https://sputnik.kg/20260730/zhasalma-viza-dayardoogo-shektuu-karmaldy-1102693615.html
Бишкекте чет элдик жаран жасалма виза даярдоого шектелип кармалды
Бишкекте чет элдик жаран жасалма виза даярдоого шектелип кармалды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран жасалма визаларды даярдап, сатуу менен алектенүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек... 30.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-30T14:55+0600
2026-07-30T14:55+0600
2026-07-30T14:57+0600
кыргызстан
бишкек
кылмыш
мыйзамсыз миграция
жасалма
виза
тергөө
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102690585_0:173:1280:893_1920x0_80_0_0_6c82874ae0f8c5bc4b42d13c93ff7b20.jpg
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран жасалма визаларды даярдап, сатуу менен алектенүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди. Маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн башка шериктери менен чет элдик жарандарга Кыргызстанга иштөө жана окуу үчүн визаларды 1000 долларга жасап берүүнү сунуштап келген. Бирок даярдалган документтер жасалма болуп чыккан. Айрымдар бул документтер менен Кыргызстанга кирүүгө жетишсе, кийин кайра чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Кээ бирлерине чек арадан өтүүгө уруксат берилген эмес. Алдын ала маалымат боюнча, бул схема аркылуу кеминде 200 чет элдик жаран өлкөгө мыйзамсыз кирген. Алардын ичинен 30дан ашуун адам Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү кеминде 30 миң доллар деп бааланууда. Шектүү кармалганда анын бут кийиминен 1400 доллар жасалма акча чыккан. Ошондой эле унаасынан жана жашаган жеринен паспорттор, визалар жана башка документтер алынган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу") менен иш козголду. Учурда схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.
https://sputnik.kg/20260721/aldamchylykka-shektuu-karmaldy-1102515762.html
бишкек
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1e/1102690585_64:88:1153:905_1920x0_80_0_0_d23d6700e1bda6d07875da310aba492c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, кылмыш, мыйзамсыз миграция, жасалма, виза, тергөө
кыргызстан, бишкек, кылмыш, мыйзамсыз миграция, жасалма, виза, тергөө
БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Бишкекте 25 жаштагы чет өлкөлүк жаран жасалма визаларды даярдап, сатуу менен алектенүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББи билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү өзүнүн башка шериктери менен чет элдик жарандарга Кыргызстанга иштөө жана окуу үчүн визаларды 1000 долларга жасап берүүнү сунуштап келген. Бирок даярдалган документтер жасалма болуп чыккан.
Айрымдар бул документтер менен Кыргызстанга кирүүгө жетишсе, кийин кайра чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Кээ бирлерине чек арадан өтүүгө уруксат берилген эмес.
Алдын ала маалымат боюнча, бул схема аркылуу кеминде 200 чет элдик жаран өлкөгө мыйзамсыз кирген. Алардын ичинен 30дан ашуун адам Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүргөнү аныкталган. Келтирилген зыяндын көлөмү кеминде 30 миң доллар деп бааланууда.
Шектүү кармалганда анын бут кийиминен 1400 доллар жасалма акча чыккан. Ошондой эле унаасынан жана жашаган жеринен паспорттор, визалар жана башка документтер алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси ("Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу") менен иш козголду. Учурда схеманын башка катышуучуларын аныктоо иштери уланууда.