https://sputnik.kg/20260724/kyrgyzstanda-mongulor-16-payyzga-azaydy-1102593989.html
Акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эрип кетти
Акыркы 70 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эрип кетти
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эриди. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын директору... 24.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-24T15:30+0600
2026-07-24T15:30+0600
2026-07-24T15:30+0600
кыргызстан
өкм
кыргызгидромет
мөңгү
экология
суу тартыштыгы
божомол
https://sputnik.kg/img/103226/79/1032267936_0:1:1839:1035_1920x0_80_0_0_c43a5d4d4512f997e88d30b4e1ba83d5.jpg
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эриди. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 9 959 мөңгү бар. Эң оор абал Талас өрөөнүндө байкалууда. Бул аймакта мөңгүлөрдүн аянты 22 пайызга азайган. Ошондой эле Ички Теңир-Тоодо да мөңгүлөрдөн тез кол жууп жатабыз. Адистер муну абанын температурасынын жогорулашы жана кардын аз жаашы менен байланыштырып келишет. Окумуштуулардын болжолунда, 2050-жылга чейин чакан мөңгүлөрдүн саны кескин кыскарат. Ал эми азыркы жылуулануу темпи сакталса, 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30 пайызга чейин азайышы мүмкүн. "Бул суунун тартыштыгына, айыл чарбасына жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып, ошондой эле бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү учурларынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн", — деди Сакыев.
https://sputnik.kg/20260724/bishkekte-en-zhogorku-ysyk-kattaldy-1102590088.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103226/79/1032267936_230:0:1610:1035_1920x0_80_0_0_dc025b5b2251feb300f74b343a0bbbe6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өкм, кыргызгидромет, мөңгү, экология, суу тартыштыгы, божомол
кыргызстан, өкм, кыргызгидромет, мөңгү, экология, суу тартыштыгы, божомол
БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Акыркы 70 жыл ичинде Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн 16 пайызы эриди. Бул тууралуу ӨКМге караштуу Гидрометеорология кызматынын директору Даурбек Сакыев Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпысынан 9 959 мөңгү бар. Эң оор абал Талас өрөөнүндө байкалууда. Бул аймакта мөңгүлөрдүн аянты 22 пайызга азайган.
Ошондой эле Ички Теңир-Тоодо да мөңгүлөрдөн тез кол жууп жатабыз. Адистер муну абанын температурасынын жогорулашы жана кардын аз жаашы менен байланыштырып келишет.
Окумуштуулардын болжолунда, 2050-жылга чейин чакан мөңгүлөрдүн саны кескин кыскарат. Ал эми азыркы жылуулануу темпи сакталса, 2100-жылга карата мөңгүлөрдүн жалпы аянты 30 пайызга чейин азайышы мүмкүн.
"Бул суунун тартыштыгына, айыл чарбасына жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч жаратып, ошондой эле бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү учурларынын көбөйүшүнө алып келиши мүмкүн", — деди Сакыев.