https://sputnik.kg/20260731/seutaga-mindegen-migrant-kirdi-1102708869.html
Испан анклавына 20 миңдей мигрант кирип келип, бийликтин шаштысын алды. Видео
Испан анклавына 20 миңдей мигрант кирип келип, бийликтин шаштысын алды. Видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Испаниянын Түндүк Африкадагы автономиялуу шаары Сеутаны Мароккодон келген миңдеген мигрант каптады. Алардын айрымдары деңизден... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T09:59+0600
2026-07-31T09:59+0600
2026-07-31T10:05+0600
дүйнөдө
испания
марокко
мигрант
полиция
миграция
кризис
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102707915_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_fe8b9c11db5eb987fb13443d78a752db.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Испаниянын Түндүк Африкадагы автономиялуу шаары Сеутаны Мароккодон келген миңдеген мигрант каптады. Алардын айрымдары деңизден үйлөмө дөңгөлөктөр менен сүзүп өтсө, башкалары кургактагы дарбазаларды бузуп кирген. Mundo гезити укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып билдиргендей, Сеута анклавынын кургактагы чек арасын 20 миңден ашуун мигрант Марокконун коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына кабылбастан кесип өткөн. Бийлик азырынча расмий маалыматтарды жарыялай элек, анткени адамдардын агымы дагы эле токтой элек. Бирок алдыңкы катарда иштеп жаткан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кырдаалды "көзөмөлдөн чыгып бара жаткан" абал катары мүнөздөшүүдө. Коопсуздукту күчөтүү үчүн Испаниядан кошумча 200 полиция кызматкери жана 60 аскер жөнөтүлдү. Шаарда дүкөндөр жабылып, көчөлөргө аскердик техника чыгарылган. Акыркы айларда чек арадан өтүүгө аракет кылган 60 адам каза болгону айтылууда. Сеутанын жетекчиси абалды улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атап, борбордук бийликтен тез арада жардам сурады. Бирок Испания өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин расмий жарыялай элек. Бул 2021-жылдан берки эң ири миграциялык кризис катары бааланууда.
https://sputnik.kg/20260126/migranttar-bash-kalkaloochu-shaarlardy-tuzuugo-tyyuu-saluuga-chakyrdy-1099356644.html
испания
марокко
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102707915_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_86b7f9feddf1d3af9a75322cbd3ed772.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, испания, марокко, мигрант, полиция, миграция, кризис
дүйнөдө, испания, марокко, мигрант, полиция, миграция, кризис
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Испаниянын Түндүк Африкадагы автономиялуу шаары Сеутаны Мароккодон келген миңдеген мигрант каптады. Алардын айрымдары деңизден үйлөмө дөңгөлөктөр менен сүзүп өтсө, башкалары кургактагы дарбазаларды бузуп кирген.
Mundo гезити укук коргоо органдарындагы маалымат булактарына таянып билдиргендей, Сеута анклавынын кургактагы чек арасын 20 миңден ашуун мигрант Марокконун коопсуздук күчтөрүнүн каршылыгына кабылбастан кесип өткөн.
Бийлик азырынча расмий маалыматтарды жарыялай элек, анткени адамдардын агымы дагы эле токтой элек. Бирок алдыңкы катарда иштеп жаткан укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кырдаалды "көзөмөлдөн чыгып бара жаткан" абал катары мүнөздөшүүдө.
"Полиция бул агымды көзөмөлдөөгө жетишпей жатат", — деди Сеутадагы Жарандык гвардиянын бириккен ассоциациясынын (AUGC) башкы катчысы Рашид Сбихи.
Коопсуздукту күчөтүү үчүн Испаниядан кошумча 200 полиция кызматкери жана 60 аскер жөнөтүлдү. Шаарда дүкөндөр жабылып, көчөлөргө аскердик техника чыгарылган. Акыркы айларда чек арадан өтүүгө аракет кылган 60 адам каза болгону айтылууда.
Сеутанын жетекчиси абалды улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп атап, борбордук бийликтен тез арада жардам сурады. Бирок Испания өкмөтү өзгөчө кырдаал режимин расмий жарыялай элек. Бул 2021-жылдан берки эң ири миграциялык кризис катары бааланууда.