https://sputnik.kg/20260729/sbu-eks-kyzmatkeri-zhany-zhetekchi-tuuraluu-1102669998.html
"Зеленскийдин киллери". Коопсуздук кызматтын подполковниги жаңы жетекчи тууралуу
"Зеленскийдин киллери". Коопсуздук кызматтын подполковниги жаңы жетекчи тууралуу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Украинанын Коопсуздук кызматынын жаңы жетекчиси Александр Поклад президент Владимир Зеленскийдин ишенимдүү адамы экени дайын жана... 29.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-29T12:05+0600
2026-07-29T12:05+0600
2026-07-29T12:05+0600
дүйнөдө
украина
коопсуздук кызматы
владимир зеленский
кармоо
пайдалануучу
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098439824_0:0:3071:1727_1920x0_80_0_0_c218413e9049b5edec343e7dd5f32c0a.jpg
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Украинанын Коопсуздук кызматынын жаңы жетекчиси Александр Поклад президент Владимир Зеленскийдин ишенимдүү адамы экени дайын жана купуя тапшырмаларды аткарууга катышып келген. Бул туурасында аталган кызматтын мурдагы подполковниги Василий Прозоров РИА Новостиге берген маегинде айтып берген. Июнь айынын соңунда Монакодогу жардыруудан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын аялы жана 13 жаштагы уулу жабыркаган. Ермолаев бул кол салууга Украинанын аскердик чалгын кызматынын тиешеси бар экенин билдирген. Кийинчерээк Киевдин четинде бул иш боюнча шектелген Анастасия Березовскаянын сөөгү табылган. Андан соң аялды өлтүрүүгө шектүү катары Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкери Владислав Реут жана мурдагы укук коргоо кызматкери Виталий Жикович кармалган. Прозоровдун айтымында, аларды Александр Покладдын жетекчилиги менен аталган кызмат кармаган. Ал ошондой эле Поклад буга чейин да ушундай мүнөздөгү операцияларга катышканын жана Зеленский аны жашыруун тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланып келгенин билдирген. Белгилей кетсек, 17-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Александр Покладды Украинанын Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып турууга дайындаган. Ага чейин аталган мекеменин төрагасынын орун басары эле.
https://sputnik.kg/20260722/zelenskiy-syrskiydi-kyzmattan-alganyn-zhar-saldy-1102533950.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/09/1098439824_342:0:3071:2047_1920x0_80_0_0_2988a93270e76b7ab35109e8b568b682.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, коопсуздук кызматы, владимир зеленский, кармоо, пайдалануучу
дүйнөдө, украина, коопсуздук кызматы, владимир зеленский, кармоо, пайдалануучу
"Зеленскийдин киллери". Коопсуздук кызматтын подполковниги жаңы жетекчи тууралуу
БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Украинанын Коопсуздук кызматынын жаңы жетекчиси Александр Поклад президент Владимир Зеленскийдин ишенимдүү адамы экени дайын жана купуя тапшырмаларды аткарууга катышып келген. Бул туурасында аталган кызматтын мурдагы подполковниги Василий Прозоров
РИА Новостиге берген маегинде айтып берген.
Июнь айынын соңунда Монакодогу жардыруудан украиналык ишкер Вадим Ермолаев, анын аялы жана 13 жаштагы уулу жабыркаган. Ермолаев бул кол салууга Украинанын аскердик чалгын кызматынын тиешеси бар экенин билдирген.
Кийинчерээк Киевдин четинде бул иш боюнча шектелген Анастасия Березовскаянын сөөгү табылган. Андан соң аялды өлтүрүүгө шектүү катары Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын кызматкери Владислав Реут жана мурдагы укук коргоо кызматкери Виталий Жикович кармалган.
Прозоровдун айтымында, аларды Александр Покладдын жетекчилиги менен аталган кызмат кармаган. Ал ошондой эле Поклад буга чейин да ушундай мүнөздөгү операцияларга катышканын жана Зеленский аны жашыруун тапшырмаларды аткаруу үчүн пайдаланып келгенин билдирген.
Белгилей кетсек, 17-июлда Украинанын президенти Владимир Зеленский Александр Покладды Украинанын Коопсуздук кызматынын төрагасынын милдетин убактылуу аткарып турууга дайындаган. Ага чейин аталган мекеменин төрагасынын орун басары эле.