https://sputnik.kg/20260803/1102761306.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк бүгүндөн тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын... 03.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-03T13:00+0600
2026-08-03T13:00+0600
2026-08-03T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102761140_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bcdb4fcd8c30135149991535dd11f28a.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк бүгүндөн тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана. Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет. Анын арткы бетиндеги "35" санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – "2026", алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат. Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 460 сомдон сатылат.
Суудагы “Формула-1” жарышын жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүү пландалууда Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары менен меморандумга кол коюлуп, мелдешти жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Бишкекте электр тогуна урунган тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болгондон кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси ("Тоо-кен, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынары кошумчаланды. Эске салсак, буга чейин комада жаткан жеткинчектин каза тапканы кабарланган. Кырсык 26-июлда Октябрь райондук сотунун имаратынын тушундагы арыктын жанында болгон. Бала эс-учун жоготуп №3 Балдар ооруканасына жеткирилген болчу.
Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун келишимдери жана Россиянын аскердик доктринасы боюнча, эгер өнөктөш өлкөлөргө кол салуу болсо, аларды коргоо үчүн өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы өкүлү Виктор Васильев РИА Новостиге билдирди. Ал бул тууралуу Россия өзүнүн атомдук куралын ЖККУга мүчө башка өлкөлөргө жайгаштыра алабы деген суроого жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал азыркы дүйнөдөгү негизги коркунучтардын бири катары — өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн көбөйүшүн жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын атады. Эске салсак, 2025-жылдын аягында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Жамааттык коопсуздуктун жаңы стратегиясын кабыл алышкан болчу. Ошол эле учурда Европада да өзөктүк курал тууралуу билдирүүлөр көбөйүүдө. Маселен, Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөсү өзөктүк курал менен коргонуу саясатын күчөтөрүн айтса, Финляндиянын парламенти өлкөгө өзөктүк куралды алып кирүүгө, сактоого жана колдонууга коюлган тыюуну алып салууну кубаттады.
Улуттук банк бүгүндөн тарта "Тарыхый окуялар" сериясындагы "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" аттуу алтын коллекциялык монетаны жүгүртүүгө чыгарды. Тыйын Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган. Анын номиналы 100 сомду түзөт. Ал 999 үлгүдөгү алтындан жасалып, салмагы 7,78 грамм, диаметри 22 миллиметр. Жалпы нускасы – 1000 даана. Монетанын алдыңкы бетинде Кыргызстандын мамлекеттик желегинин фонунда алдыга басып бараткан ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн. Ак илбирс Кыргызстандын улуттук символдорунун бири катары өлкөнүн күчүн, улуулугун жана жаратылыш байлыгын билдирет. Анын арткы бетиндеги "35" санынын ичинде Кыргызстандын герби жайгашып, айланасына кыргыздын курак өнөрүнүн элементтери түшүрүлгөн. Ошондой эле чыгарылган жылы – "2026", алтындын сапат белгиси (Au 999) жана монетанын салмагы көрсөтүлгөн. Улуттук банк билдиргендей, коллекциялык монета өлкө аймагында расмий төлөм каражаты макамына ээ. Ар бир тыйын атайын акрил капсулага салынып, сапат сертификаты менен кошо кутуга жайгаштырылат. Монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында иш күндөрү саат 09:00дөн 14:00гө чейин 99 460 сомдон сатылат.Суудагы “Формула-1” жарышын жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүү пландалууда Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнө чемпионатынын уюштуруучулары менен меморандумга кол коюлуп, мелдешти жыл сайын Ысык-Көлдө өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.Бишкекте электр тогуна урунган тогуз жаштагы Ибрахим Анарбеков каза болгондон кийин кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 272-беренеси ("Тоо-кен, курулуш же башка иштерди жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон. Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн зарыл болгон тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөө иштеринин жыйынтыгы менен мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынары кошумчаланды. Эске салсак, буга чейин комада жаткан жеткинчектин каза тапканы кабарланган. Кырсык 26-июлда Октябрь райондук сотунун имаратынын тушундагы арыктын жанында болгон. Бала эс-учун жоготуп №3 Балдар ооруканасына жеткирилген болчу. Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун келишимдери жана Россиянын аскердик доктринасы боюнча, эгер өнөктөш өлкөлөргө кол салуу болсо, аларды коргоо үчүн өзөктүк курал колдонулушу мүмкүн. Бул тууралуу Россиянын уюмдагы өкүлү Виктор Васильев РИА Новостиге билдирди. Ал бул тууралуу Россия өзүнүн атомдук куралын ЖККУга мүчө башка өлкөлөргө жайгаштыра алабы деген суроого жооп берип жатып айтты. Ошондой эле ал азыркы дүйнөдөгү негизги коркунучтардын бири катары — өзөктүк куралы бар өлкөлөрдүн көбөйүшүн жана массалык кыргын салуучу куралдардын жайылышын атады. Эске салсак, 2025-жылдын аягында ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчылары Жамааттык коопсуздуктун жаңы стратегиясын кабыл алышкан болчу. Ошол эле учурда Европада да өзөктүк курал тууралуу билдирүүлөр көбөйүүдө. Маселен, Франциянын президенти Эммануэль Макрон өлкөсү өзөктүк курал менен коргонуу саясатын күчөтөрүн айтса, Финляндиянын парламенти өлкөгө өзөктүк куралды алып кирүүгө, сактоого жана колдонууга коюлган тыюуну алып салууну кубаттады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/03/1102761140_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_118f11ca67635ed1da0fd4c6c01a095f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио