https://sputnik.kg/20260803/1102768285.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым... 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T17:00+0600
2026-08-03T17:00+0600
2026-08-03T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102768119_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_425a2659de0a063a518e17f14d299c43.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштаган документте айтылды. Коомдук талкууга илинген долбоорго ылайык, соттолгон адам зыяндын ордун жаза мөөнөтүнүн же пробация мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган убакыт ичинде төлөп бериши керек болот. “Мисалы, жаран эки жылга кесилген болсо, анда ал жабырлануучуга келтирилген зыянды алгачкы бир жылдын ичинде төлөп бүтүрүүгө тийиш. Үч жылдык пробация берилсе, компенсация 1,5 жыл ичинде төлөнүшү керек”, — деп айтылат долбоордо. Министрликтин айтымында, азыр айрым карызкорлор милдеттенмелерин аткаруудан качып, жабыркагандардын укугун калыбына келтирүүгө тоскоол болуп жатат.
Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп. Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп. Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген.
Ит кармагандар Ысык-Көлгө жаныбарлар менен түшүүгө уруксат берүүнү суранышты Алар Ысык-Көлдүн жээгинен үй жаныбарлары менен чогуу эс алып, сууга түшүүгө уруксат берилген чакан тилкелерди бөлүп берүүнү сунушташты. Демилгечилердин бири Алия Шагиеванын айтымында, учурда ит менен барган эс алуучулар дээрлик бардык пляждарда тыюуга туш болушат. Кожоюну иттин артынан тазалап, башка эс алуучуларга тоскоолдук жаратпоого милдетендирилиши керектиги белгиленди. Кайрылууда атайын зоналарга эмдөөдөн өткөн жана адамдарга көнгөн иттер гана киргизилиши керектиги айтылат. Азырынча мамлекеттик органдар жана пляж администрациялары бул сунуш боюнча расмий жооп бере элек.
ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти 3-августтан 6-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкындашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, синоптиктердин божомолунда, 3-августтун экинчи жарымында жана 4-6-август күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Ушуга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, ошондой эле дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. ӨКМ жарандарды жана туристтерди коопсуздук чараларын сактоого, тоолуу аймактарда жүрүүдө сак болууга чакырат.
Италиянын мурдагы премьер-министри Жузеппе Конте Европа өлкөлөрүн Украинадагы согушту токтотууга аракет кылбай жатат деп сынга алды Ал сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып, Украинага курал-жарак берүүгө каршы экенин билдирди. Контенин айтымында, Украинада курал көп болгондуктан, алардын кайда кетип жатканы тууралуу суроолор жаралууда. Буга чейин Fatto Quotidiano басылмасы 2022-жылдан бери Украинада 780 миңден ашуун курал жоголгон же уурдалганын, алардын айрымдары кара базарга түшүшү мүмкүн экенин жазган.
Кыргызстанда соттолгондор жабыркагандарга келтирген зыянды так белгиленген убакыттын ичинде төлөөгө милдеттендирилет. Бул тууралуу Юстиция министрлиги айрым мыйзамдарды өзгөртүүнү сунуштаган документте айтылды. Коомдук талкууга илинген долбоорго ылайык, соттолгон адам зыяндын ордун жаза мөөнөтүнүн же пробация мөөнөтүнүн жарымынан ашпаган убакыт ичинде төлөп бериши керек болот. “Мисалы, жаран эки жылга кесилген болсо, анда ал жабырлануучуга келтирилген зыянды алгачкы бир жылдын ичинде төлөп бүтүрүүгө тийиш. Үч жылдык пробация берилсе, компенсация 1,5 жыл ичинде төлөнүшү керек”, — деп айтылат долбоордо. Министрликтин айтымында, азыр айрым карызкорлор милдеттенмелерин аткаруудан качып, жабыркагандардын укугун калыбына келтирүүгө тоскоол болуп жатат.Россия кыргыз экономикасына эң көп инвестиция салган өлкө болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка ылайык, республика ушул жылдын январь-март айларында 387 миллион доллар чет элдик инвестиция тарткан. Бул өткөн жылдын алгачкы үч айына салыштырганда дээрлик 100 миллион долларга көп. Инвестиция көлөмү боюнча биринчи орунда Россия турат. Өнөктөш өлкөдөн 134 миллион доллар кирген. Бул жалпы инвестициянын үчтөн биринен көп. Экинчи орунда 80 миллион доллар менен Кытай болду. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 38 миллион доллар инвестиция салып, үчүнчү орунга илинген. Ит кармагандар Ысык-Көлгө жаныбарлар менен түшүүгө уруксат берүүнү суранышты Алар Ысык-Көлдүн жээгинен үй жаныбарлары менен чогуу эс алып, сууга түшүүгө уруксат берилген чакан тилкелерди бөлүп берүүнү сунушташты. Демилгечилердин бири Алия Шагиеванын айтымында, учурда ит менен барган эс алуучулар дээрлик бардык пляждарда тыюуга туш болушат. Кожоюну иттин артынан тазалап, башка эс алуучуларга тоскоолдук жаратпоого милдетендирилиши керектиги белгиленди. Кайрылууда атайын зоналарга эмдөөдөн өткөн жана адамдарга көнгөн иттер гана киргизилиши керектиги айтылат. Азырынча мамлекеттик органдар жана пляж администрациялары бул сунуш боюнча расмий жооп бере элек. ӨКМ сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти 3-августтан 6-августка чейин нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, суу ташкындашы мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, синоптиктердин божомолунда, 3-августтун экинчи жарымында жана 4-6-август күндөрү өлкөнүн айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаайт. Ушуга байланыштуу тоолуу райондордо сел жүрүп, ошондой эле дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. ӨКМ жарандарды жана туристтерди коопсуздук чараларын сактоого, тоолуу аймактарда жүрүүдө сак болууга чакырат.Италиянын мурдагы премьер-министри Жузеппе Конте Европа өлкөлөрүн Украинадагы согушту токтотууга аракет кылбай жатат деп сынга алды Ал сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырып, Украинага курал-жарак берүүгө каршы экенин билдирди. Контенин айтымында, Украинада курал көп болгондуктан, алардын кайда кетип жатканы тууралуу суроолор жаралууда. Буга чейин Fatto Quotidiano басылмасы 2022-жылдан бери Украинада 780 миңден ашуун курал жоголгон же уурдалганын, алардын айрымдары кара базарга түшүшү мүмкүн экенин жазган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102768119_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_915b0860b2eff36669692be0e8786fa4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио