсацияны 70 млн сомдон 358 млн сомго көбөйтүү сунушталды Мыйзам долбоорун депутаттар Болотбек Борбиев менен Марлен Маматалиев коомдук талкууга чыгарды. Каражатты “Электр станциялары” ишканасы Токтогул жана Таш-Көмүр ГЭСтер каскаддарынын чыгымдарынын эсебинен атайын эсепке жыл сайын которуп турат. Сумма инфляцияга жараша индексацияланып, электр энергиянын өздүк наркына кошулат. Долбоордун негиздемесинде азыркы 70 млн сомдук төлөм 2016-жылы белгиленип, инфраструктуралык долбоорлордун чыгымдарын жабууга жетпей калганы айтылат.
ЖККУнун келишимдери жана Россиянын аскердик доктринасы боюнча, эгер өнөктөш өлкөлөргө кол салуу болсо, аларды коргоо үчүн өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы өкүлү Виктор Васильев РИА Новостиге билдирди. Ал бул тууралуу Россия өзүнүн атомдук куралын ЖККУга мүчө башка өлкөлөргө жайгаштыра алабы деген суроого жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал азыркы дүйнөдөгү негизги коркунучтардын бири катары — өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн көбөйүшүн жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын атады. Эске салсак, 2025-жылдын аягында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Жамааттык коопсуздуктун жаңы стратегиясын кабыл алышкан болчу.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 100 сом 78 тыйынга юань 12 сом 95 тыйынга рубль 1 сом 10 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
Аба ырайы4-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкө аймагынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Таласта +27...+32, Ысык-Көл облусунда +22...+27, Нарын регионунда +20...+25 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +31..+33, Ош шаарында +32...+34, Чолпон-Атада +22...+24 градусту көрсөт
Жаңылыктар түрмөгү
0