https://sputnik.kg/20260727/donetskide-donbasstagy-sogush-omurun-algan-baldar-eskerildi-1102635919.html
Донецкиде Донбасстагы согуш өмүрүн алган балдарды эскеришти
Донецкиде Донбасстагы согуш өмүрүн алган балдарды эскеришти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Донецкинин борборунда Донбасстагы согуштун курмандыктарын эскерген ири иш-чара өттү. Бул туурасында РИА Новости жазды. 27.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-27T13:53+0600
2026-07-27T13:53+0600
2026-07-27T13:53+0600
дүйнөдө
россия
украина
донбасс
донецк
бала
өлүм
эскерүү
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102635279_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_a4721243b3df6658f6bf0bd9918f001a.jpg
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Донецкинин борборунда Донбасстагы согуштун курмандыктарын эскерген ири иш-чара өттү. Бул туурасында РИА Новости жазды. Иш-чара Украина армиясынын чабуулунан талкаланган "Юность" жаштар сарайынын аймагында өттү. "Молодая Гвардия Единой России" кыймылынын ДЭРдеги активисттери курман болгондорго арналган бир нече экспозицияны даярдашты. Уюштуруучулар жыйын залынын көрүүчүлөр отурчу орундуктарына 330 балаты оюнчугун тизип чыгышкан. Иш-чаранын соңунда активисттер менен келген кишилер жыйын залынын сахнасында түзүлгөн убактылуу мемориалга гүл коюшту. Сахнанын жогору жагында "Донбасс периштелери. Эсибизде…" деген жазуусу бар баннер илинип, жанында снаряддан талкаланган парта турду. Ал иш-чара өткөрүлүүчү жай кокусунан тандалбаганын, ал эми жыйын залындагы ар бир оюнчуктун ордунда тирүү бала болушу мүмкүн экенин кошумчалады. "Бул — биз үчүн ушунчалык чоң күйүт жана эскерүү. Азыр айрымдар мунун бардыгын четке кагып, мындай нерсе болгон эмес деп айтууга канчалык аракет кылышпасын, бул фактыларды (балдардын өлүмүн — ред. ) эч качан унутпайбыз", — деди ал. ДЭРде жыл сайын 27-июлда 2014-жылдан бери Украина куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан каза тапкан балдарды эскерип келишет. Мындай иш-чаралар республиканын өзүндө гана эмес, Россиянын башка аймактарында да уюштурулат.
https://sputnik.kg/20260601/donbasstagy-zhanzhalda-beykunoo-ketken-baldar--1101641183.html
украина
донбасс
донецк
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/07/1b/1102635279_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_60f214f00fc7ec7fbeef185732f23371.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, донбасс, донецк, бала, өлүм, эскерүү
дүйнөдө, россия, украина, донбасс, донецк, бала, өлүм, эскерүү
БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Донецкинин борборунда Донбасстагы согуштун курмандыктарын эскерген ири иш-чара өттү. Бул туурасында
РИА Новости жазды.
Иш-чара Украина армиясынын чабуулунан талкаланган "Юность" жаштар сарайынын аймагында өттү.
"Молодая Гвардия Единой России" кыймылынын ДЭРдеги активисттери курман болгондорго арналган бир нече экспозицияны даярдашты.
Уюштуруучулар жыйын залынын көрүүчүлөр отурчу орундуктарына 330 балаты оюнчугун тизип чыгышкан. Иш-чаранын соңунда активисттер менен келген кишилер жыйын залынын сахнасында түзүлгөн убактылуу мемориалга гүл коюшту. Сахнанын жогору жагында "Донбасс периштелери. Эсибизде…" деген жазуусу бар баннер илинип, жанында снаряддан талкаланган парта турду.
"Бул — биз үчүн Донбасста түздөн-түз эскериле турган аза күтүү жана эскерүү күнү. Себеби булар — эч кандай күнөөсү жок туруп Донбасста каза болгон балдар. Кандай болгон күндө да бүгүн жаштар Донбасста курман болгон бардык балдарды эскеришет", — деп билдирди РИА Новости агенттигине ДЭРдин жаштар саясаты боюнча министри Денис Шимановский.
Ал иш-чара өткөрүлүүчү жай кокусунан тандалбаганын, ал эми жыйын залындагы ар бир оюнчуктун ордунда тирүү бала болушу мүмкүн экенин кошумчалады.
"Бул — биз үчүн ушунчалык чоң күйүт жана эскерүү. Азыр айрымдар мунун бардыгын четке кагып, мындай нерсе болгон эмес деп айтууга канчалык аракет кылышпасын, бул фактыларды (балдардын өлүмүн — ред. ) эч качан унутпайбыз", — деди ал.
ДЭРде жыл сайын 27-июлда 2014-жылдан бери Украина куралдуу күчтөрүнүн чабуулунан каза тапкан балдарды эскерип келишет. Мындай иш-чаралар республиканын өзүндө гана эмес, Россиянын башка аймактарында да уюштурулат.