https://sputnik.kg/20260728/ozbekstan-eaeb-rynoguna-chygaby-1102662693.html
Өзбекстан ЕАЭБ рыногуна Кыргызстан аркылуу чыгууну сунуштады
Өзбекстан ЕАЭБ рыногуна Кыргызстан аркылуу чыгууну сунуштады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен дары-дармек өндүрүшүн түзүп, анын продукциясын Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык... 28.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-28T17:58+0600
2026-07-28T17:58+0600
2026-07-28T17:59+0600
кыргызстан
еаэб
өзбекстан
дары-дармек
өндүрүш
алака
соода
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102662472_0:241:2560:1681_1920x0_80_0_0_321036865b20e8b479ef10de15340656.jpg
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен дары-дармек өндүрүшүн түзүп, анын продукциясын Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди. Ал белгилегендей, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, бирок Кыргызстан менен кызматташуу эки өлкөгө тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. "Биз Кыргызстанда фармацевтикалык өндүрүштөрдү түзүп, андан соң продукцияны ЕАЭБ рыногуна Кыргызстан аркылуу чыгара алабыз. Ошондой эле Өзбекстан аркылуу Түштүк Азия рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк бар", — деди Кудратов. Министр белгилегендей, Кыргызстан жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык көлөмдө дары-дармек импорттойт. Ошол эле учурда Түштүк Азиянын фармацевтикалык рыногу 65 миллиард долларды, ал эми ЕАЭБ рыногу 30 миллиард долларды түзөт. Кудратов кызматташуунун дагы бир келечектүү багыты катары электротехника тармагын атады. Ал ошондой эле акыркы үч жылда Өзбекстан электротехникалык продукциясын 162 өлкөгө экспорттой баштаганын маалымдады. Мындан тышкары, министр айыл чарба, текстиль жана мал чарбачылыгы тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады. Анын айтымында, ноябрь айында Ысык-Көл облусунда картошканы ири көлөмдө, заманбап технологияларды колдонуу менен өстүрүү башталса, октябрда Чүй облусунда көчөт өстүрүү үчүн "Достук багы" долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Ошондой эле Өзбекстан жүн менен терини кайра иштетүү жана текстиль өндүрүшүн биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
https://sputnik.kg/20260728/kyrgyz-ozbek-sooda-logistikalyk-borbor-kuruldu-1102658390.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1c/1102662472_0:0:2560:1920_1920x0_80_0_0_6217a6686dd756cd70b563208c731978.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, еаэб, өзбекстан, дары-дармек, өндүрүш, алака, соода
кыргызстан, еаэб, өзбекстан, дары-дармек, өндүрүш, алака, соода
БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Өзбекстан Кыргызстан менен биргелешкен дары-дармек өндүрүшүн түзүп, анын продукциясын Кыргызстан аркылуу Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) рыногуна чыгарууну сунуштады. Бул тууралуу Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда билдирди.
Ал белгилегендей, Өзбекстан ЕАЭБге мүчө эмес, бирок Кыргызстан менен кызматташуу эки өлкөгө тең жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
"Биз Кыргызстанда фармацевтикалык өндүрүштөрдү түзүп, андан соң продукцияны ЕАЭБ рыногуна Кыргызстан аркылуу чыгара алабыз. Ошондой эле Өзбекстан аркылуу Түштүк Азия рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк бар", — деди Кудратов.
Министр белгилегендей, Кыргызстан жыл сайын 2 миллиард доллардан ашык көлөмдө дары-дармек импорттойт. Ошол эле учурда Түштүк Азиянын фармацевтикалык рыногу 65 миллиард долларды, ал эми ЕАЭБ рыногу 30 миллиард долларды түзөт.
Кудратов кызматташуунун дагы бир келечектүү багыты катары электротехника тармагын атады.
"Кыргызстан менен Өзбекстан жез, алюминий жана башка чийки заттардын ири запастарына ээ болгондуктан кабель продукциясын, трансформаторлорду, электр кыймылдаткычтарын жана башка электр жабдууларын биргелешип өндүрүүгө мүмкүнчүлүк бар", — деди аткаминер.
Ал ошондой эле акыркы үч жылда Өзбекстан электротехникалык продукциясын 162 өлкөгө экспорттой баштаганын маалымдады.
Мындан тышкары, министр айыл чарба, текстиль жана мал чарбачылыгы тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сунуштады. Анын айтымында, ноябрь айында Ысык-Көл облусунда картошканы ири көлөмдө, заманбап технологияларды колдонуу менен өстүрүү башталса, октябрда Чүй облусунда көчөт өстүрүү үчүн "Достук багы" долбоорун ишке ашыруу пландалууда. Ошондой эле Өзбекстан жүн менен терини кайра иштетүү жана текстиль өндүрүшүн биргелешип өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.