https://sputnik.kg/20260723/topol-raketa-kompleks-tarykh-1102577386.html
НАТОну ооздуктаган “Тополь”: Ракеталык комплекстин тарыхы
НАТОну ооздуктаган “Тополь”: Ракеталык комплекстин тарыхы
Sputnik Кыргызстан
1985-жылдын 23-июлунда Советтер Союзунун аскердик тарыхында маанилүү окуя болгон. “Тополь” деп аталган мобилдик ракеталык комплекс биринчи жолу күжүрмөн... 23.07.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-07-23T20:44+0600
2026-07-23T20:44+0600
2026-07-24T16:57+0600
дүйнөдө
"тополь" ракеталык комплекси
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/11/1098660679_0:0:3076:1730_1920x0_80_0_0_a7708689be3d44bc90e9c8affac1da29.jpg
Бул курал Батыш өлкөлөрү (НАТО) үчүн күтүүсүз сокку уруу пландарын жокко чыгарган негизги тоскоолдукка айланган.1970–1980-жылдары СССР менен АКШнын ортосунда куралдануу жарышы катуу жүргөн. Ал кезде Советтер Союзунда 16 миң чакырымга чейин уча алган, америкалыктардын үрөйүн учурган атактуу “Сатана” (Р-36М) ракетасы бар эле.Бирок “Сатананын” бир чоң кемчилиги бар болчу: ал жер астындагы атайын шахталарда турчу. Касташкан тарап ал шахталардын кайсы жерде экенин так билгендиктен, биринчи болуп сокку уруп, ракеталарды атып жетиштирбей жок кылып кошуу коркунучу бар эле.Дал ушул себептен СССРге белгилүү бир жерде турбаган, каалаган жакка тез жылып кете алган мобилдик ракеталар керек болгон.Дөңгөлөктүү ракета: “Тополдун” жолуРакетаны иштеп чыгуу 1975-жылы башталып, кийинчерээк Плесецк полигонунда ийгиликтүү сыноодон өткөн.1985-жылы күжүрмөн даярдыкка туруп, 1988-жылы расмий түрдө куралданууга кабыл алынган.1987-жылдан тартып “Тополдор” мобилдик командалык пунктулар жана кийинчерээк автоматташтырылган системалар менен камсыздалган.1997-жылы мындай ракеталардын саны эң жогорку чегине жетип, алардын 386сы даярдыкта турган.Союз ыдырагандан кийинки тагдырыСССР тарагандан кийин 81 даана “Тополь”Беларустун аймагында калып калган. Бирок 1996-жылга чейин Беларусь бул ракеталардын баарын Россияга өткөрүп берген.Убакыт өтүп, 1990–2000-жылдары аскердик техника жаңыланды. Натыйжада “Тополдун” ордун андан да заманбап, кубаттуу “Тополь-М”жана “Ярс” ракеталык комплекстери ээледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0c/11/1098660679_173:0:2902:2047_1920x0_80_0_0_b92baa17c7c06dd401ab41b08ef7a8bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, "тополь" ракеталык комплекси
дүйнөдө, "тополь" ракеталык комплекси
НАТОну ооздуктаган “Тополь”: Ракеталык комплекстин тарыхы
20:44 23.07.2026 (Жаңыртылды: 16:57 24.07.2026) 1985-жылдын 23-июлунда Советтер Союзунун аскердик тарыхында маанилүү окуя болгон. “Тополь” деп аталган мобилдик ракеталык комплекс биринчи жолу күжүрмөн нөөмөткө чыккан.
Бул курал Батыш өлкөлөрү (НАТО) үчүн күтүүсүз сокку уруу пландарын жокко чыгарган негизги тоскоолдукка айланган.
1970–1980-жылдары СССР менен АКШнын ортосунда куралдануу жарышы катуу жүргөн. Ал кезде Советтер Союзунда 16 миң чакырымга чейин уча алган, америкалыктардын үрөйүн учурган атактуу “Сатана” (Р-36М) ракетасы бар эле.
Бирок “Сатананын” бир чоң кемчилиги бар болчу: ал жер астындагы атайын шахталарда турчу. Касташкан тарап ал шахталардын кайсы жерде экенин так билгендиктен, биринчи болуп сокку уруп, ракеталарды атып жетиштирбей жок кылып кошуу коркунучу бар эле.
Дал ушул себептен СССРге белгилүү бир жерде турбаган, каалаган жакка тез жылып кете алган мобилдик ракеталар керек болгон.
Дөңгөлөктүү ракета: “Тополдун” жолу
Ракетаны иштеп чыгуу 1975-жылы башталып, кийинчерээк Плесецк полигонунда ийгиликтүү сыноодон өткөн.
1985-жылы күжүрмөн даярдыкка туруп, 1988-жылы расмий түрдө куралданууга кабыл алынган.
1987-жылдан тартып “Тополдор” мобилдик командалык пунктулар жана кийинчерээк автоматташтырылган системалар менен камсыздалган.
1997-жылы мындай ракеталардын саны эң жогорку чегине жетип, алардын 386сы даярдыкта турган.
Союз ыдырагандан кийинки тагдыры
СССР тарагандан кийин 81 даана “Тополь”Беларустун аймагында калып калган. Бирок 1996-жылга чейин Беларусь бул ракеталардын баарын Россияга өткөрүп берген.
Убакыт өтүп, 1990–2000-жылдары аскердик техника жаңыланды. Натыйжада “Тополдун” ордун андан да заманбап, кубаттуу “Тополь-М”жана “Ярс” ракеталык комплекстери ээледи.