https://sputnik.kg/20260731/prezidentter-cholpon-ata-deklaratsiyasyna-kol-koyushtu-1102724914.html
Ысык-Көлгө чогулган президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
Ысык-Көлгө чогулган президенттер Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын... 31.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-31T16:24+0600
2026-07-31T16:24+0600
2026-07-31T16:24+0600
кыргызстан
ысык-көл
президенттер
чолпон-ата
декларация
садыр жапаров
келишим
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102722033_0:18:1280:738_1920x0_80_0_0_0b5d60a7c684a25a3eaaf9587a3908b0.jpg
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти. Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев катышты. Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбор Азияда мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилип, өз ара ишенимдин бекемделиши аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Президент ошондой эле аймактагы мамлекет башчыларына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Жыйындын соңунда мамлекет башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту. Президент Жапаров бул документ Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, тынчтыкты, ынак коңшулукту жана туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Түркмөнстандын Аваза шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын өлкө башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусун өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.
https://sputnik.kg/20260731/cholpon-ataga-alty-mamlekettik-prezidenti-chogulup-iri-zhiyyn-bashtaldy-1102721729.html
ысык-көл
чолпон-ата
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1f/1102722033_137:0:1144:755_1920x0_80_0_0_306e8098f0153f6ef3399b1664b466ff.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ысык-көл, президенттер, чолпон-ата, декларация, садыр жапаров, келишим, жолугушуу
кыргызстан, ысык-көл, президенттер, чолпон-ата, декларация, садыр жапаров, келишим, жолугушуу
БИШКЕК, 31-июл. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын президенттеринин бейформал консультативдик жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясына кол коюлду. Бул тууралуу "Ынтымак ордодон" билдиришти.
Жолугушууга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Азербайжандын лидери Илхам Алиев катышты.
Садыр Жапаров акыркы жылдары Борбор Азияда мамлекеттик чек араларга байланыштуу тарыхый макулдашууларга жетишилип, өз ара ишенимдин бекемделиши аймактык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарганын белгиледи. Президент ошондой эле аймактагы мамлекет башчыларына Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө лидерлер транспорттук-логистикалык байланыштарды кеңейтүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Жыйындын соңунда мамлекет башчылары Чолпон-Ата декларациясына кол коюшту. Президент Жапаров бул документ Борбор Азия мамлекеттери менен Азербайжандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги өз ара ишенимди, тынчтыкты, ынак коңшулукту жана туруктуу өнүгүүгө болгон умтулуусун чагылдырарын белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстан үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Түркмөнстандын Аваза шаарында өтө турган Борбор Азия мамлекеттеринин жана Азербайжандын өлкө башчыларынын кезектеги консультативдик жолугушуусун өткөрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.