https://sputnik.kg/20260727/ukrainada-tynchtyk-kanday-shartta-ornoyt-1102629811.html
Финляндиялык профессор Украинада тынчтык кандай шартта орной турганын айтты
Финляндиялык профессор Украинада тынчтык кандай шартта орной турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Хельсинки университетинин профессору Туомас Малинен X социалдык тармагында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын портторуна жана... 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T11:00+0600
2026-07-27T11:00+0600
2026-07-27T11:12+0600
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
куралдуу күчтөр
жеңиш
чабуул
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095640623_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_262c52d9e88b76b97c7351883e4b0032.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Хельсинки университетинин профессору Туомас Малинен X социалдык тармагында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын портторуна жана өлкөдөгү башка объектилерге күчөгөн соккулары жаңжалды тезирээк аяктоого жакындатышы мүмкүн деген пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Профессордун пикиринде, Украина өзүнүн эле союздаштары жүргүзгөн агрессивдүү саясаттын курмандыгы болуп калды. "Батыштагы оорулуу саясий элитанын жана анын Россияга каршы акылсыз максаттарынын айынан Украина оюн талаасына айланып калганына бардык украиналыктар үчүн чын дилимден өкүнөм", — деген Малинен. Өткөн жумада Россиянын аскерлери Украинанын портторуна, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарындагы объектилерге массалык сокку урган. Украинанын агрардык саясат министри Тарас Высоцкий өлкөнүн портторуна кемелер кирбей калганын билдирген. Анын айтымында, бул — Киев бийлигинин көрсөтмөсү эмес, транспорт каражаттарынын ээлеринин өз алдынча кабыл алган чечими. РФ Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошниктин айтымында, Украина деңиз жолун курал-жарак жеткирүүнүн күнү-түнү иштеген каналы катары колдонуп келет. Ал белгилегендей, акыркы үч жыл ичинде Одесса порттору аркылуу аскердик жүктөрдү ташыган болжол менен сегиз миң кеме өткөн. Анын айтымында, бул — аталган объектилерге сокку уруунун себептеринин бири. Россиянын Коргоо министрлиги бир нече жолу армия душмандын аскердик-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн инфраструктуралык объектилерге сокку уруп жатканын билдирген. Ошондой эле алар пилотсуз учуучу аппараттарды жана Киевде да, Украинанын башка аймактарында да буталарды жок кыла ала турган алыс аралыкка багытталган жогорку тактыктагы куралдарды колдонуп жатканын белгилешкен.
https://sputnik.kg/20260727/iran-ukrainanyn-sokkusuna-zhoop-bererin-bildirdi-1102627328.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/08/01/1095640623_217:0:2948:2048_1920x0_80_0_0_fd81ca4898c2aa49cbe35355b9554c4c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, куралдуу күчтөр, жеңиш, чабуул
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, куралдуу күчтөр, жеңиш, чабуул
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Хельсинки университетинин профессору Туомас Малинен X социалдык тармагында Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинанын портторуна жана өлкөдөгү башка объектилерге күчөгөн соккулары жаңжалды тезирээк аяктоого жакындатышы мүмкүн деген пикирин билдирди. Бул тууралуу
РИА Новости жазды.
"Демек, Путин Одесса портун жабууну чечти. Жакшы. Эми Россияга Батыш аркылуу өтүүчү коридорду гана жабуу калды. Андан кийин Украина багынып берет, өтө коррупциялашкан украин жетекчилиги кызматтан кетет. Ошондо тынчтык орнойт", — деп жазган ал.
Профессордун пикиринде, Украина өзүнүн эле союздаштары жүргүзгөн агрессивдүү саясаттын курмандыгы болуп калды.
"Батыштагы оорулуу саясий элитанын жана анын Россияга каршы акылсыз максаттарынын айынан Украина оюн талаасына айланып калганына бардык украиналыктар үчүн чын дилимден өкүнөм", — деген Малинен.
Өткөн жумада Россиянын аскерлери Украинанын портторуна, ошондой эле өлкөнүн башка аймактарындагы объектилерге массалык сокку урган.
Украинанын агрардык саясат министри Тарас Высоцкий өлкөнүн портторуна кемелер кирбей калганын билдирген. Анын айтымында, бул — Киев бийлигинин көрсөтмөсү эмес, транспорт каражаттарынын ээлеринин өз алдынча кабыл алган чечими.
РФ Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Родион Мирошниктин айтымында, Украина деңиз жолун курал-жарак жеткирүүнүн күнү-түнү иштеген каналы катары колдонуп келет. Ал белгилегендей, акыркы үч жыл ичинде Одесса порттору аркылуу аскердик жүктөрдү ташыган болжол менен сегиз миң кеме өткөн. Анын айтымында, бул — аталган объектилерге сокку уруунун себептеринин бири.
Россиянын Коргоо министрлиги бир нече жолу армия душмандын аскердик-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн азайтуу үчүн инфраструктуралык объектилерге сокку уруп жатканын билдирген. Ошондой эле алар пилотсуз учуучу аппараттарды жана Киевде да, Украинанын башка аймактарында да буталарды жок кыла ала турган алыс аралыкка багытталган жогорку тактыктагы куралдарды колдонуп жатканын белгилешкен.